Атом

Википедия дан
Гелий атому

Атом (кыпын)химиялык элементтин касиеттерин сактоочу эң майда бөлүкчө. Ар бир химиялык элементке өзүнө гана тиешелүү атом туура келет, ошондой эле өзүн түзгөн бөлүкчөлөрдүн (протон, нейтрон, электрон) саны жана атомдук массасы менен айырмаланат. Атом эркин (газда) жана байланышкан абалда болот. Атомдор өз ара түздөн-түз же молекуланын курамындагы атом менен байланышып, суюк же катуу заттарды пайда кылат. Атомдун физикалык жана химиялык касиеттери анын түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрү менен аныкталат. Атом оң электр заряддуу оор ядродон жана анын айланасындагы жеңил бөлүкчөлөр терс электр заряддуу кабыкчаны түзүүчү электрондордон турат. Атомдун өлчөмү анын электрон кабыкчасынын өлчөмү менен аныкталат жана ядрого караганда атом кыйла чоңдук кылат (атомдун сызыктуу өлчөмү 10-8 см, ядронуку 1012 — 1013 см). Электрон катмарынын так белгиленген чеги болбойт жана атомдун өлчөмү аздыр-көптүр аны аныктоо ыкмасына жараша болот. Ядронун заряды атомдун негизги мүнөздөмөсү - ал белгилүү элементке тиешелүү болот жана абсолюттук мааниси боюнча электрондун зарядына барабар. Атом электр заряды нейтралдуу система: +eZ заряддуу (+е заряддуу Z протону бар) ядро жалпы заряды eZ болгон Z электронду кармап турат, башкача айтканда атомдогу жалпы заряддардын суммасы нөлгө барабар. Бир же бир нече электронун жоготкон атом оң ион, электронду өзүнө кошуп алган атом терс ионго айланып, нейтралдуу жана анын иону химиялык элементтин символу менен белгиленет. Бирдей сандагы электрону бар атомдор же башка элементтердин иондору изоэлектрондуу катарды түзөт (мисалы, суутек сымал катар H, He+, Li2+...). Атом ядро зарядынын элементардык зарядына эселүүлүгү ядронун түзүлүшү менен түшүндүрүлөт. Анын курамы +е зарядга, ошондой эле нейтралдуу бөлүкчө нейтронго ээ. Ядронун өлчөмү өтө кичине жана массасы өтө чоң болгондуктан, тегерегинде айланып жүргөн N электрондордун системасы катары каралат. Мындай системанын толук ички энергиясы бардык электрондордун кинетикалык энергиясы менен электрондордун ядрого тартылуу жана бири биринен түртүлүү энергиясынын суммасына барабар. Эң жөнөкөй учурда суутек атомунда -е заряддуу бир электрон +е заряддуу ядрону айланып жүрөт. Сырткы электрондордун саны атомдун магниттик касиеттерин аныктайт. Жуп сандуу электрону бар атомдун магниттик моменти нөлгө барабар. Так сандуу электрону бар атомдун магниттик моменти нөлгө барабар эмес жана парамагниттүү болот (парамагнетизм). Магниттик моменттери нөлгө барабар эмес атомдорго сырткы магнит талаасы таасир кылат. Бардык атомдор диамагнетизм касиетине ээ: ал сырткы магнит талаасынын таасиринен атомдо кошумча магниттик моменттин пайда болушуна байланыштуу. Атом иондошкондо, башкача айтканда андан электрон бөлүнгөндө сырткы электрон кабыкчасы менен аныкталуучу бардык касиети өзгөрөт: электр талаасында поляризациялануу жөндөмдүүлүгү азаят, энергия деңгээлдеринин ортосундагы аралык жана алардын бири бирине өтүү жыштыгы чоңоёт жана башка. Байланышкан абалдагы атомдун касиети эркин атомдун касиетинен айырмаланат.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1