Жадеит

Википедия дан
Жадеит.

Жадеитминерал, моноклин пироксени. Химиялык формуласы NaAl(Si2O6). Өңү ак, көгүш, жашыл сымал, кээде түссүз. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5–7. С. салмагы 3,3–3,5. Сырткы көрүнүшү жана касиеттери боюнча нефритке өтө окшош. жадеит жаратылышта аз кездешет. Метаморфизмделген тоотектерде пайда болот. Серпентиниттер жана граувактардын арасында таза түрүндө же кварц, альбит менен линза түрүндө кезигет. Жадеит байыркы замандан бери зергерлик жана көркөмдүк-кооздоо иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1