Вьентьян

Отурукташкан жай
Вьентьян
Өлкө Лаос
Координаттар 17°58′ с. ш. 102°36′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1560
Аянты 3920 км²
Убакыт аралыгы UTC+7
Калкы
Калкы 1 003 742 адам (2015)
Этнохороним вьентьяндык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +856

Вьентьян (лаос. ວຽງຈັນ/ວຽງຈັນທນ໌Виангтян) — Лаостун борбор шаары жана өлкөдөгү эң чоң шаар. Меконг дарыясындагы порт. Өзүнчө административдик бирдик. Калкы 797 130 миң (2012); калкынын саны боюнча Индикытайдагы эң ири өлкө.

Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн ири финансы жана соода-өнөр-жай борбору. Кустардык өнөр-жайы басымдуу; күрүч актоочу, жибек токуу, кебез-кездеме, булгаары, мебель өнөр-жай өндүрүшү иштейт. Көркөм кол өнөрчүлүк өнүккөн. Университет (1958), элдик улуттук музыка жана бий мектеби (1992), улуттук китепканасы (1957), музейлер бар. 13-кылымда негизделген. 16-18-кылымдын башында Лансанг Лаос мамлекетинин (үзгүлтүк менен), 1899-жылдан Франция Лаосунун, 194675-ж. Лаос королдугунун, 1975-жылдын декабрынан Лаостун борбору.

Тхат Луанг.

Архитехтура эстеликтерине: Фра-Кео (1565), ват Сисакет (1820) храмдары, Тхат Луанг ыйык чиркөө комплекси (1586), королдор сарайы ж. б. кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]