Мазмунга өтүү

Бириккен Араб Эмирликтери

Википедия дан

Бириккен Араб Эмирликтери
ар. الإِمَارات العربِيَّة المُتَّحِدة
англ. United Arab Emirates

Герб
Туу Герб
Урааны: «الله الوطن الرئيس
Аллах, Улут, Президент»
Гимн: «Гүлдөй бер менин өлкөм»
Эгемендүүлүк күнү 2-декабрь 1971-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили араб тили
Борбор шаары Абу-Даби
Ири шаарлар Дубай, Абу-Даби, Шаржа
Башкаруу формасы Дуалистик монархия
Президент
Премьер-министр
Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян
Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум
Мам. дини Ислам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
114-орун - дүйнөдө
83 600 км²
0
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

9 594 834 адам (92-орун)
114 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2024)
  • Ар бир жанга

849,8 млрд $ (34-орун)
77 251 $ (14-орун)
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

545,1 млрд $ (26-орун)
49 550 $
АДӨИ  0,937 (жогору) (31-орун)
Акча бирдиги БАЭ дирхамы (AED)
Домени .ae, امارات.
ISO коду AE
ЭОК коду UAE
Телефон коду +971
Убакыт аралыгы UTC +04:00

Бириккен Араб Эмирликтери (ар. الإِمَارات العربِيَّة المُتَّحِدة‎, англ. United Arab Emirates, кыскартылган варианты — Араб Эмирликтери же Эмирликтер, аббревиатурасы — БАЭ) — Жакынкы чыгыштагы, жети эмирликтен турган федеративдик мамлекет.

Бириккен Араб Эмирликтеринин курамындагы Абу-Даби, Ажман, Дубай, Рас-аль-Хайма, Умм-эль-Кайвайн, Фужейра жана Шаржа эмирликтери абсолюттук монархиялык мамлекеттер болуп саналат.

БАЭ мамлекети Азиянын түштүк-батышындагы Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан жана түштүгүнөн Сауд Арабиясы, түштүк-чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Оман менен чектешет. Парс булуңунун жана Оман булуңунун суулары менен чулганат.

VII кылымда Парс булуңунун түштүк жээгин жана Оман булуңунун түндүк-батыш жээгин бойлой жайгашкан чакан шейхтердин жерлерининин аймагы, жергиликтүү калкка Ислам динин жайылткан Араб халифатынын курамына кирген. Бул мезгилде Дубай, Шаржа, Фужейра шаарлары түптөлгөн.

Араб халифаты алсыраган сайын шейхтер көбүрөөк автономияга ээ болушкан. X—XI кылымдарда Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгү карматтардын мамлекетинин курамына кирген жана ал кулагандан кийин Омандын таасири астында калган[1].

XV кылымдын аягында, бул аймактар европалыктардын кызыгуусун жараткан. Португалия Бахрейнге, Жулфарга жана Ормуз кысыгына көзөмөл орнотуп, бул жарым аралдагы биринчи европалык мамлекет болуп калган.

Жээктерге жакын жайгашкан аймактардын калкы негизинен соода-сатык иштери менен алектенишкен. XVIII кылымдан тартып жергиликтуу калк, Парс булуңундагы порттордун ортосундагы жүк ташууну монополиялаштырган жана тургундарды негизги киреше булагынан ажыраткан Улуу Британия менен күрөшүүнү баштоого аргасыз болушкан. Британиянын «Ост-Индия компаниясы» менен жергиликтүү арабдардын ортосундагы кагылуушулар дайыма кайталанып, жергиликтүү арабдар жана аймак англиялыктар тарабынан «деңиз каракчылары» жана «Деңиз каракчыларынын жээги» деген аталыштырды алган[2].

Ост-Индия компаниясы Парс булуңуна аскерлерди тынымсыз жөнөтүп турган жана 1820-жылы жети эмирлерди жана шейхтерди, бул аймактагы Англиянын үстөмдүгүн тааныган «Башкы келишимге» кол коюуга мажбурлаган.

Эмирлерге жана шейхтерге таандык аймактарда Англиянын аскер базалары түзүлгөн жана саясий бийликти англиялык саясий агентттин колунда эле. Англиялыктардын бийлигинин күчөшү, байыркы салттарды сактап калган жергиликтүү тургундардар арасындагы патриархалдык системанын бузулушуна алып келген эмес.

Бул аймактарда үстөмдүк кылган, Лива жана Эль-Айн түшүмдүү келген оазистеринин аймагын байырлаган Бани-яз уруусунун бир тобу 1833-жылы оазистерден көчүп кетип, Дубай шаарын түптөгөн жана шаардын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул саясий окуялардын жыйындыгында Аль-Мактум династиясы негизделип[3], азыркы күнгө да Дубайды Аль-Мактум династиясынын өкүлү башкарып келет[4].

БЧАнин дүйнөлүк фактылар китебине ылайык, БАЭнин калкы 2021-жылдын июль айына карата 9,856,612 адамды түзгөн.

БУУнун эсеби боюнча, 2019-жылдын ортосунда өлкөнүн жалпы калкы 9 771 000 болгон; иммигранттар өлкөнүн жалпы калкынын 87,9% түзөт.

2015-жылдын эсеби боюнча БАЭ калкынын — 11,6% эмирликтер, түштүк азиялыктар — 59,4 % (анын ичинен 38,2% индиялыктар, 9,5% бангладештиктер, 9,4% пакистандыктар, 2,3% башка Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандары), мисирликтер — 10,2 %, филиппиндиктер — 6,1 %, башка өлкөлөрдүн жарандары — 12,8% түзгөн.[5]

БАЭ эл каттоо жана акыркы расмий эсептөөлөр боюнча калкынын саны:[6]

Эмирлик 15.12.1980

жүргүзүлгөн эл каттоо

17.12.1985

жүргүзүлгөн эл каттоо

17.12.1995

жүргүзүлгөн эл каттоо

06.12.2005

резиденттик каттоо

01.07.2010

болгон балоо

01.07.2015

болгон балоо

01.07.2016

болгон балоо

БАЭ 1 042 099 1 379 303 2 411 041 4 106 427 8 264 070 8 900 000 9 121 167
Абу-Даби 451 848 566 036 942 463 1 399 484 1 967 659 2 784 490 2 908 173
Аджман 36 100 54 546 121 491 206 997 263 000
Эль-Фуджайра 32 189 43 753 76 180 125 698 163 751 213 712 225 360
Шаржа 159 317 228 317 402 792 793 573 1 060 000 1 405 843
Дубай 276 301 370 788 689 420 1 321 453 1 837 610 2 383 017 2 566 209
Рас-эль-Хайма 73 918 96 578 143 334 210 063 345000
Умм-эль-Кайвайн 12 426 19 285 35 361 49 159 65 000

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эмирлик Расмий аталышы Административдик борбору Аянты, км² Калкы, адам
Абу-Даби أبو ظبي Абу-Даби 67 340 1 463 491
Ажман عجمان Ажман 259 260 492
Дубай دبي Дубай 3 885 2 262 000
Рас-аль-Хайма رأس الخيمة Рас-эль-Хайма 1 683 191 753
Умм-эль-Кайвайн أم القيوين Умм-эль-Кайвайн 777 59 098
Эль-Фужайра الفجيرة Эль-Фужайра 1 166 118 933
Шаржа الشارقة Шаржа 2 590 656 941

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]