Мазмунга өтүү

Бириккен Араб Эмирликтери

Википедия дан
БАЭ‎»‎ барагынан багытталды)

Бириккен Араб Эмирликтери
ар. الإِمَارات العربِيَّة المُتَّحِدة
англ. United Arab Emirates

Герб
Туу Герб
Урааны: «الله الوطن الرئيس
Аллах, Улут, Президент»
Гимн: «Гүлдөй бер менин өлкөм»
Эгемендүүлүк күнү 2-декабрь 1971-жыл

Улуу Британиядан)

Расмий тили араб тили
Борбор шаары Абу-Даби
Ири шаарлар Дубай, Абу-Даби, Шаржа
Башкаруу формасы Дуалистик монархия
Президент
Премьер-министр
Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян
Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум
Мам. дини Ислам
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
114-орун - дүйнөдө
83 600 км²
0
Калкы
• Бааланган (2024)
Жыштыгы

9 594 834 адам (92-орун)
114 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы (2024)
  • Ар бир жанга

849,8 млрд $ (34-орун)
77 251 $ (14-орун)
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

545,1 млрд $ (26-орун)
49 550 $
АДӨИ  0,937 (жогору) (31-орун)
Акча бирдиги БАЭ дирхамы (AED)
Домени .ae, امارات.
ISO коду AE
ЭОК коду UAE
Телефон коду +971
Убакыт аралыгы UTC +04:00

Бириккен Араб Эмирликтери (ар. الإِمَارات العربِيَّة المُتَّحِدة‎, англ. United Arab Emirates, кыскартылган варианты — Араб Эмирликтери же Эмирликтер, аббревиатурасы — БАЭ) — Жакынкы чыгыштагы, жети эмирликтен турган федеративдик мамлекет.

Бириккен Араб Эмирликтеринин курамындагы Абу-Даби, Ажман, Дубай, Рас-аль-Хайма, Умм-эль-Кайвайн, Фужейра жана Шаржа эмирликтери абсолюттук монархиялык мамлекеттер болуп саналат.

БАЭ мамлекети Азиянын түштүк-батышындагы Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан. Батышынан жана түштүгүнөн Сауд Арабиясы, түштүк-чыгышынан жана түндүк-чыгышынан Оман менен чектешет. Парс булуңунун жана Оман булуңунун суулары менен чулганат.

Шаржанын аймагынан тарбылган, б.з.ч. II кылымга таандык кумура
Дая чеби
Дубай шаары. 1950 жж.
1971-жылдын 2-декабрында Дубайдагы Бириккен Араб Эмирликтери туусун биринчи жолу көтөрүү аземи
Дубай шаары. 2015-жыл

VII кылымда Парс булуңунун түштүк жээгин жана Оман булуңунун түндүк-батыш жээгин бойлой жайгашкан чакан шейхтердин жерлерининин аймагы, жергиликтүү калкка Ислам динин жайылткан Араб халифатынын курамына кирген. Бул мезгилде Дубай, Шаржа, Фужейра шаарлары түптөлгөн.

Араб халифаты алсыраган сайын шейхтер көбүрөөк автономияга ээ болушкан. X—XI кылымдарда Араб жарым аралынын чыгыш бөлүгү карматтардын мамлекетинин курамына кирген жана ал кулагандан кийин Омандын таасири астында калган[1].

XV кылымдын аягында, бул аймактар европалыктардын кызыгуусун жараткан. Португалия Бахрейнге, Жулфарга жана Ормуз кысыгына көзөмөл орнотуп, бул жарым аралдагы биринчи европалык мамлекет болуп калган.

Жээктерге жакын жайгашкан аймактардын калкы негизинен соода-сатык иштери менен алектенишкен. XVIII кылымдан тартып жергиликтуу калк, Парс булуңундагы порттордун ортосундагы жүк ташууну монополиялаштырган жана тургундарды негизги киреше булагынан ажыраткан Улуу Британия менен күрөшүүнү баштоого аргасыз болушкан. Британиянын «Ост-Индия компаниясы» менен жергиликтүү арабдардын ортосундагы кагылуушулар дайыма кайталанып, жергиликтүү арабдар жана аймак англиялыктар тарабынан «деңиз каракчылары» жана «Деңиз каракчыларынын жээги» деген аталыштырды алган[2].

