Дубай (эмирлик)

Дубай
араб. إمارة دبي
Белгиси
Белгиси
Желеги
Желеги

Дубай картада

Өлкө:

БАЭ

Абалы:

эмирлик

Акимий борбору:

[[Дубай (шаар) |Дубай]]

Түзүлгөн убакыты:

1971-жыл 2-декабрь

Эмири:

Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум

Расмий тили:

араб тили

Калкы (2021):

3 478 300

Жер аянты:

3885 км²

Деңиз
деңгээлинен бийиктиги:
 • Орточо бийиктиги



 11 м

Саат алкагы:

UTC+4

ISO 3166-2 коду:

AE-DU

Телефон коду:

+971

Расмий сайты
Оман жана БАЭ эксклавдары



     Оман     Абу-Даби (БАЭ)     Дубай (БАЭ)     Шаржа (БАЭ)     Ажман (БАЭ)     Умм эль-Кайвайн (БАЭ)     Рас аль-Хайма (БАЭ)     Фужейра (БАЭ)

Дубай эмирлиги (араб. إمارة دبي‎‎) — Аравия жарым аралында жайгашкан Бириккен Араб Эмирликтериндеги жети эмирликтин бирөөсү. Борбору — Дубай.

Бириккен Арап Эмирлигинин аянты жагынан эң чоң, эң өнүккөн жана эң заманбап эмирлиги. Соңку 20 жылда мунай иштетиле баштагандан бери Дубайдын структурасы кескин түрдө өзгөрүүгө дуушар болду. Мунай кирешенин 8 пайызын түзөт, бажы салыгынын жоктугунан улам курулган ири соода дүкөндөрү бул жерди тез арада соода-сатыктын бейишине айлантты.

Шаардын башында Шейх Мухаммед бин Рашит ал-Мактум турат. Ал көптөгөн чоң долбоорлорду ишке ашырган. Булардын эң көрүнүктүүсү пальма дарагы сымал курулган жасалма арал жана атластагы дүйнөнү элестеткен аралдар топтому.

Шаардын негизги бөлүктөрү Жумейра жана Дейра. Дубай дүйнөдөгү эң манилүү туризм борборлордон бири. Шаарда көптөгөн элиталык мейманканалар бар жана дүйнөгө таанымал ырчы жылдыздар шаарга келип консерт берип турат. Парусту элестеткен Бурж ал-Арап мейманканасы да бул шаарда жайгашкан.

(adecas)

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дубай өз тарыхын XVII кылымдан бери баштайт. Азыркы Дубай эмирлигинин аймагына калктын отурукташуусу жөнүндө биринчи маалыматтар 1799-жылдан баштап белгилүү.

Дубай эмирлиги 1833-жылга чейин Абу-Даби эмирлигинин курамында болгон.

Кийинчерээк, 1971-жылы көз карандысыздыкты алганга чейин Келишимдик Омандын курамына кирген.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2021-жылга карата калкынын жалпы саны 3 478 300[1] адамды түзгөн: эркектер - 2 400 100, аялдар - 1 078 200[2].

Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмирлик Араб жарым аралынын чыгыш жээгинде, Парс булуңунун түштүк-батыш бөлүгүндө жайгашкан. Түштүгүнөн Абу-Даби жана түндүк-чыгышынан Шаржа менен, ал эми түштүк-чыгышынан Оман Султандыгы менен чектешет. Дубайдын деңиз деңгээлинен бийиктиги болжол менен 11 метрди түзөт.

2016-жылы эмирликти 14 округга бөлүүнү караган жаңы даректөө системасы ишке киргизилген[3].

Климаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дубайдын аба ырайы
Көрсөткүч Жал Чын Бүг Кул Тек Баш Аяк Тог Жет Беш Үчт Бир Жыл
Абсолюттук максимум, °C 41,3 43,5 47,0 46,7 49,0 48,7 45,1 42,0 41,0 35,5 31,6 37,5
Орточо максимум, °C 28,2 32,9 37,6 39,5 40,8 41,3 38,9 35,4 30,5 26,2 24,0 25,4 33,4
Орточо температура, °C 22,5 26 30,5 33 34,5 35,5 32,5 29 24,5 21 19 20 27,5
Орточо минимум, °C 17,6 20,8 24,6 27,2 29,9 30,2 27,5 23,9 19,9 16,3 14,3 15,4 22,3
Абсолюттук минимум, °C 9,0 13,4 15,1 18,2 20,4 23,1 16,5 15,0 11,8 8,2 6,1 6,9
Булак: Dubai Meteorological Office[4], climatebase.ru (extremes, sun),[5], NOAA (humidity, 1974-1991)[6]

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дубай булуңу табигый порт болгон жана бул Дубайга балык уулоонун, бермет менен соода кылуунун жана деңиз соодасынын борборуна айланышына түрткү болгон. XX кылымдын башында Дубай бай порт шаарына айланган.

1966-жылы мунайдын кендеринин ачылышы эмирликтиктердин жашоосун толугу менен өзгөрткөн. 1969-жылы Дубай эмирлигинин биринчи мунай экспортоосу тез өнүгүү мезгили менен коштолуп, бүгүнкү заманбап коомдун пайдубалын түптөгөн.

Дубай дүйнө жүзү боюнча биринчи болуп Ислам банктарын негиздеген, 1970-жылдары Дубай Ислам банкын (DIB) ачкан, ошондой эле шариятка туура келген биринчи глобалдык биржа болгон Дубай Финансы рыногун (DFM) ишке киргизген[7].

1980-жылдары жана 1990-жылдардын башында Дубай эл аралык деңгээлдеги ири туристтик жайга айлануу боюнча стратегиялык чечим кабыл алган[7].

Азыркы учурда Дубай эмирлигинин экономикасы мунайга көз каранды болбой калды жана көбүнчө бизнес коомчулугу менен соодага, кызмат көрсөтүүлөргө жана каржы секторуна басым жасалат.

2022-жылдын тогуз айында Дубай эмирлигинин ИДПсы 307,5 миллиард дирхамга жетти[7].

Ажайып жерлери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмирликтин негизги туристтик жайларынын бири-парус формасындагы дүйнөдөгү жалгыз жети жылдыздуу Бурж эль-Араб мейманканасы жана дүйнөдөгү эң бийик Бурж Халиф имараты саналат.

Шейх Заед жолу, Дубай, 2006

Башкаруучу үй-бүлөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дубай эмирлиги, 1833-жылы Аль-Мактум үй-бүлөсү башында турган Бани Йас уруусунун 800гө жакын мүчөсү тарабынан түптөлгөн. Ошол мезгилден бери Дубай эмирлиги Аль-Мактум үй-бүлөсүнүн башкаруу алдынада.

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Population and Vital Statistics
  2. Дубайдын статистика борбору
  3. Жаңы даректөө системасы
  4. Climate(жеткиликсиз шилтеме — 'тарыхы). Dubai Meteorological Office. Текшерилген күнү 20 -декабрь (бештин айы) 2008. Түп булактан архивделген күнү 17 Апрель 2013.
  5. Dubai, Emirates. Climatebase.ru. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 17 Апрель 2013.
  6. Climate Normals for Dubai. Национальное управление океанических и атмосферных исследований. Текшерилген күнү 10 -февраль (бирдин айы) 2013.
  7. 7.0 7.1 7.2 Dubai. Economy