Тайбэй

Википедия дан
Тайбэй.

Тайбэй – Кытайдагы шаар, Тайвань аралында. Тайвань провинциясынын административдик борбору. Тайвань кысыгындагы (Чыгыш Кытай деңизинин түштүгүндө) деңиз аванпорту. Калкы 2,7 млн (2010; агломерациясы менен 8,5 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорттору (Таоюань жана Суншань) бар. Аралдын экономикалык (анын ичинде соода-финансы), илимий жана маданий борбору. Металлургия, машина куруу, цемент, химиялык, жыгаччылык, электр приборлор (калькулятор, телевизор ж. б.), тамак-аш, текстиль жана тигүүчү өнөр жай ишканалары иштейт. Тайбэй финансы корпорациясына тийиштүү болгон 101 кабаттуу «Тайбэй 101» небоскрёбу, Чан Кайши мемориалы, театр, Император ак сарайы жана көркөм искусство музейи, зоопарк, будда жана даос храмдары, университет ж. б. бар. 1956-жылдан Тайбэй – Тайвань аралынын негизги шаары.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]