Ост-Индия компаниясы Парс булуңуна аскерлерди тынымсыз жөнөтүп турган жана 1820-жылы жети эмирлерди жана шейхтерди, бул аймактагы Англиянын үстөмдүгүн тааныган «Башкы келишимге» кол коюуга мажбурлаган.

Эмирлерге жана шейхтерге таандык аймактарда Англиянын аскер базалары түзүлгөн жана саясий бийликти англиялык саясий агентттин колунда эле. Англиялыктардын бийлигинин күчөшү, байыркы салттарды сактап калган жергиликтүү тургундардар арасындагы патриархалдык системанын бузулушуна алып келген эмес.

Бул аймактарда үстөмдүк кылган, Лива жана Эль-Айн түшүмдүү келген оазистеринин аймагын байырлаган Бани-яз уруусунун бир тобу 1833-жылы оазистерден көчүп кетип, Дубай шаарын түптөгөн жана шаардын көз карандысыздыгын жарыялаган. Бул саясий окуялардын жыйындыгында Аль-Мактум династиясы негизделип[3], азыркы күнгө да Дубайды Аль-Мактум династиясынын өкүлү башкарып келет[4].

1920-жылдарынын башында Келишимдик Оманда көз карандысыздык үчүн күрөш жүрүп, Шаржада жана Рас-аль-Хаймада өзгөчө деңгээлге жеткен. Так ушул жылдары Парс булуңунда мунайга эң бай кендердин ачылышы эмирликтердин жана бүтүндөй Жакынкы Чыгыштын тарыхына таасирин тийгизген окуя болуп калган.

1922-жылы англиялыктар шейхтердин мунайды чалгындоо жана өндүрүү үчүн уруксат берүү укуктарын толугу менен көзөмөлдөшкөн.

1950-жылдары мунай өндүрүүнүн башталышы менен аймакка чет элдик инвестициялардын ири көлөмдөгү агымы башталып, мунай сатуудан түшкөн киреше жергиликтүү калктын жашоо деңгээлин олуттуу жогорулатууга мүмкүндүк берген.

1964-жылы Араб өлкөлөрүнүн лигасы бул аймактагы элдер толук көз карандысыздыкка болгон укугун жарыялаган жана Британиянын протектораты астында болууга каршы чыккан.

1968-жылы Улуу Британиянын өкмөтүнүн 1971-жылдын аягына чейин Суэц каналынан чыгышта жайгашкан жана Парс булуңундагы аймактардан аскерлерин чыгаруу жөнүндө чечими жарыялангандан кийин, эмирликтер Парс булуңундагы араб эмирликтеринин федерациясын түзүү жөнүндө келишимге кол коюшкан. Бул федерацияга Бахрейн жана Катар кириши керек болчу, бирок кийинчерээк алар өз алдынча, көз карандысыз мамлекеттерди түзүшкөн.

1971-жылы 2-декабрда Келишимдик Омандын алты эмирлиги Бириккен Араб Эмирликтери деп аталган федерацияны түзгөнүн жарыялаган. 1972-жылы 10-февралда Рас-аль-Хайма федерациянын курамына жетинчи эмирлик болуп кошулган[5].

БАЭнин спутниктен тартылган сүрөтү
Жебел Жаис — БАЭнин эң бийик тоосу. Бийиктиги — 1 892 метр
БАЭнин чөлдүү аймактарында акация дарактары кеңири таралган

Бириккен Араб Эмирликтери Араб жарым аралынын түндүк-чыгыш бөлүгүндөгү Перс булуңу менен чектешкен аймакты ээлейт. Кургактыкта түштүгүнөн жана батышынан Сауд Арабиясы, чыгышынан Оман менен чектешет. Түндүк жээги Парс булуңу аркылуу Ирандын каршысында, ал эми түндүк-батыш жээги Катардан 50 чакырым алыстыкта жайгашкан.

Бириккен Араб Эмирликтеринин аянтынын 85% Абу-Даби эмирлигине таандык, ал эми аянты жагынан эң кичинекей болуп Ажман эмирлиги (250 км²) саналат.

