Ванналар

Википедия дан

Ванналар - дарылоочу же гигиеналык процедура.

  • Алар суу, ылай, кум, аба Ванналары болуп бөлүнөт.
  • Суу Ванналар дарылоо, алдын алуу жанa гигиеналык максат үчүн колдонулат. Анын муздак (—20°Сден төмөн), мелүүн (20°—23° С), индифференттик (34— 36°С), жылуу (37—39°С), ысык (40°С ден жогору) түрлөрү бар.
  • Составы боюнча тузсуз, минералдык, газ, радон, аромат, дары, убакытка жараша кыска мөөнөттүк (1—5 мин), кадыресе узак (10—15 мин), узагыраак (20— 30 мин) жанa абдан узак (бир нече саат) мөөнөттүү Ванналар болот.
  • Ванналар дененин четки нерв системасынын учтарына хим., мех., темп-ралык жол менен таасир этет. Газ түрүндөгү заттар - дем алуу жолдору, иондор тери аркылуу организмге өтөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.