Метеорология

Википедия дан

Метеорология (грекче mettōra – атмосфера кубулуш жана …логия) – атмосфера жана анда болуучу кубулуштарды изилдөөчү илим; геофизика илиминин бир тармагы. Атмосферанын курамын жана түзүлүшүн, атмосферадагы жана жер бетиндеги жылуулук алмашуу жана жылуулук режими, атмосферадагы ным алмашуу менен суунун фаза боюнча алмашуусун, аба массаларынын кыймылын, атмосферадагы электрдик, акустикалык, оптикалык кубулуштарды изилдейт. Теориялык ыкмалардын негизинде кубулуштардын өзгөрүшүн алдын ала эскертет. Өз ичинен климатология, аэрология, актинометрия, атмосфера оптикасы, атмосфералык электр жана акустика, физикалык метеорология, синоптикалык метеорология сыяктуу илимий тармактардан турат. Атмосферада болуучу ири процесстерди (циклон, антициклон) маалымдайт. Авиациялык, айыл чарба, медициналык метеорология сыяктуу колдонмо түрлөрү да бар. Атмосферага байкоо жүргүзүү иштери бийик тоолордо жүргүзүлүп, кийин (18-кылымдын аягында) аэростаттын жардамы менен ишке ашырылган. 19-кылымда өзү жазуучу аспаптар (учуучу шарлар, зонддор) колдонулган. 1930-жылы П. А. Молчанов атмосферанын бийик катмарларынан радио аркылуу маалымат берүүчү радиозондду ойлоп тапкан. Атмосферанын жалпы циркуляциясын, ным алмашуу процесстерин, кар катмарларын изилдөөдө орус климатологу жана географы анын ичинде Воейков зор салым кошкон. Азыркы кезде ар бир мамлекетте гидрометеорология кызматы иштейт. Бүткүл дүйнө өлкөлөрүнө Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму, Эл аралык метеорологиялык уюмдар жетекчилик кылат. Бишкек шаарында 1926-жылы метеорологиялык бюро ишке киргизилип, кийин анын базасында гидрометеорологиялык кызмат башкармасы уюштурулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]