Бириккен Араб Эмирликтеринин аянтынын көпчүлүк бөлүгүн, дүйнөдөгү эң ири кум каптаган аймактардын бири болгон Руб-эль-Хали чөлү ээлейт. Жээк аймактарында туз кендери бар.

Өлкөнүн климаты өтө ысык жана кургак (тропикалык чөлдүү аймак) келет. Көбүнчө мезгилдерде кум аралашкан бороондор болуп турат. Жай айларында, көлөкөдөгү абанын температурасынын орточо максимуму 40—45°С, бирок көбүнчө күндөрү 50°С тегерегинде[6]. Кыш мезгилиндегы абанын температурасы күндүзү 20—23°С, түнкүсүн 10—14°С тегерегинде. Үшүк — БАЭнин аймагындагы анда-санда гана каттлаган өзгөчө сейрек көрүнүш. Жаан-чачын туруктуу эмес, негизинен ноябрдан майга чейинки айларда жаайт. Жаан-чачындын жылдык нормасы болжол менен 120 мм[6].

2004-жылдын 28-декабрында БАЭдеги аба-ырайынын байкоо тарыхында биринчи болуп, Рас-эль-Хаймадагы Жебел Жаис тоолоруна кар жааган[7][8].

Фауна жана флора

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАЭнин аймагы өз курамына кийинки экоаймактарды камтыйт: Аль-Хажар тоолуу токойлору жана бадалдуу аймактары, Оман булуңунун чөлдөрү жана жарым чөлдөрү, Аль-Хажар тоо этегиндеги ксерикалык токойлору жана бадалдуу аймактары[9].

Оазистер жайгашкан аймактардан курма пальмасын, акация жана эвкалипт дарактарын кездештирүүгө болот. Чөлдөрдө өсүмдүктөрдүн түрлөрү өтө сейрек кездешет жана флорасы негизинен чөптөрдөн жана тикенектүү бадалдардан турат.

Жергиликтүү фауна интенсивдүү аңчылыктын айынан жок болуп кетүү коркунучуна дуушар болгон. 1970-жылы Заид бин Султан Аль-Нахайян тарабынан уюштурулган жаныбарларды коргоо программасынын алкагындагы иш-чаралардын натыйжасында ак орикс, бир өркөчтүү төө жана кабылан сыяктуу жаныбарлар сакталып калды.

Сууларында акула, тунец, кит жана майда жээк балыктарынын түрлөрү кездешет.

Саясий түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян — БАЭнин президенти
Мохаммед ибн Рашид Аль Мактум — БАЭнин премьер-министри

БАЭнин мамлекеттик түзүлүшү республикалык жана монархиялык тутумдардын уникалдуу айкалышынан турат. БАЭ —абсолюттук монархиялар болуп эсептелген жети эмирликтен турган федералдык монархиялык мамлекет. Мамлекетти Абу-Дабинин эмири, өкмөттү Дубайдын эмири жетектейт[10].

Федералдык Жогорку Кеңеш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Федералдык Жогорку Кеңеши БАЭнин мамлекеттик түзүлүш иерархиясында биринчи орунда турат. Федералдык Жогорку Кеңеш бардык жети эмирликтердин башчыларынан турат. Федералдык Жогорку Кеңеш мамлекеттин жалпы саясатын аныктайт, ал эми Министрлер кеңеши бул саясатты жүргүзүү үчүн Федералдык Жогорку Кеңешке жооп берет. Тышкы жана ички саясатты аныктоодон тышкары, Федералдык Жогорку Кеңеш өлкөнүн мамлекеттик түзүлүшүнүн принцибин кайра карап чыгууга укуктуу. Федералдык Жогорку Кеңеш ошондой эле министрлер кеңешинин төрагалыгына талапкерди бекитет[10].

Федералдык Жогорку Кеңеш сессия учурунда эки айда бир пленардык жыйындарды өткөрүп турушу керек. Федералдык Жогорку Кеңештин съезди жыл сайын октябрь айынын башында болуп турат жана кандайдыр бир чечим кабыл алуу үчүн жыйынга кеминде беш мүчөсүнүн катышуусу, алардын арасында Абу-Даби жана Дубай эмирдиктеринин өкүлдөрү болушу зарыл. Федералдык Жогорку Кеңештин жыйындагы негизинен жабык эшик артында өтөт.

