Термометр

Википедия дан
Термометр (°C жана °F).

Термометр (термо... жана ...метр) - температураны өлчөгүч прибор.

Иштөө принциби суюктуктун, газдын жана катуу нерселердин жылуулуктан кеңейүу касиетине, о. эле газ басымынын же каныккан буунун температурага көз карандылыгына, электр каршылыгына, термоэлектр кыймылдаткыч күчүнө, парамагнетиктин магниттик кабылдоочулугуна ж. б-га негизделген. Суюктук термометри, манометрдүү Термометр, каршылык термометри, термоэлектрдик Термометр кеңири таралган. Төмөнкү температураны ченөө үчүн конденсациялуу Термометр, газ термометри, акустикалык Термометр, магнит Термометри, о. эле атайын Термометрлер, мисалы, метеорол. Термометр, гипсотермометр, суунун тереңдигин ченегич Термометр, сезгич, жылуулук кецейиши ар кандай болгон пластинкалардан жасалган биметалл Термометри, пьезокварцтын резонанс жыштыгынын температурага кез карандылыгына негизделген кварцтуу Термометр, сегнет-электриктердин диэлектрдик кабылдоочулугунун температурага байланыштуу болушуна негизделген көлөмдүк Термометр ж. б. пайдаланылат.

Термометр тиричиликте, медицинада, техникада ж. б. колдонулат.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0