Шаржа (эмирлик)
Өлкө |
БАЭ |
---|---|
Административдик борбор |
[[]Шаржа (шаар)|Шаржа]] |
Башчысы |
Султан III бин Мухаммад аль-Касими |
Расмий тили |
араб тили |
Калкы |
1 800 000 |
Деңиз денгээлинен бийиктиги • өрточо бийиктиги |
|
Коду ISO 3166-2 |
AE-SH |
www.sharjah.ae Расмий сайты | |
Шаржа ( араб. الشارقة аш-Шарика Aš Šāriqah) — БАЭдеги эмирлик . Өлкөнү түзгөн жети эмирликтин ичинен аянты жана калкы боюнча үчүнчү орунда турат.
Бул эмирликтин, өлкөнүн чыгышындагы эксклавдары: Калба, Дибба Аль-Изн жана Корфаккан . Бул эмирликтин борбор болгон Шаржа шаарынын жанында БАЭнин экинчи маанилүү шаары Дубай жайгашкан. Шаарлардын ортосундагы символикалык чек арасынын жарымы Шаржа менен Дубайдын ортосунан өткөн жол түйүнү.
Башкаруу формасы - конституциялык монархия. Эмираттын башчысы – шейх Султан бин Мухаммад аль-Касими.
Калкынын саны - 1,800,000 адам. (2022-жыл)[1].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тарыхый жактан алганда, Шаржа аймактагы бай шаарлардын бири болгон. Бул аймактагы алгачкы конуштар мындан 5000 жыл мурун негизделген. XVII кылымдын башында Аль-Касими уругу ( Хувала уруусу) Шаржада отурукташып, 1727-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган.
1820-жылдын 8-январында шейх Султан I бин Сакр аль-Касими Британия менен болгон Негизги деңиз келишимине кол коюп, Британиянын протекторатын кабыл алган. Бул келишимдин негизинде Британиянын протекторатынын бир бөлүгү болгон Келишимдик Омандын курамына кирген.
1971-жылдын 2-декабрында шейх Халид III бин Мухаммад аль-Касими Шаржанын Бириккен Араб Эмирликтеринин курамына кошулуу боюнча келишимге кол койгон.
БАЭнин курамына кирген башка эмирликтер сыяктуу эле, Шаджа Эмирлиги да почта маркаларынын коллекционерлерине кеңири белгилүү болгон, анткени БАЭ түзүлгөнгө чейин Шаржа почта министрлиги тарабынан көп сандагы почта маркалары чыгарылган.
2011-жылдын 13-августунда Шаржада БАЭдеги биринчи православдык — Апостол Филипп чиркөөсү курулган.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2022-жылдын эл каттоосунун отчетуна ылайык Шаржа эмирлигинин калкынын саны болжол менен 1,8 миллион адамды түзөт[1].
БАЭнин жарандарынын саны:
- Эркектер: 103 000
- Аялдар: 105 000
- Бардыгы: 208 000
Чет өлкөлуктөрдүн саны 1,6 миллион адамды түзөт, анын ичинде 1,1 миллион эркек жана 500 миң аял[2].
Географиясы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул эки деңиз жээктеринде жайгашкан жалгыз эмирлик; батышында Араб булуңу, чыгышында Оман булуңу (Инди океаны). Жээк сызыгы болжол менен 20 км созулат.
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаржанын 2022-2024-жылдардагы корпоративдик өнүгүү стратегиясына ылайык, эмирлик үчүн атаандаштыкка жөндөмдүү, диверсификацияланган жана туруктуу экономиканы курууга көңүл бурулат. Стратегия төрт стратегиялык максатка багытталган[3]:
- Биринчи максат туруктуу экономикалык өсүшкө багытталган, ал аркылуу стратегиялык демилгелерди жана долбоорлорду ишке ашыруу максатталган.
- Экинчи максат бизнес чөйрөсүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
- Үчүнчү стратегиялык максат коммуникацияларды жакшыртуу жана кызматташтыкты бекемдөө үчүн стратегиялык өнөктөштүктү түзүүгө багытталган.
- Төртүнчүсү, бардык административдик кызмат көрсөтүүлөрдүн сапат жана натыйжалуулук стандарттарына ылайык жеткирилишин камсыз кылуу үчүн так институттук потенциалды түзүүгө багытталган.
Ажайып жайлары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаржадан бир сааттык алыстыкта жайгашкан Жебел Файяда Тюбинген университетинин окумуштуулары 125-100 миң жыл мурун термолюминесценттик ыкма менен жасалган таш куралдарды табышкан. Археологдор ошондой эле неолит, темир жана коло доорлоруна таандык артефакттарды табышкан, бирок Жебел Файяда адамдын скелеттери же сөөк калдыктары табылган эмес[4][5].
БАЭдеги эң көп жаратылыш коруктары Шаржа эмирлигинин аймагында жайгашкан[6].
Башкаруучу үй-бүлөөсү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Шаржанын башкаруучулары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- болжол менен 1727—1777 жж. шейх Рашид бин Матар аль-Касими;
- 1777—1803 жж. шейх Сакр I бин Рашид аль-Касими;
- 1803—1840 жж. шейх Султан I бин Сакр аль-Касими (биринчи падышалык убагында);
- 1840 шейх жж. Сакр бин Султан аль-Касими;
- 1840—1866 жж. шейх Султан I бин Сакр аль-Касими (экинчи башкаруусу) (1866-жылы каза болгон);
- 1866—1868 жж. шейх Халид I бин Султан аль-Касими (1868-жылы каза болгон);
- 1868—1883 жж. шейх Селим бин Султан (1919-жылы каза болгон);
- 1869—1871 жж. шейх Ибрагим бин Султан аль-Касими;
- 1883—1914 жж. шейх Сакр II бин Халид (1914-жылы каза болгон);
- 1914—1924 жж. шейх Халид II бин Ахмед аль-Касими;
- 1924—1951 жж. шейх Султан II бин Сакр аль-Касими (1951-жылы каза болгон);
- 1951-жыл шейх Мухаммед бин Сакр аль-Касими;
- 1951—1965 жж. шейх Сакр III бин Султан аль-Касими;
- 1965—1972 жж. шейх Халид III бин Мухаммад аль-Касими;
- 1972-жыл шейх Сакр бин Мухаммед аль-Касими (регент);
- 1972—1987 жж. шейх Султан III бин Мухаммад аль-Касими (экинчи башкаруусу) (1939-жылы туулган);
- 1987-жыл шейх Абд аль-Азиз бин Мухаммед аль-Касими;
- 1987-жыл — шейх Султан III бин Мухаммад аль-Касими (экинчи башкаруусу).
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Шаржа эмирлигинин расмий интернет порталы Archived 2023-11-08 at the Wayback Machine
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ 1.0 1.1 Sharjah Census 2022 report
- ↑ Sharjah. Population
- ↑ Шаржанын 2022-2024-жылдардагы корпоративдик өнүгүү стратегиясы. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
- ↑ From the Trenches — New Evidence for Mankind’s Earliest Migrations
- ↑ 125,000 Year Old Hand Axes From Jebel Faya, UAE. Текшерилген күнү 7 -ноябрь (жетинин айы) 2023. Түп булактан архивделген күнү 16 -октябрь (тогуздун айы) 2021.
- ↑ Natural reserves in the UAE
БАЭ эмирликтери | ||
---|---|---|
Эмирликтер | Абу-Даби • Ажман • Дубай • Рас-аль-Хайма • Умм эль-Кайвайн • Фужейра (Эль-Фужайра) • Шаржа |