Геофизика

Википедия дан

Геофизика (гео... жана физика) – жердин ички түзүлүшүн, физикалык касиеттерин жана жер катмарларында (атмосфера, гидросфера, литосфера ж. б.) болуучу физикалык кубулуштарды изилдөөчү илимдер комплекси. Геофизиканын негизги тармактары кийинки төрт кылымда оош-кыйыш жана өз ара байланышсыз өнүгүп келген. Геофизика геология, геодезия, география, геохимия, физика жана астрономия сыяктуу илимдер менен тыгыз байланышта. Геофизика Жердин терең катмарларын, ошондой эле геология менен бирге Жердин пайда болуу жана өнүгүү тарыхын да изилдейт. Геофизикага жалпысынан бири бири менен тыгыз байланыштагы бир нече тармакка бөлүнөт;

1) Жердин физикасы жер түпкүрүндөгү жана кыртышындагы физикалык процесстерди, түзүлүшүн, ошондой эле азыркы мезгилдеги кыймылдардын өнүгүүсүн изилдеген илим. Изилдөөнүн негизинде сейсмология, гравитация, геомагнетизм, геодинамика, метеорология ж. б. тармактарды камтыйт.

2) Гидрофизика океан жана кургактыктагы сууларда (гидросферада) болуучу физикалык процесстерди изилдейт; океан физикасы суулардын акустикасы, оптикасы, радиоактивлүүлүгү, толкуну ташкындоочу, көтөрүлүүсү, агым динамикасы тууралуу илим; кургактыктагы суунун физикасы жер астындагы жана кыртыштагы суулардын динамикасын, дарыяда ж. б. болуучу кубулуштарды изилдейт; атмосфера динамикасы атмосфералык абанын кыймыл процессин иликтейт, ошондой эле атмосферанын статикасын жана кинематикасын камтыйт. Кийинки кезде жер кыртышын, анын түзүлүшүн жана кенди изилдөөчү чалгындоо Геофизикасы, өндүрүштүк Геофизика өнүгүүдө. Азыр Геофизикалык изилдөөлөр дүйнө жүзүндө бир системада жүргүзүлөт. Буга Эл аралык геофизика жылы чоң көмөк берет. Азыркы учурда Геофизика илими табият кубулуштарын, айрыкча аба ырайын маалымдоо, табигый процесстерди пайдалануу, жер кыртышындагы кендерди өздөштүрүү сыяктуу маанилүү маселелер менен байланышта өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]