Лаос

Википедия дан
Лаос.

Лаос Элдик Демократиялык Республикасы (Саталаналат Пасатипатай Пасасон Лао) – Түштүк-Чыгыш Азиядагы мамлекет. Индикытай жарым аралында жайгашкан (региондогу деңиз чулгабаган жалгыз өлкө); батышынан Тайланд (чек арасынын басымдуу бөлүгү Меконг дарыясы аркылуу өтөт), түндүгүнөн Кытай, Мьянма, чыгышынан Вьетнам, түштүгүнөн Камбожа менен чектешет. Аянты 236,8 миң км2. Калкы 6,1 млн (2010). Борбору – Вьентьян. Расмий тили – лаос тили. Акча бирдиги – кип. Административдик- аймак жактан 16 провинцияга жана борборго баш ийген Вьентьян шаарына бөлүнөт. Лаос – БУУнун (1955), Бейтарап кыймылынын (1955), ЭВФтин (1961), Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (1961), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1997) мүчөсү, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун байкоочусу статусуна ээ.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лаос – унитардык мамлекет. Конституциясы 1991-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – аралаш республика. Мамлекет башчысы – президент (5 жылга шайланат). Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Улуттук чогулуш). Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген өкмөт ишке ашырат. Башкаруучу партия – Лаос элдик революциялык партиясы – өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лаос – тоолуу өлкө. Түндүгүн орто бийиктиктеги кырка тоолор (бийиктиги 2257 м, Лой чокусу) жана плато ээлейт. Кырка тоолордун көбү субмеридиан багытында жайгашып, капталдары терең капчыгайлар менен тилмеленген. Меконг дарыясынын имерилишинде Сиангкхуанг платосу (2819 м, Биа чокусу, Л-тун эң бийик жери) жайгашкан. Вьетнам менен чектеш жерин Чыонгшон тоолорунун (Аннам тоолору) түштүк-батыш капталы ээлейт (бийиктиги 2711 м). Акиташ тектүү жерлеринде рельефтин карсттык формалары кездешет. Түштүгүндө Болавен жанартоо платосу (1568 м) орун алган. Лаостун аймагынын 20%ке жакынын (батыш чек арасын бойлой жайгашкан) Меконг дарыясынын жана анын куймаларынын аллювий түздүктөрү ээлейт. Негизги кен байлыктары: жез, алтын, күмүш, таш көмүр, лигнит, калай, коргошун-цинк, барит, боксит, темир, ошондой эле асыл таштар (сапфир, рубин), курулуш материалдары жана башка. Климаты субэкватордук муссондук; январдын орточо температурасы түндүгүндө 15ᵒСтан (тоолордо үшүк жүрүп турат) түштүгүндө 23ᵒСка чейин. Жайы ысык, июлдуку 28–30ᵒС. Жылдык жаан-чачыны түздүктөрдө 1300–1700 мм, тоолордо 3700 ммге чейин. Майдан ноябрга чейин – жаанчыл ысык сезон, ноябрдан мартка чейин кургак жылуу, март– апрель кургак жана ысык болуп, күндүзгү максимум температура 40ᵒСтан ашат. Лаостун дарыялары Түштүк Кытай деңизинин алабына кирет. Эң ири дарыясы – Меконг. Өлкөнүн батыш чек арасы аркылуу агып өтөт. Анын нугундагы шаркыратмалар жана босоголор кеме каттоону кыйындатып, Камбожа менен чек арасындагы шаркыратмалар кемелердин деңизге чыгуусуна тоскоолдук кылат. Лаостун аймагындагы Меконгдун ири куймалары: У, Нгым, Кадинг, Бангхианг. Түндүк тарабынан Ма дарыясы агып өтөт. Ар бир адамдын суу менен жылдык камсыз болуусу (54 миң м3 чамасында) боюнча Азияда алдынкы орунда. Тоонун кызыл-сары ферраллит топурагы басымдуу, Меконгдун түздүктөрүн көп жылдар бою шалы эгилгендиктен, өтө өзгөрүүгө дуушарланган латериттик глей жана шалбаанын иллювий топурактары ээлейт. Аймагынын 2/3 бөлүгүнөн ашыгы муссон токою (тик, бамбук, сандал, кызгылт, кара, дарак жана башка) менен капталган. 1000 мден жогору магнолия, лавр аралашкан дайыма жашыл жазы жалбырактуу токой, тоолордун кыр бөлүгүндө эмен, кызыл карагай өскөн аралаш токой таралган. Плато жана өрөөндөрүнө экинчи жолку саванна мүнөздүү. Жаныбарлар дүйнөсүнө бай: пил, жолборс, кабылан, пантера, ак төш аюу, доңуз, маймылдар (гиббон, макака, кындыгый), жыландар (кобра, питон), кескелдирик, крокодил жана башка. 4,4 млн га жер коргоого алынган; биологиялык ар түрдүүлүктү (негизинен токой резерваттары) сактоо максатында 22 улуттук аймак уюшулган.