Бириккен Араб Эмирликтери президентинин кызматы Абу-Даби эмирлигинин эмиринин кызмат орду менен байланышкан жана Аду-Дабинин эмири БАЭнин президенти болуп саналат. Бул эмирликте абсолюттук монархия орнотулгандыгына байланыштуу, кызмат мурас катары өтүп турат.

БАЭнин президенти куралдуу күчтөрдүн башкы кол башчысы, Жогорку коргоо кеңешинин төрагасы болуп санадат. Президент Федералдык Жогорку Кеңеш тарабынан тастыкталган жарлыктарга жана токтомдорго, Министрлер кеңеши тарабынан кабыл алынган ченемдик актыларга кол коёт. Мындан тышкары, президент дипломатиялык корпустун мүчөлөрүн, жогорку жарандык жана аскер кызматчыларын дайындайт, мунапыс жарыялайт же өлүм жазасын тастыктайт.

БАЭнин мыйзамдарында Федералдык Жогорку Кеңеш тарабынан беш жылдык мөөнөткө дайындалаган вице-президенттин кызмат орду да каралган.

БАЭнин Президентинин кызматын 2022-жылдын 14-майынан тартып Мухаммад ибн Заид Аль Нахайян аткарып келет[11]. Абу-Даби эмирлигиндеги бийлик 250 жылдан ашуун убакыттан бери Аль Нахайян уруусунун колунда[12].

Министирлер кеңеши

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент кызматка дайындаган жана Федералдык Жогорку Кеңеш кызматка бекиткен төрагасы жетектеген Министрлер кеңеши аткаруу бийлиги болуп саналат. Министрлер кеңешинин ыйгарым укуктарына мыйзам долбоорлорун жана федералдык бюджетти иштеп чыгуу, мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды аткаруу боюнча токтомдорду жана көрсөтмөлөрдү кабыл алуу, сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө, эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды ратификациялоо, мамлекеттин башка жогорку органдарынын атайын буйругун талап кылбаган федералдык кызматкерлерди дайындоо жана жумуштан бошотуу кирет[13].

Учурдагы министирлер кеңеши 37 министрден тура (алардын тогузу аялдар)[13].

Федералдык улуттук кеңеш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Федералдык улуттук кеңеш — БАЭнин мыйзам чыгаруу органы (парламентти) болуп саналат, бирок башка мамлекеттердин парламенттеринен айырмаланып бул орган мыйзамдарды чыгарбайт жана улуттук кеңешке келген даяр мыйзамдарды талкуулап, сунуштарды гана берет. Негизги функциялары БАЭнин Конституциясынын 89, 90Ю 91, 92 беренелеринде көрсөтүлгөн жана төмөнкүлөрдү функцияларды камтыйт[14]:

  • каржы маселелерин камтыган мыйзам долбоорлорун кабыл алуу, өзгөртүү же четке кагуу;
  • жылдык бюджетке байланышкан мыйзам долбоорун талкуулоо;
  • эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды талкуулоо;
  • федерациянын ишки иштерине тиешелүү жалпы маселелерди талкуулоо жана суроолор боюнча сунуштарды берүү.

Учурда Федералдык улуттук кеңештин курамына 40 депутат (Абу-Даби жана Дубайдан — 8 депутат, Рас-эль-Хайма жана Шаржадан — 6 депутат, Фужейра, Умм-эль-Кайвайн жана Ажмандан — 4 депутат) кирет.

Федералдык сот системасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

БАЭ конституциясынын 45-беренесине ылайык, Федералдык сот системасы БАЭнин федералдык башкаруу органдарын түзгөн беш органдын бири болуп саналат. БАЭдеги сот түзүмү эки системадан турат: федералдык жогорку сот жетектеген Федералдык сот системасы жана жергиликтүү соттор[15].

Бириккен Араб Эмирлиги көпчүлүк өлкөлөр жана Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү менен кеңири дипломатиялык жана коммерциялык мамиледе. Ал OPEC маанилүү ролду ойнойт жана Перс булуңундагы араб өлкөлөрүнүн кызматташтык кеңешин уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири.

