Хризопраз

Википедия дан
Хризопраз.

Хризопраз (гр. chrysys - алтын жана prasos - порей пиязы (жашыл түстө болгондуктан)) - минерал, квард жана халцедондун түру, 3-катардагы асыл таш, Si02.

Жашыл түстүү (курамындагы никелдин санына жараша ачык жашылдан зымырыттай жашылга чейин өзгөрүлөт), жылтырабайт, жарык өткөрөт. Катуулугу 6-7, тыгыздыгы 2,6 г/см3, морточо Хризопраз - температурасы төмөн гиперген минералы. Кени курамында никель бар ультранегиздүү тоо тектердин үбөлөндү кыртышында тоо тек жаракаларында топтолот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4