Калкы. Негизги калкы – лаостуктар. Көпчүлүгүн (62,3%ин) тай элдери түзөт: лао – 46,5%, тоолук тайлар – 12,8%, тайлар –2,2%, шандар – 0,8%. Монкхмер элдери – 26,4%, вьеттер – 3,1%, кхмерлер – 0,1%. Лаостун түндүгүндө мяо-яо, тибет-бирма элдери, кытайлар жашайт. Мамлекеттик дини – буддизм. Лаостун калкынын саны тез өсүүдө (1985-ж. 3584 миң болсо, 2005-ж. 5609 миңге жеткен). Калктын табигый өсүү темпи 2,3%тен ашат (2009); төрөлүү 1000 адамга 34,0 бала туура келет, өлүм-житим 10,8 адам. Калкынын жашынын узактыгы: эркектердики 54,5 жаш, аялдардыкы 58,8. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 25,8 адам туура келет (2010). Күрдүү топурактуу дарыя өрөөндөрүндө 1 км2 жерге 100 адамга чейин жетет, тоолуу аймактарда сейрек отурукташкан. Шаар калкы 33% (2011). Ири шаарлары: Вьентьян, Паксе, Саваннакхет, Луангпхабанг. Лаостун экономикасында 2,1 млнго жакын адам иштейт, алардын 80%и айыл чарбасында, 20%и өнөр жайда, курулушта жана тейлөө чөйрөсүндө эмгектенет.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лаос аймагын адам палеолит доорунда эле мекендеген. 3–12-кылымда Лаостун Түштүк жана Борбордук аймактарында Фунань, Ченла жана Камбужадеша кхмерлер мамлекетинин таасири күчөгөн. 1-миң жылдыктын ортосунда Түштүк Кытайдан (негизинен Наньчжао мамлекети) тай тилдүү элдер Лаоско көчүп келип, жергиликтүү элдер менен ассимиляцияланган. Алар алгач мыанги уруу бирикмесин түзүп, кийин феодалдык княздыктарга айланган. 1353-ж. бул княздыктар Лансанг феодалдык мамлекетине бириккен. Анын негиздөөчүсү, түндүк мыангдардын канзаадасы Суа Фангум (1353–71 же 1393) аскердик жана административдик реформаларды жүргүзүп, вице-король, аскер башчы, кеңеш кызматтарын киргизип, Лаос аймагын провинцияларга бөлгөн. 1563-ж. борбору Луангпхабангдан Вьентьян шаарына көчүрүлгөн. 16–17-кылымдын 2-жарымында Лансанг кубаттуу мамлекетке айланган. Бирок бийлик үчүн болгон ырксыздыктын кесепетинен 1707-ж. Луангпхабанг жана Вьентьян королдуктарына бөлүнүп кеткен. 1893-ж. Лаосту Франция каратып, өзүнүн колониясына айландырган. Лаос эли франциялык үстөмдүккө каршы улуттук-боштондук кыймылын (1918– 22; 1910–36) уюштурган. 2-дүйнөлүк согушта Лаосту Япония басып алган (1941). Япон баскынчыларына каршы элдик күрөштүн жүрүшүндө Лао Ит-сала («Эркин Лаос») кыймылы пайда болгон. 2-дүйнөлүк согушта Япония жеңилгенден кийин Лао Ит-сала («Эркин Лаос») кыймылы франциялык үстөмдүккө каршы көтөрүлүш чыгарып, 1945-ж. 12-октябрда Лаостун көз карандысыздыгын жарыялап, Л. Патхет Лао («Лао өлкөсү») деп аталган. Элдик ассамблея жана өкмөт түзүлүп, убактылуу конституциясы кабыл алынган.