Бириккен Араб Эмирлиги — БУУ, ЭЖАУ, ЭЭУ, Бүткүл дүйнөлүк почта уюму, БДСУ, БИМУ, Бүткүл дүйнөлүк банк, ЭВФ, Араб өлкөлөрүнүн лигасы, Ислам кызматташтык уюму, Кошулбоо кыймылы ж.б. уюмадардын активдүү мүчөсү.

2024-жылы Global Peace Index индекси боюнча 53-орунда[16].

Куралдуу күчтөр

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Baynunah классындагы корвет
F-16 учагы

Бириккен Араб Эмирликтеринин куралдуу күчтөрү төмөнкүдөй бөлүктөрдөн турат:

  • Жөө аскерлер — 44 000 аскер
  • Деңиз Флоту — 2 500 аскер жана 46 кеме
  • Аба күчтөрү — 4 500 аскер жана 386 учак
  • Президенттик гвардия — 12 000 аскер

2022-жылы өлкө коргонууга 20,4 миллиард АКШ долларын же ИДП 4% сарптаган[17][18]. БАЭнин куралдуу күчтөрү Парс булуңундагы мамлекеттердин ичинен эң жөндөмдүү армия деп эсептелет[18].

Бириккен Араб Эмирликтеринин куралдуу күчтөрү Сомалидеги, Косоводагы, Кувейттеги, Ливандагы, Ооганстандагы, Ливиядагы, Сириядагы жана Йемендеги аскердик операцияларга катышкан[19].

БАЭ өзүнүн аскердик резервдик күчтөрүн кеңейтүү үчүн 2014-жылдан бери эркектер үчүн 16 айга созулган милдеттүү аскердик кызматты киргизген[20]. БАЭнин тарыхындагы аскердик эң чоң жоготуу 2015-жылдын 4-сентябрында болгон, Йемендин борбордук бөлүгүндөгү Мариб аймагындагы БАЭнин жоокерлери жайгашкан жер «Точка» ракетасы менен аткыланып, натыйжасында 52 жоокер каза болгон.

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эмирлик Расмий аталышы Административдик борбору Аянты, км² Калкы, адам Карта
Абу-Даби أبو ظبي Абу-Даби 67 340 1 463 491
Ажман عجمان Ажман 259 260 492
Дубай دبي Дубай 3 885 2 262 000
Рас-аль-Хайма رأس الخيمة Рас-эль-Хайма 1 683 191 753
Умм-эль-Кайвайн أم القيوين Умм-эль-Кайвайн 777 59 098
Эль-Фужайра الفجيرة Эль-Фужайра 1 166 118 933
Шаржа الشارقة Шаржа 2 590 656 941
Дубай — БАЭнин эң чоң шаары

БУУнун эсеби боюнча, 2019-жылдын ортосунда өлкөнүн жалпы калкы 9 771 000 болгон; иммигранттар өлкөнүн жалпы калкынын 87,9% түзөт.

2015-жылдын эсеби боюнча БАЭ калкынын — 11,6% эмирликтер, түштүк азиялыктар — 59,4% (анын ичинен 38,2% индиялыктар, 9,5% бангладештиктер, 9,4% пакистандыктар, 2,3% башка Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жарандары), мисирликтер — 10,2%, филиппиндиктер — 6,1%, башка өлкөлөрдүн жарандары — 12,8% түзгөн.[21]

БАЭ эл каттоо жана акыркы расмий эсептөөлөр боюнча калкынын саны:[22]

Эмирлик 15.12.1980

жүргүзүлгөн эл каттоо

17.12.1985

жүргүзүлгөн эл каттоо

17.12.1995

жүргүзүлгөн эл каттоо

06.12.2005

резиденттик каттоо

01.07.2010

болгон балоо

01.07.2015

болгон балоо

01.07.2016

болгон балоо

БАЭ 1 042 099 1 379 303 2 411 041 4 106 427 8 264 070 8 900 000 9 121 167
Абу-Даби 451 848 566 036 942 463 1 399 484 1 967 659 2 784 490 2 908 173
Аджман 36 100 54 546 121 491 206 997 263 000
Эль-Фуджайра 32 189 43 753 76 180 125 698 163 751 213 712 225 360
Шаржа 159 317 228 317 402 792 793 573 1 060 000 1 405 843
Дубай 276 301 370 788 689 420 1 321 453 1 837 610 2 383 017 2 566 209
Рас-эль-Хайма 73 918 96 578 143 334 210 063 345000
Умм-эль-Кайвайн 12 426 19 285 35 361 49 159 65 000

