Энтропия

Википедия дан

Энтропия (гр. бурулуш, айлануу) –

  • 1. физикада бөтөнчө физикалык көлөм, байкоо жүргүзүү процессинде элегейликти (чачырандылыкты) жаратылыштын акыркы баардык телолоруна энергиянын бардык түрүнүн өтүшүнүн тегиз таралышында энтропиянын төмөндөшүн мүнөздөйт.
  • 2. учурдагы ситуацияны башкарган системанын жүрүм-туруму же (белгисиз) дайынсыз абалынын чени (өлчөмү).
  • 3. саясий адабиятта «бийлик энтропиясы» элегей, бийликтин кадырынын кетишин, бийлик органдарынын негизги касиеттеринин башкаруу таасирин көрсөтүү.
  • 4. атайын адабиятта «башкаруу системасынын энтропиясы» деген түшүнүк системанын четке чыгуусунун өлчөмү катары же анын бир звеносунун кабыл алынган эталондук абалынын четке чыгуусу, уюштуруу деңгээлинин түшүшүнөн көрүнөт, иштөөсүнүн эффектүүлүгүнүн, системанын өнүгүү темпинин түшүшүн көрсөтөт; мүнөздүү белгиси – башкаруу структурасынын көбөйүшүнө, бюрократизмдин өсүшү, бүтпөгөн аз маңыздуу жыйналыштардын, чогулуштардын, текшерүүлөрдүн, чарбасыздыктын ж. б. көбөйүшү. Энтропияга каршы чаралар жалгыз гана ушул негативдерди жок кылууга гана жыйынтыкталбастан, маданияттуу информациялык башкаруунун жогорулашына, аларда жаңыча ой жүгүртүүлөрүнүн калыптанышына жана өз эмгегинин жыйынтыгына жоопкерчиликти пайдалуу жана пайдасыз иштерди ажырата билүү жөндөмдүүлүгү менен жыйынтыкталат.

Колдонулган эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат таануу. Энциклопедиялык окуу куралы.Башкы редактор Ү. Асанов, Жооптуу редактор А. Акунов. Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9