1946-ж. Франция өзүнүн позицияларын кайра калыбына келтирүүгө умтулуп, Лаосту басып алат. Бирок патриоттук күчтөрдүн улуттук-боштондук күрөшүнүн күчөшүнөн улам Франция 1953-ж. 22-октябрда Лаосту көз каранды эмес мамлекет деп тааныган. 1954-ж. Женева кеңешмеси боюнча Лаостун көз каранды эместигин дүйнө эли таанып, Франция Лаостон аскерин алып кетүүгө аргасыз болгон. Лаос мамлекетинин өнүгүшүнө АКШ кедерги болуп, Лаосту Индикытайдагы стратегиялык согуш базасына айландырууга умтулган. АКШнын түрткүсү менен оңчул элементтер 1954-ж. жарандык согуш баштаган. Дүйнөлүк коомчулук колдогон улуттук-патриоттук күчтөрдүн ийгиликтеринин натыйжасында Лаостогу абал сүйлөшүүлөр аркылуу жөнгө салынган. 1964-жылдан АКШ Лаостун иштерине кийлигишүүнү күчөтүп, ошол жылдын май айында америкалык авиация Лаостун түштүк райондорун бомбалаган. Лаостун патриотчул күчтөрү көп узабай аларды сүрүп чыгып, контрчабуулга өткөн. 1973-ж. Лаос патриоттук фронту (ЛПФ) менен Вьентьян өкмөтү тынчтык келишимин түзгөн. Суванна Фума жетектеген улуттук биримдиктин коалициялык Убактылуу өкмөтү жана Суфанувонг башкарган Улуттук саясий консультациялык кеңеш түзүлгөн. 1975-ж. эски администрациянын ордуна элдик комитет түзүлгөн. 1975-ж. 1– 2-декабрда Лаос Элдик Демократиялык Республика (ЛЭДР) жарыяланып, Жогорку элдик чогулуш (1992- жылдан Улуттук чогулуш) жана ЛЭДР өкмөтү түзүлгөн. Суфанувонг президент, Кейсон Фомвихан ЛЭРП (Лаос элдик-революциячыл партиясы) БКнын генералдык секретары – премьер-министр болуп шайланган. 1980-жылдары Лаосто социализмди куруу курсу башталган. Чарбалык кыйынчылыктарга байланыштуу ЛЭДР жетекчилиги 1985-ж. «жаңы экономикалык механизмдин» түзүлгөндүгүн жарыялап, менчиктин ар кандай түрлөрүнө (мамлекеттик, кооперативдик, жекелик, аралашма) жол берген. 1990-жылдардын башында Лаос батыш өлкөлөрү жана эл аралык финансы уюмдар менен мамиле түзүүгө багыт алган. 1991-ж. Лаостун Конституциясы кабыл алынып, 1992-ж. Улуттук чогулушка шайлоолор өткөрүлгөн. Президенттери: Кейсон Фомвихан (1991–92), Нухак Пхумсаван (1992–98), Кхамтай Сипхандон (1998–2006), Тюммали Сайнясон (2006-жылдан).

Чарбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лаос дүйнөдөгү начар өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 14,6 млрд доллар, аны киши башына бөлүштүргөндө 2,1 миң доллардан туура келет. Мамлекеттик экономикалык саясаттын негизги багыты – чарбанын жеке менчик секторун өнүктүрүүгө жана чет өлкөлүк инвестициянын келишине шарт түзүү. Түз түшкөн чет өлкөлүк капиталдык салымдын көлөмү 971,4 млн доллар (2007); анын 56,1%и өнөр жайына (гидроэнернетика, кен байлык казып алуу, жыгач даярдоо), 25,5%и тейлөө чөйрөсүнө (туристтик, мейманкана жана ресторан бизнеси, байланыш тармагы жана башка), 18,4%и айыл чарбасына бөлүнөт. Инвестиция Кытай, Тайвань, Вьетнамдан, ошондой эле Австралия, Канада, Корей Республикасы, Россия жана башка өлкөлөрдөн түшөт. Экономикалык өнүгүүсүнүн негизги проблемалары – калктын басымдуу бөлүгүнүн жакырдыгы, чарбалык (анын ичинде транспорттук) инфраструктуранын начар өнүккөндүгү, ошондой эле дасыккан кадрлардын жетишсиздиги болуп саналат. ИДПнин структурасында айыл чарбасынын үлүшү 39,2%, өнөр жай менен курулуштуку 33,9%, тейлөө чөйрөсүнүкү 26,9% (2009). Өнөр жай – экономиканын эң тез өнүгүп жаткан сектору. 2007-ж. 3075 млрд кВт.с электр энергиясы өндүрүлгөн. Анын 97%ке жакыны ГЭСке таандык. Лигнит (2007-ж. 620 миң т), антрацит (35 миң т), алтын, жез, күмүш, цинк, гипс, асыл таштар, анын ичинен сапфир (1200 миң кар), акиташ теги, барит, сал туз, гранит жана башка өндүрүлүп, иштетилет. Болот куюу, электрондук приборду кураштыруу, транспорттук каражаттар, айыл чарба шаймандары, булгаары, парфюмерия, карапа буюмдары, дары-дармек, курулуш материалдары (цемент жана башка), тигүү, тамакаш, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн аймагынын 4,3%тен ашык аянты иштетилет, анын 4,0%и – айдоо жер, 0,3%и – көп жылдык өсүмдүктөр. Сугат жери 1,8 миң км2 (2003). Чакан чарбалар басымдуу. Маанилүү тамак-аш продуктусу – күрүчкө болгон муктаждыкты өлкө толук канааттандырып, аны Тайландга экспорттоо жолго коюлган. Өлкөнүн айдоо аянтынын 1/2 инен ашык жерине шалы өстүрүлөт. Табияты сугат жерлерден жылына 2 жолу түшүм алууга шарт түзөт. Шалыдан сырткары жүгөрү, батат, кассава, жашылча, дарбыз, банан, мөмөжемиш, ананас, техникалык өсүмдүктөрдөн – тамеки, кофе, бал камыш жана башка өстүрүлөт. Бардык дыйкан чарбаларында уй асыралат. Бука жана буйвол негизинен талаа жумуштарында, жылкы жүк ташууда пайдаланылат. Чочко, майда жандыктар, үй кушу асыралат. Чочко, уй, буйвол, тоок эттери даярдалат. Токой промысели (жыгач даярдоо, чайыр, дары-дармек жана жыттуу чөптөрдү жыйноо), дарыялардан балык кармоо өнүккөн. Тейлөө чөйрөсү (негизинен чет өлкөлүк туристтерди) – экономиканын тез өнүгүп жаткан сектору. 2007-ж. 1,6 млн турист келген, анын 82%и Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясына (негизинен Таиланд, Сингапур, Вьетнамдан) жана 12%и Европа союзуна кирген мамлекеттерден, 6%и АКШдан келгендер. Туризмден түшкөн киреше 235 млн доллар (2007). Мейманкана жана ресторан бизнеси, ички (дүң жана чекене) соода, байланыш тармагы жана телекоммуникация өнүккөн.

Автомобиль жолунун жалпы узундугу 29,8 миң км (2006). Темир жолу жок. Ички суу жолунуку 4,6 миң км (2008; анын 2,9 миң кминин фарватеринин тереңдиги 0,5 мге чейин, ал аркылуу чакан кемелер гана жүрө алат). Негизги суу транспорт артериясы – Меконг дарыясы жана анын айрым куймалары. Башкы дарыя порту – Вьентьян. Нефть продукту кууру: Винь порту (Вьетнам) – Вьентьян (Лаостун аймагында – 540 км). 9 аэропорт иштейт; эл аралык аэропорттору Вьентьян (Ваттай), Луангпхабанг, Паксе шаарында жайгашкан. Экспортунда түстүү металл концентраттары (жез, цинк, калай), баалуу металлдар (алтын, күмүш) жана асыл таштар, электр энергиясы басымдуу, ошондой эле жыгач, айыл чарба продукциялары (анын ичинде күрүч, кофе), тигилген буюмдар жана башка чыгарылат. Экспорттук негизги шериктештери: Тайланд, Вьетнам, Кытай, Корей Республикасы Машина жана жабдууларды (анын ичинде автомобиль), нефть продуктуларын, керектөө товарларын негизинен Тайланд, Кытай, Вьетнамдан алат.

