Нефрит (таш)

Википедия дан
Нефрит‎»‎ барагынан багытталды)

Нефрит, үрүңташ (гр. nephrjs – бөйрөк) – минерал; актинолит менентремолиттин майда кристаллдуу түрү. Жакшы жылмаланат. Ак, жашыл сымал, күрөң жашыл түстө. Негизги тектердин (серпентин, пироксен, амфибол) метаморфизмделишинен пайда болот. Илгери Кытай, Бирма, Индияда кооздук үчүн пайдаланылган. Кендери Чыгыш Саянда, Байкал аймагында, Кытайда, Жаңы Зеландияда кездешет. Кыргызстандын кебир аймактарында да кездешет. 2014-жылы Жети-Өгүз районунун Чоң-Кызыл-Суу айылында, сууда табылган. Салмагы 2-3 тонна, өңү жашыл түстө болгон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]