.ae

Википедия дан
.ae
Киргизилген жылы

1992-жыл

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

Nic.ae, .aeDA

Уюштуруучу

Etisalat, TRA

Багыты

Бириккен Араб Эмирликтери менен байланышкан объектер

Колдонулушу

БАЭ негизги домени

Каттоодо болгон жолтоолор

БАЭ жараны паспорту менен же анын расмий өкүлү тарабынан каттоочунун кеңсесинде

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

Мөөнөтү жана каттоонун шарттары  (англисче)

Веб-сайт

https://tdra.gov.ae/aeda

Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы

.aeБириккен Араб Эмирликтери үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Telecommunications Regulatory Authority уюмунун .aeDA бөлүмүнүн башкаруусунда.

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот.

Жалпысынан, домендердин түзүлүшү төмөнкүдөй:

  • .ae - ишканалар, уюмдар жана жеке адамдар үчүн;
  • .co.ae - компаниялар үчүн;
  • .net.ae - тармак провайдерлери үчүн;
  • .gov.ae - өкмөт жана министрликтер үчүн;
  • .ac.ae - колледждер, университеттер, институттар жана академиялар үчүн;
  • .sch.ae - мамлекеттик жана жеке менчик мектептер үчүн;
  • .org.ae - коммерциялык эмес уюмдар үчүн;
  • .mil.ae - аскердик уюмдар үчүн;
  • .pro.ae - кайсы бир кесиптин ээлери үчүн, .aeDA 2008-жылы каттоону токтоткон;
  • .name.ae - жеке адамдар үчүн, .aeDA 2008-жылы каттоону токтоткон.

.ae доменин, .ae аймагындагы аккредитациялоодон өткөн каттоочу аркылуу гана каттоого болот.

Араб алфавити менен жазылуучу домендин аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: امارات.

امارات. («имарат» деп окулат, Punycode: .xn--mgbaam7a8h) — араб алфавитин колдонуп жазылуучу жогорку деңгээлдеги улуттук домен. 2010-жылдын 5-майында пайдаланууга берилген[1].


Аккредитациялоодон өткөн каттоочулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылдын 25-июнуна карата .ae аймагында 15 аккредиттелген каттоочу бар:

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Arabic Domain Name Rules

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]