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү 5 жылдык акысыз башталгыч, орто, кесиптик-тех., атайын орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт.

15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 72,5%ти түзөт. Мамлекеттик жана менчик ЖОЖдор бар. Ири музейлери, китепканалары Вьентьянда. «Пасасон», «Вьентьян май», «Нум Лао», «Алун май», «Кхосана» жана башка гезит-журналдар бар. Радиоуктуруу 1951-жылдан, телекөрсөтүү 1983- жылдан иштейт. Лаос адабиятынын өнүгүшүнө Индия зор таасир көрсөткөн. Индия адабиятынан композициялык ыкмалар менен сюжеттер алынып, атүгүл буддалык канон болгон сюжеттер өзгөртүүлөргө учураган. Лаос адабиятынын калыптанышынын алгачкы мезгилинде (14–15-к.) мифологиялык жана фольклордук эпикалык салттар өтө өнүккөндүгүн эпиграфика жана жылбаяндар, ошондой эле будда кечилдери тарабынан түзүлгөн диний-дидактикалык проза тастыктайт. Лаос адабиятынын гүлдөгөн мезгили 17-кылымга туура келет. 18-кылымда Лансанг мамлекетинин кыйрашы менен Лаос адабияты узак мезгил өнүгүшүн токтоткон. Сиамдык бийликтер өлүм жазасы менен коркутуп, лаос алфавитин колдонууга тыюу салган. Лаос тилинде адабияттын кайра жаралышы 1940-жылдары антиколониялык күрөштүн жана улуттук аң-сезимдин жогорулоо учурунда башталат. Басмаканалардын жоктугунан лаос тилиндеги биринчи гезиттер Таиландда басылган. 1960-ж. адабият боюнча биринчи окуу китеби жазылган. 1975-ж. ЛЭДР болуп жарыялангандан кийин революциялык жазуучулардын чыгармачылыгы өнүгө баштаган. Лаос искусствосунун байыркы эстеликтери болуп эсептелген «Кумаралар өрөөнүндө» жаткан зор гранит идиштер (өлүк коюучу урналар болушу мүмкүн) искусствонун байыркы эстеликтери болуп эсептелген. 2–2,5 миң жыл мурун ушул жерде жашаган полинезиялык элдер жараткан делет. Биздин замандын 1 миң жылдыктын орто ченинде Лаосто кхмерлердин маданияты өнүгө баштаган. Лансанг мамлекетинин түзүлүшү менен (14-кылым) буддизм орун алып, Камбожа жана Сиам искусствосунун таасирин сиңирген өзгөчө бир көркөм маданият өнүгөт. Лаостун борбору – Луангпхабанг шаары курулуп, көп сандагы монастырь комплекстери (Сиенгтхонг, Фра-Кео, Сисакет жана башка) салынган. Лаос театры Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн театрына жакын болуп, бий, музыка, пантомима жана драманы бириктирет. Театрдын калыптанышына буддизмдин таасири тийген. Индиянын «Рамаяна» эпосунан алынган сценалар Лаос театры үчүн негизги драматургиялык материал болуп калган. Лаосто салттуу театрдын эки түрү бар: аялдардын классикалык сюжеттүү ыр бийи – лахкон най (Королдук балет катары белгилүү. 14-кылымда негизделген) жана эркектердин бет кеп менен аткарылуучу сюжеттүү ыр бийи – лакхон кхон. Салттуу Лаос театрынын үчүнчү формасы – лакхон нгао куурчак көлөкө театры. 19-кылымда Пекин театрынын таасиринде лакхон ламлыанг музыкалык драма театры пайда болгон. Элдик фарс лакхон коом өнүгүүдө. Жыл сайын (1995-жылдан) ири театр фестивалы өткөрүлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: "Кыргыз энциклопедиясы" башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7