Мазмунга өтүү

Электрон

Википедия дан

Электрон (гр. elektron - янтарь), е', е — жаратылышта өтө кичине массалуу жана эң кичине заряддуу элементардык бөлүкчө.

Атомдо Электрон саны атомдун номерине, б. а. ядродогу протондун санына барабар. Электронду 1897-ж. англиялык физик Ж. Ж. Томсон ачкан. «Электрон» терминин 1891-ж. Ж. Стони бир валенттүү иондун заряды үчүн сунуш кылган. Электрондун заряды шарттуу түрдө терс деп эсептелет (к. Электр заряды). Классикалык электр-динамикада Электрон өзүн бөлүкчө катары алып жүрөт да, кыймылы Лоренц-Максвелл теңдемеси менен мүнөздөлөт. Л. де Бройль гипотезасына (1924) ылайык Электрон корпускуладан башка да толкун касиетине ээ. Электрон жарык сыяктуу интерференция жана дифракция кубулуштарына дуушар болот. 1927-ж. америкалык окумуштуулар К. Дэвиссон жана Л. Жермер Электрондун толкундук касиетин экспериментте байкашкан. Электрондун кыймылы квант механикасынын теңдемелеринде эки түрдө каралат: релятивдик эмес кубулуш Шрёдингер теңдемесине, релятивдик - Дирак теңдемесине көз каранды. Бул теңдемелерге таянып заттын оптикалык, электрдик, магниттик, химиялык жана механикалык касиеттери Электрондун кыймылынын өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүлөт.

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4