Масса

Википедия дан

Масса (латынча massa – чоң кесек, тоголок, бөлүк, тилке) – материянын инерттик жана гравитациялык касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. Масса түшүнүгүн механикага И. Ньютон нерсенин импульсун (кыймыл саны) аныктоодо киргизген жана импульс р – нерсенин ылдамдыгы J га пропорциялаш: p=mJ, m – пропорциялуулук коэффициенти жана нерсенин туруктуу массассы. Демек, Ньютондун классикалык механикасындагы F=ma теңдемесинен алынган. Мында масса нерсеге аракет эткен күч F менен анын ылдамдануусунун ортосундагы пропорциялуулук коэффициенти. Мунун негизинде аныкталган масса инерттүүлүктүн чени жана ал инерттүү масса деп аталат. Ньютондун гравитациялык теориясында масса тартылуу талаасынын булагы болуп эсептелет. Жер бетиндеги нерсеге таасир эткен гравитациялык күч (F) анын салмагына (Р) барабар: P=mg, m – нерсенин гравитациялык (оордук) массасы. Оордук массаинерттүү массага барабар. Бул жаратылыштын фундаменталдык закону жана эквиваленттүүлүк принциби деп аталат. Классикалык физикада нерсенин массасы, ар кандай процесстерде өзгөрбөйт. Масса СГСте грамм, СИде килограмм жана микробөлүкчөлөр массанын атомдук бирдиги менен өлчөнөт. Элементардык бөлүкчөлөрдүн массасы электрондун массасы (mе) менен айрым учурда энергиянын бирдиги менен дагы туюнтулат. Электрондун массасы (mе) 0,511 МэВге, протондуку 1836,1 mе же 938,2 МэВ барабар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]