Фужейра (эмирлик)
Фужейра араб. الفجيرة | |||
| |||
Өлкө: |
БАЭ | ||
---|---|---|---|
Абалы: |
Эмирлик | ||
Акимий борбору: | |||
Түзүлгөн убакыты: |
1953-жыл | ||
Эмири: |
Хамад II бин Мухаммад аш-Шарки | ||
Расмий тили: |
араб тили | ||
Калкы (2019): |
256 256 | ||
Жыштыгы: |
203,1 адам/км² | ||
Жер аянты: |
1163 км² | ||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги: • Орточо бийиктиги |
| ||
Саат алкагы: |
UTC+4 | ||
ISO 3166-2 коду: |
AE-FU | ||
Расмий сайты | |||
Аль-Фужейра (Фуджейра; араб. الفجيرة таң ) — БАЭнин курамындагы эмирлик.
Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Фужейра БАЭнин эң жаш эмирлиги. Башында бул эмирлик Шаржа эмирлигинин курамына кирген. 1901-жылы жергиликтүү шейх Фужейранын Шаржадан көз карандысыздыгын жарыялаган, бирок Фужейранын көз карандысыздыгын Британия 1953-жылы гана тааныган.
1892-1971-жылдары Фужейра аймагы Келишимдик Омандын бир бөлүгү болгон. 1971-жылдын 2-декабрынан тартып БАЭнин курамында.
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Фужейранын калкы 2019-жылдын эсептөөлөрү боюнча 256 256 адамга жетти.
Мамлекеттик органдын маалыматы боюнча, Фужейра эмирлигинде 2010-жылга карата БАЭнин жарандарынын болжолдуу саны[2]:
- Эркектер: 32 486
- Аялдар: 32 374
- Бардыгы: 64 860
Географиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Башка эмирликтерден айырмаланып, Инди океанындагы Оман булуңунун жээгинде жайгашкан. Фужейра аймагы булуңду бойлото 90 километрден ашык созулуп жатат. Фужейра эмирлигинин аймагынын бир кыйла бөлүгүн жээкке жакын жайгашкан тоолор ээлейт[3].
Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Бул эмирликте БАЭнин байлыгынын жана гүлдөшүнүн негизги булагы болгон - мунайдын кендери жок, бирок Фужейранын аймагында абдан ыңгайлуу жайгашкан жана бат темп менен өнүгүп жаткан деңиз порту бар. Фужейранын негизги кирешесинин булагы - балык уулоо жана айыл чарбасы.
Ажайып жайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Кумдуу деңиз жээктери, тоо сокулары, кооз капчыгайлары, көптөгөн минералдык булактары жана жашыл бакчалары, туристтер арасында абдан популярдуу болуп - бул эмирликтин сыймыктары болуп санаталат[4].
Фужейра эмирлигинде көптөгөн кызыктуу жерлер бар:
- Шаржа-Фужейра трассасындагы тоолордун арасында килемдерди, улуттук карапа буюмдарын жана сувенирлердин саткан жума базары жайгашкан.
- XVII кылымда курулган БАЭдеги эң эски мечиттин имараты да бул эмирликте жайгашкан.
- Эмирликтин түндүгүндө балыкчылардын Дибба Аль-Фужейра шаары жайгашкан, ал сууда сүзүү же акваланг менен сүзүү үчүн эң жакшы жерлердин бири.
- Фужейра эмиринин мурдагы сарайы - Аль-Хейл чеби, эмирликтин борборунан 8 км түштүк-батыш тарапта жайгашкан.
- Өлкөнүн эң чыгышкы чеби – Эль-Битна (1735-жыл).
- Вади Дафтадагы бузулган чептин калдыктары, көлмө жана пальма бакчасы орун алган.
Башкаруучу үй-бүлөөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Аш-Шарки уруусунан чыккан Фужейранын шейхтери (1971-жылдан тартып эмир деп аталат).[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- 1876—1936 жж. Хамад бин Абдаллах;
- 1936—1974 жж. Мухаммед бин Хамад;
- 1974-жылдан тартып Хамад II бин Мухаммад.
Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Федералдык атаандаштыкты жөнгө салуу жана статистика борбору
- Фужейра өкмөтүнүн расмий интернет порталы
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ United Arab Emirates: Emirates & Major Cities - Population Statistics, Maps, Charts, Weather and Web Information
- ↑ Federal Competitiveness and Statistics Authority
- ↑ About Fujairah
- ↑ Tourism
БАЭ эмирликтери | ||
---|---|---|
Эмирликтер | Абу-Даби • Ажман • Дубай • Рас-аль-Хайма • Умм эль-Кайвайн • Фужейра (Эль-Фужайра) • Шаржа |