Асыл таштар

Wikipedia дан

Асыл жана кооз таштар - жаратылышта сейрек ж-а аз өлчөмдө кездешүүчү кымбат баалуу минералдар м-н тоотектер. Алардын баалуулугу жаратылышта сейрек учуроосу, издөө ж-а казып алуу үчүн көп жумуштун сарп кылынышы, кырдап жылмалоонун кымбаттыгы, ошондой эле ар бир таштын өзүнө тиешелүү сапаты, өлчөмү, бир түрдүүлүгү, өңүнүн кооздугу д. у. с. белгилери м-н аныкталат. Асыл таштарга түссүз же өңү кооз, тунук, жалтырак, катуу ж. б. касиеттерге ээ минералдар, көбүнчө алардын кристаллдары кирет. Баалуулугуна жараша 3 класска бөлүнөт: алмаз, сапфир, рубин, изумруд, александрит, хризоберилл, асыл шпинель, эвклаз ж-а бермет (1-класс); топаз, берилл (аквамарин, воробьевит, гелиодор), кызгылт турмалин (рубеллит), фенакит, демантоид (урал хризолити), аметист, альмандин, пироп, уваровит, хромдиопсид, циркон (гиацинт, сары ж-а жашыл циркон), асыл опал (2-класс); бирюза, жашыл турмалин, кордиерит, сподумен (кунцит), диоптаз, тоо хрусталы, күңүрт кварц (раухтопаз), ачык аметист, акакташ (сердолик), гелиотроп, хризопраз, чала опал, агат, талаа шпаттары (күнташ, айташ), содалит, пренит, андалузит, диопсид, гематит (кровавик), пирит, рутил, янтарь, агат (3-класс). Акыркы класстагылардын чандасы гана жогору бааланып, көпчүлүгү чала асылташ деп да аталат.

Кооз таштарга ири көркөм кооздук (ваза, столешница, тамбоорунун панносу, мозаика ж. б.) оюу-чийүү орнаменттөө ж-а архитектуралык көркөмдөө иштеринде, ошондой эле технологияда пайдалануучу чала жалтырак (яшма, нефрит, малахит ж. б.) кооз оймо-чиймелери бар, көбүнчө тунук эмес минералдар м-н тоотектер кирет. Алар 3 класска бөлүнөт: нефрит, жадеит, лазурит, содалит, главколит, амазонит, лабрадор, орлец (родонит), малахит, авантюрин, кварцит (белоречит), күңүрт ж-а кызгылт кварц, халцедон (перелифт, празем), агат, яшма, везувиан (калифорнит), жазуу гранити (1-класс); серпентин (змеевик), агальматолит, стеатит, селенит, ангидрит, обсидиан, мрамор оникси (чыгыш оникси), флюорит, таштуз (2-класс); гипс, алебастр, мрамор, порфир, брекчиялар, кварцит ж. б. (3-класс).

Кээ бир асылташтар жасалма ж-а синтетикалык жол м-н алынат. Мисалы, алмаз, изумруд, корунд (сапфир, рубин), шпинель, түссүз рутил. Асыл жана кооз таштардын кендери темир м-н магнийге бай магмалык тоотектерде (алмаз, циркон, пироп ж. б.), минералдуу суунун чөгүндүсүндө (опал, тоо хрусталы, аметист, агат ж. б.), метаморфизмделген тоотектерде (рубин, сапфир, лазурит, гранат ж. б.) кездешет. Айрым асыл таштар органикалык жол м-н пайда болот (бермет, акак, янтарь). Асыл жана кооз таштардын кендери КМШ өлкөлөрүндө Урал (алмаз, яшма, малахит, мрамор,изумруд, топаз, аметист, бирюза, александрит ж. б.), Алтай (яшма), Байкал (лазурит), Чыгыш Саян (нефрит), Сибирь (мрамор, агат, халцедон, тоо хрусталы, аквамарин), Кавказда (мрамор, халцедон), Калининград облусунда (янтарь), 0рто Азия (мрамор, тоо хрусталы) ж. б. жерлерде жайгашкан. Кыргызстанда роговик (Сулууташ), аквамарин, изумруд (Күмүштаг), яшма (Арчалуу), мрамор оникси (Дөрө), мрамор (Арым) сыяктуу кооз таштардын кендери бар. Асылташтар негизинен ювелирдик, кооздук-көркөмдөө иштеринде ж-а техникада колдонулат (к. Алмаз). Рубин м-н сапфир саат жасоодо ж-а так механизмдерде, тунук кварц, турмалин атайын оптикалык приборлордо, радио өнөржайларында пайдаланылат. Агат, халцедон так таразалар м-н өлчөө куралдарынын айрым тетиктерин жасоого керектелет. Асыл жана кооз таштар илгертен эле үлүлдүн кабыгы, сөөк, мүйүз өңдүүлөр м-н бирге мончок, тумар, шакек, билерик ж. б. үчүн кеңири пайдаланылган. Азыр да алар майда пластика искусствосунда (глиптика, көркөм оюу, скульптура), мебелдерди инкрустациялоодо, вазалар м-н кутучалардын, шкатулкалардын бетин, бычак, айры, кашык ж. б-дын саптарын кооздоп жасоодо кеңири пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1