Мазмунга өтүү

.中国

Википедия дан
.中国
Ишке кириши

2002-жылы

Тип

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

колдонууда

Каттоочу уюм

Кытай интернет тармагынын маалымат борбору

Уюштуруучу

Кытайдын илимдер академиясы

Максаты

Кытай менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Кытайда кеңири колдонулат жана бизнес аналитика менен алектенген тараптардын арасында да белгилүү

Түзүмү

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот, Кытай провинцияларынын субдоменин колдонуу да мүмкүн

Документтер

эрежелер жана шарттар

Талаш-тартыштарды чечүү

талаш-тартыштарды чечүү

Сайт

www.cnnic.cn

.中国 (кыт. 中国 — «Кытай», Punycode: xn--fiqs8s) — Кытай үчүн кытай иероглифтери менен жазылган жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

Бул домен 2002-жылы Кытайдын аймагында ишке киргизилген[1][2]. Латын алфавитин колдонбогон тилдердеги домендерди киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүгү RFC стандартына тиешелүү IETF киргизгенден кийин пайда болгон[3].

Экинчи деңгээлдеги домен аталыштары кытай иероглифтерин, латын тамгаларын, сандарды жана дефисти камтышы мүмкүн[4].

Бул домендик аталыштарды Кытайдын аймагында гана түз колдонууга болот, Кытайдан сырткары аймактарда DNS-серверлерин кол менен жазып орнотуу аркылуу гана кытай иероглифтериндеги аталыштагы домендерге кирсе болот[5].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]