.au

Википедия дан
.au
.au_Domain_Administration.svg
Киргизилген жылы

1986-жыл

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

көп

Уюштуруучу

.au Domain Administration

Багыты

Австралия менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Австралияда колдонулат

Каттоодо болгон жолтоолор

Австралияда жайгашкан уюмдар жана мекемелер өзүнө гана каттай алышат

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

IANA report on redelegation; ICANN registry agreement

Карама-каршылыктарды чечүү

.au Dispute Resolution Policy (auDRP), Complaints (Registrant Eligibility) Policy

Веб-сайт

auDA; AusRegistry

Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы

.auАвстралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

Каттоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учурда сайттарды түз .au доменинде каттоого тыюу салынган. .au доменинин учурдагы эрежелери, сайттардын категорияларына карап экинчи деңгээлдеги домендерде каттоого талап кылат.

Экинчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • .com.au — коммерциялык мекемелер үчүн;
  • .net.au — коммерциялык мекемелер үчүн (башында провайдерлер үчүн, бирок кийинчерээк колдону чөйрөсү кеңейтилген);
  • .org.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн (башында, башка критерийлерге жооп бербеген уюмдар үчүн);
  • .edu.au — билим берүү мекемелери үчүн;
  • .gov.au — өкмөт жана анын институттары үчүн;
  • .csiro.au — Шериктеш өлкөлөрдүн илимий-өндүрүштүк изилдөө уюмдары үчүн;
  • .asn.au — ассоцация жана коммерциялык эмес уюмдар үчүн;
  • .id.au — жеке адамдар үчүн.

Үчүнчү деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулуп жаткан .gov.au жана .edu.au домендери кеңири категорияларга бөлүнөт. Штаттардын өкмөттөрү жана мектептер жайгашкан жерин чагылдырган домендик аталыштарды колдонушат. Бул үчүнчү деңгээлдеги домендер мамлекеттен көз карандысыз жана штаттар тарабынан башкарылат:

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир нече экинчи деңгээлдеги домендер колдонулбай калды. Бул домендер каттоону токтоткону менен, аларда алар токтотулганга чейин түзүлгөн кээ бир сайттар бар:

  • .archie.au — 1990-жылдары Archie ftp архивдеринин хосту. 1. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
  • .conf.au — конференциялар жана башка кыска мөөнөттүү окуялар үчүн, учурда linux.conf.au гана бар;
  • .gw.au — AARNet жабдууларын тейлөө үчүн. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
  • .info.au — ар түрдүү маалыматтар үчүн;
  • .otc.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды;
  • .oz.au — австралиялык сайттар үчүн тарыхый домен. .oz башында Австралия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен болгон, бирок кийинчерээк .au га алмаштырылып, .oz зонасында бардык домендер .oz.au доменине өзгөртүлгон;
  • .telememo.au — X.400 даректери үчүн картографиялык домен. Кийинчерээк иштен чыгарылып салынды.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]