Фенакит

Википедия дан

Фенакит (гр. phenax - алдамчы (кварцка окшош болгондуктан)) - сейрек минерал, бериллийдин силикаты, Be2(Si04), курамынын 4245% ин ВеО түзөт.

Бериллийлүү 30га жакын минералдын ичинен салыштырмалуу көп кездешкендеринин бири. Кристаллы түссүз, саргыч, кызгылт, боз же ак түстө, агрегат түрүндө. Айнектей жылтырайт, тунук. Катуулугу 7,5-8, тыгыздыгы 2,94-3 г/см3, морточо Кислотага жана жалынга чыдамдуу.

Карбонатта, негиздүү, ультранегиздүү же кычкыл алюмосиликаттык тектерде пайда болгон гидротерм метасомат түзүлүштөрүндө флюорит, сульфид жана слюда менен чогуу кездешет. Фенакит - 2-класстагы асыл таш, берилийдин кенташы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4