Катманду

Отурукташкан жай
катманду
Желек
Желек
Өлкө Непал
Координаттар 27°43′ с. ш. 85°22′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 50,67 км²
Борборунун бийиктиги 1355 м
Убакыт аралыгы UTC+5:45
Калкы
Калкы 1 006 656 адам (2011)
Жыштыгы 19867 адам/км²
Агломерация 1 740 977
Этнохороним катмандулук, катмандулуктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты kathmandu.gov.np шилтеме  (англ.)

Катманду (неп. काठमाडौं, Kāthmāndau) – Непал Королдугунун борбору (1769-жылдан), шаар. Катманду анчолунун (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Гималайдын тоо аралык өрөөнүндө, Жомолунгма (Эверест, 8848 м) чокусуна жакын жайгашкан. Калкы 911,1 миң (2009; агломерациясында 1,6 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар.

Катмандуну 723-жылы Непал монархы Гунакамадев негиздеп, Лалитпурдан борборду көчүрүп келген. Алгач Кантипур деп аталган. Шаардын негизги бөлүгүндө 17–18-кылымдын мүнөздөрү сакталган. Борбордук бөлүгүндө классицизм стилиндеги Нараянхити-Дарбар король ак сарайы (20-кылымдын башы), Катх-Мандир жыгач пагодасы (1596), Бхимсен мунарасы (1825) жана башка ак сарайлар жана «Хануман Дхока» (15–18-кылым), Пашупатинатх (13-кылым) храмдар комплекси, неоклассика стилиндеги ак сарайлар (20-кылымдын башы) жана башка бар. Катманду өрөөнүнүн архитектуралык эстеликтери (800дөн ашык) Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Шаарда көптөгөн кустардык көркөм өнөрканалар (зер жана жасалга-колдонмо өнөр буюмдары, карапа; килем токуу), жеңил [булгаары–бут-кийим, текстиль (кебез кездеме), жут жана кийим тигүү], тамак-аш (кант), фармацевтика (дары чөптөрдүн негизинде), курулуш материалдар (цемент, кыш, черепица) өнөр жай ишканалары иштейт. Катманду – өлкөнүн ири маданий жана илимий борбору. Король академиясы, университеттер, колледждер, китепканалар (анын ичинде ири «Бир лайбрери», 14-кылым; байыркы миниатюралуу кол жазмалар топтому, китеп сакталуучу жайында непал, невари, санскрит жана башка тилдердеги 15 миңден ашык кол жазмалар сакталып турат (пальма жалбырагына жазылган эң байыркы кол жазмага 1600 жыл), музейлер (анын ичинде улуттук, нумизматика), театр бар. Буддисттердин диний борбору. Катмандуда орто кылымдын курулуштары сакталып, кыш менен жыгачтан салынган 2–3 кабаттуу үйлөр менен кууш көчөлөр басымдуу. Шаардын Борбордук бөлүгүндө Тундикхел аянты, андан алыс эмес Непал королдорунун НараянхитиДарбар ак сарайы жайгашкан. Шаар жер титирөөдөн (өтө катуу 1833, 1934) жабыркаган. Катманду – туризмдин дүйнөлүк борборлорунун бири. Театр фестивалдары, Түштүк Азия оюндары (1984, 1999) өткөрүлүп турат. Катмандунун чет жакасынан мрамор казылып алынат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]