Атомдук масса

Wikipedia дан

Атомдук масса – элементер А. м. атом масса бирдиги (а.м.б.) аркылуу туюнтулган салыштырмалуу мааниси. А. м. атомду түзгөн бөлүчөлөр массалар суммасынан масса деффектисине аз. А.м. түшүнүгүн Дж.Дальтон киргизген (1803), кийинчерээк Я. Берцелиус, Ж. Стас, С. Канницаро, Т.У.Ричардс ж.б аны тактоодо чоң салым кошкон. 1869-ж Д.И.Менделеев элементтер касиеттеринин А. м. болгон көз карандылыгы ж-дөгү мезгилдик закон ачып, анын негизинде бир топ элементтин (Be, In,U, Ce, Th, La жана башкалар), А. м-сын тактап жана ал кезде ачыла элек элементтер (Ga, Ge, Sc) А. м-рын алдын ала айткан. Жаратылышта бир изотоптон турган элементтер (F, AI) А. м-сы анын изотобунун А. м. туура келет. Ал эми бир нече изотоптору бар элементтер А. м. болуп, ошол изотоптор А. м. орточо мааниси эсептелет. Көпчүлүк элементтер изотоптук курамына жараша А. м. да турактуу болот. А. м. хим. элементтин фундаменталдык мүнөздөмөсүнүн бири. А. м. бирдиги катары 1961-ж. чейин жаратылыштагы кычкылтек атомунун орточо массасынын 1/16 бөлүгү алынган. Жаратылыш кычкылтеги 18О, 17О, 16О изотопторунан турат. Бул бирдик менен өлчөнгөн А. м. хим. шкаланы түзгөн. Мындан башка физ. шкала бар. Анда А. м. бирдиги үчүн кычкылтеги 16О изотобу массасынын 1/16 бөлүгү алынат. Бул эки шкала менен иштөө ыңгайсыз болгондуктан, 1961-ж. көмүртек шкаласы, башкача айтканда А. м. бирдиги үчүн көмрүтектин 12С изотобу массасынын 1/12 бөлүгү алынган. А. м. түрдүү методдор менен аныкталат; аны жогорку тактыкта аныктоо физ. методдор менен жүргүзүлөт. А.м. хим. формулалар жана теңдемелер аркылуу эсептөөлөр жүргүзүүдө жана бирикмелер мол. массасын табууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]