Иондор

Wikipedia дан
Иондор.

Иондор — атом же атом тобу электронун бергенде же кошуп алганда пайда болгон электр заряддуу бөлүкчөлөр. «И.» түшүнүгүн жана терминин 1834-ж. М. Фарадей киргизген. Бөлүкчөдөн электрон бөлүнүп чыкканда талап кылынган энергия иондошуу потенциапы деп аталат. Кошуп алганда энергия бөлүнүп чыгат. Оң заряддуу, терс уюлга (катодго) тартылган И. катиондор, терс заряддуу, оң уюлга (анодго) жылган И. аниондор деп аталат. Алар берген же кошуп алган электрон санына жараша 1, 2 жана 3 зарядуу болушат. Заряд тыгызд. же ион Заряды тыгызд. же иондук потенциал ион зарядынын иондук радиуска болгон катышы менен аныкталат. И. бардык агрегаттык абалда (газ, суюк, кристаллда) өз алдынча бөлүкчө түрүндө жолугат. Бирдей хим. курамдагы нейтралдуу бөлүкчөдөн И. зарядынын белгиси, чоңдугу, сырткы электрондук катмары түзүлүшү менен айырмаланат. Электрондук конфигурациялары бирдей атом менен иондор катары изоэлектрондук катарлар деп аталат. И. атом жана мол. бири-бири менен реакцияга кирет. Табигый шартта И. космос жана күн нурлары же электр заряды (чагылган) таасиринен абада пайда болот. И. тирүү организмде заттар алмашуу процессинде чоң роль ойнойт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]