.kz

Википедия дан
.kz
DotKz_domain_logo.png
Киргизилген жылы

1994-жыл 19-сентябрь

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

Казак тармактык маалымат борбору

Уюштуруучу

Казакстандын IT компанияларынын ассоциациясы

Багыты

Казакстан менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Казакстанда кеңири колдонулат жана бизнес аналитика менен алектенген тараптардын арасында да белгилүү

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

Эрежелер

Карама-каршылыктарды чечүү

Талаш-тартыштарды чечүү шарттары

Веб-сайт

nic.kz

Логотиби

.kzКазакстан үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

Экинчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • .com.kz - коммерциялык уюмдар үчүн; катталган соода белгини коргоо үчүн.
  • .edu.kz - лицензиясы бар билим берүү уюмдары үчүн.
  • .gov.kz - өкмөттүк уюмдар үчүн.
  • .mil.kz - коргоо министрлиги үчүн.
  • .net.kz - маалымат байланышынын лицензиялуу тармактары үчүн.
  • .org.kz – коммерциялык эмес уюмдар үчүн.

Атайын домендик аталыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: .қаз

2012-жылдын март айында Казакстан кириллица менен жазылган, .қаз жогорку деңгээлдеги улуттук доменин ишке киргизген[1].

.қаз домени дүйнөдөгү кириллица менен жазылган домендердин үчүнчү болуп катталган.

.қаз доменинин ишин баштоо календары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биринчи этап (2012-жылдын 1-апрелинен 30-апрелине чейин) — атайын домендик аталыштарды, мамлекеттик органдардын жана Президенттин Аппараты, каттоодогу техникалык муктаждыктары үчүн домендик аталыштарды резердөө.
  • Экинчи этап (2012-жылдын 1-майынан 30-июлуна чейин) — 2011-жылдын 31-декабрына чейин Казакстан Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган соода белгилери, фирмалык аталыштардын ээлери үчүн домендерди каттоо.
  • Үчүнчү этап (2012-жылдын 15-августунан тарта) - домендик аталыштарды каттоо бардык калоочулар үчүн ачык.

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Order of introduction of «.ҚАЗ» domain name

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]