Температура

Википедия дан
Термометр (-17°C).

Температура (латынча temperatura – нормалдуу абал) – макроскопиялык системанын термод. тең салмактуулук абалын мүнөздөөчү скалярдык физикалык чоңдук. Мындай абалдагы обочолонгон (изоляцияланган) системанын бардык бөлүгүндө Температура бирдей. Тең салмактуу шартта Температура нерсенин бөлүкчөсүнүн орточо кинетикалык энергиясына пропорциялаш болот. Температура төмөнкүлөрдү аныктайт: системаны түзгөн бөлүкчөлөрдүн энергия денгээли (к. Больцман статистикасы) жана ылдамдыктары (к. Максвелл бөлүштүрүүсү) боюнча бөлүштүрүлүшүн, заттын иондошуу даражасын, нурлануунун спектрдик тыгыздыгын, нурлануунун толук көлөмдүк тыгыздыгын ж. б. Жалпысынан температура нерсенин энергиясынан (Е) энтропия (S) боюнча алынган туундуга барабар: мындай ыкма менен аныкталган Температура абсолюттук же термодинамикалык температура деп аталат. Бирдиги – кельвин (К). Температураны өлчөөчү курал термометр деп аталат. Температура Цельций, Келъвин, Фаренгейт шкалаларында мүнөздөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]