Минералдуу суулар

Википедия дан

Минералдуу суулар — курамында тузу, газы, органикалык заттары (тузсуз сууларга караганда) көп жана өзгөчө касиеттерге (температурасы, радиоактивдүүлүгү жогору жана башкалар) ээ болгондуктан дарылык максатта пайдаланылуучу жаратылыш суулары.

Бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Химиялык составынын өзгөчөлүгү жана физикалык касиеттери боюнча суулар киринүүчү (ванна алуу жана башкалар) жана ичүүчү болуп бөлүнөт (суулардын көбүн ичип жана киринип дарыланууга болот). Адатта, минералы көп суулар (туздуу) ваннага гана колдонулат (Ванналар). Химиялык составы жана физикалык касиеттери боюнча айрым минералдуу суулар зат алмашууга, кээ бири вегетатив нерв системасынын функцияларына жана башкалар таасир этет. Минералдуу суулар менен дарылоо процедураларына хлордуу натрийлүү, көмүр кычкыл газдуу, сульфиддүү, радондуу жана азоттуу суулар кеңири колдонулат.

Хлордуу натрийлүү суулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хлордуу натрийлүү суулардын көбү химиялык составы боюнча адамдын организминин ички чөйрөсүнө жакын келип, жүрөк-кан тамыр жана нерв системаларынын, муун, тери, гинекология ооруларында ванна алууга; ичеги-карын, боор, өт жолдорунун ооруларында ичүү үчүн, дем алуу органдарынын оорусун дарылоодо ингаляция жасоого колдонулат.

Көмүр кычкыл газдуу минералдуу суулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көмүр кычкыл газдуу минералдуу суулар менен жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылайт, ал адамды жеңилдетип, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Көмүр кычкыл газдуу минералдуу суулар тамак сиңирүү органдарын, өзгөчө карын, боор, ошондой эле бөйрөккө жакшы жардам берет.

Сульфиддүү минералдуу суулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сульфиддүү минералдуу суулар демейде ваннага колдонулат. Анын негизги таасир этүүчү фактору — күкүрттүү суутек. Сульфиддүү суулар кан айланууга, нерв системасына, эндокрин бездерине жагымдуу таасир этет. Бул суулар жүрөк - кан тамыр системасынын, ошондой эле кыймыл органдарынын, четки нерв системасынын ооруларында өтө пайдалуу.

Радондуу суулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Радондуу суулар радон (радиоактивдүү газ) жана андан бөлүнүп чыккан заттар менен таасирдүү. Радондуу процедуралар зат алмашууну, жүрөк-кан тамыр системаларынын, эндокрин бездеринин, карындын, боордун жана башкалар иштөөсүн жакшыртат.

Азоттуу минералдуу суулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азоттуу минералдуу суулардын дарылык таасири негизинен ванна алганда температуралык жана механикалык (газ көбүктөрү менен) таасир тийгизүүсүнө байланыштуу. Ал оозду чайкаганга, ингаляция жасоого, ичегикарынды жууп жана ичип дарыланууга да пайдаланылат. Азоттуу ванналар ооруну басаңдатуучу, сеп алдыруучу касиетке ээ, кан айланууну жөнгө салат, айрым эндокрин бездеринин иштөөсүн, зат алмашууну жакшыртат.

Дарылануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Минералдуу суулар менен дарылануу үчүн курорттон сырткары бөтөлкөгө куюлган суулар пайдаланылат. Алардын көбү суусун катары ичилет, айрымдары дарылык үчүн гана болгондуктан аптекаларда сатылат.
Бөтөлкөгө куюлган минералдуу суулар ичеги-карыны ооруган адамдарга башка дарылоо чаралары (диетотерапия, физиотерапия жана башкалар) менен бирге белгиленет. Суулардын дарылык таасири аны ичүүнүн эрежесине (убагы, өлчөмү менен ичүү), минералдуу суулардын температурасына жана башкалар жараша болгондуктан, үй шартында ичип дарылануу врачтын көрсөтмөсү боюнча гана болуу керек. Эгер врач сунуш кылган минералдуу суулар болбосо, аны химиялык составы жана таасири окшош суу менен алмаштырууга болот. Айрым минералдуу суулар лар (Боржоми, Нарзан, Жермук жана башкалар) чек коюлбай сатылып, суусун катары кеңири колдонулгандыгына карабастан, аны тамак сиңирүү органдары, бөйрөгү ооругандар, зат алмашуусу бузулгандар врачтын кеңешисиз ичүүгө болбойт, андан оору күчөп кетиши ыктымал.
Табигый минералдуу суулардан башка да химиялык таза туздан даярдалган жасалма минералдуу суулар болот. Алардын составы жаратылыштагы минералдуу сууларга жакын, бирок аларды толук алмаштыра албайт. Жасалма минералдуу суулар көп тарагандары — көмүр кычкыл газдуу, сульфиддүү, азоттуу жана радондуу суулар, алар курорттордо ванна алууга, ошондой эле курорттон тышкары шартта да (физиотерапиялык дарылоочу жайларда жана ооруканаларда) колдонулат.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Минералдуу суулар (Кыргызстан)

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8