Араб адабий тили — расмий, улуттук тили. Англис тили эң көп колдонулган тил[23][24], Парс булуңундагы араб тилинин диалектери жергиликтүү калк тарабынан күнүмдүк жашоодо кенири колдонулат[25].

БАЭнин диний курамы (2010-жыл)
Дин Пайыз
Ислам
  
76%
Христианство
  
13%
Индуизм
  
7%
Буддизм
  
2%
Башка диндер
  
1%
Динге ишенбегендер
  
1%

БАЭнин дээрлик бардык жарандары мусулмандар, алардын 85% сүннөттөр жана 15% шейттер. Миграция кызматынын маалыматы боюнча, иммигранттардын болжол менен 55% мусулмандар, 25% индуизмди тутунгандар, 10% христиандар, 5% буддисттер жана 5% сикхзим, бахаизм диний агымын тутунгандар[26]. Пландоо министрлигинин изилдөөсүнө ылайык, БАЭде жашаган адамдардын төрттөн үч бөлүгүн мусулмандар түзөт.

БАЭ экономикасынын негизин, мамлекеттик кирешелердин басымдуу бөлүгүн жана дээрлик бардык валюталык кирешелерди камсыз кылган багыт болуп мунайды жана жаратылыш газын өндүрүү, экспорттоо, ошондой эле реэкспорт саналат[27].

Мунай өндүрүү күнүнө болжол менен 2,2 миллион баррель деп бааланат, анын көпчүлүгү Абу-Даби эмирлигинин аймагында өндүрүлөт. Мунай бир нече ондогон жылдар аралыгында БАЭнин экономикасынын тез өсүшүн камсыз кылгон, бирок экономика тармагындагы саясий реформалардын жыйынтыгында, акыркы убактарда соода-сатык, реэкспорт тездик менен өнүгүп жатат[27].

  1. Leonard Woolley. The Beginnings of Civilization
  2. The History of Arabian Peninsula
  3. Династия Аль Мактум: история становления семьи эмиров Дубая
  4. Богатейшая династия Аль Мактум: как самая влиятельная семья Дубая пришла к власти
  5. Smith Simon. Britain's Revival and Fall in the Gulf: Kuwait, Bahrain, Qatar, and the Trucial States, 1950–71.
  6. 6.0 6.1 Atlantic Council. Climate profile: UAE
  7. BBC. Cold snap brings Gulf rare snow
  8. Gulf News. Heavy snowfall on Ras Al Khaimah's Jebel Jais mountain cluster
  9. National Library of Medicine. An Ecoregion-Based Approach to Protecting Half the Terrestrial Realm
  10. 10.0 10.1 UAEinteract. UAE Government: Political system 
  11. Бириккен Араб Эмираттарынын жаңы президенти шайланды
  12. The National News. Key figures in the life of Qasr Al Hosn
  13. 13.0 13.1 The UAE Cabinet
  14. The Federal National Council
  15. The Federal Judiciary
  16. Global Peace Index 2024
  17. The Military Balance 2023
  18. 18.0 18.1 CIA. The World Factbook. United Arab Emirates
  19. In the UAE, the United States has a quiet, potent ally nicknamed ‘Little Sparta’
  20. UAE extends compulsory military service to 16 months
  21. People and Society БЧАнин сайты
  22. БАЭ эл каттоо жана акыркы расмий эсептөөлөр боюнча калкынын саны
  23. Multilingualism and the role of English in the United Arab Emirates
  24. Languages of Dubai: what do people speak?
  25. Christensen Shane. Frommer's Dubai
  26. International Religious Freedom Report 2009
  27. 27.0 27.1 The UAE's economy

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]