Мазмунга өтүү

Маскат

Отурукташкан жай
Маскат
Желек
Желек
Өлкө Оман
Координаттар 23°36′36″ с. ш. 58°32′24″ в. д.HGЯO
Султан Кабус бен Саид
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 3500 км²
Убакыт аралыгы UTC+4
Калкы
Калкы 734 700 адам (2010)
Жыштыгы 184,57 адам/км²
Этнохороним маскаттык, маскаттыктар
Сандык идентификаторлор
Расмий сайты http://www.omanet.om/

МаскатОман султандыгынын борбору. Арап жарым аралынын чыгышында, Оман булуңунун жээгинде жайгашкан порт шаар (сыртка курма, жемиш, кургатылган балык чыгарат). Калкы 620 миң (2006; агломерациясында 1,2 млн). Эл аралык аэропорту бар. Кербен жол тоому. Түштүк-Батыш Азиянын соода борбору. Биздин заманга чейинки 4–3-кылымда эле калк отурукташа баштаган. 9-кылымдын аягынан 12-кылымдын ортосуна чейин араб Аббасиддер династиясы башкарып келген. 16-кылымдын башына чейин имам бийлиги бекем орногон. 1970-жылы Улуу Британиянын таасиринен Оманда мамлекеттик төңкөрүш болгон. Мунун негизинде Оман менен Максаттын аймагы бириктирилип, Маскат борбор болуп жарыяланган. Маскат батышынан жана түштүгүнөн дубалдар менен курчалган. Чыгышы менен түндүгүн Оман булуңу чулгап, аскалар менен тосулган. Бухтанын эки тарабында тең форттор жайгашкан. Шаардын эски бөлүгүндө 2–3 кабаттуу үйлөр, соодагерлердин турак-жайлары (18–19-кылым), заманбап курулуштарынан королдор госпиталы (1987), элчиликтер, аль-Алам ак сарайы (1970), банктар, отелдер бар. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. Маскат – мамлекеттик башкаруунун, ишкерликтин (Руви), транспорт-логистиканын (Матрах) борбору. Маскаттын агломерациясында алдыңкы улуттук компаниялардын штаб-квартиралары (“Petroleum Development Oman” нефть-газ, “Omantel” телекоммуникация), банктар жайгашкан. Маскатта 1994-жылы Израилдин соода өкүлчүлүгү ачылган. Маскат деңиз жана балык илимий из. ири жана Омандын нефть-газ көргөзмөсүнүн борбору. Университеттер, институттар, эл аралык колледж, калк китепканасы, архивдер, музейлер, галереялар ж. б. Кустардык промысели (металлдан, жыгачтан буюмдар), кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын менен күмүштөн зер буюмдарды жасоо) өнүккөн.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]