.한국

Википедия дан
.한국
Киргизилген жылы

2012-жыл март

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

Түштүк Корея интернет тармагынын маалымат борбору

Багыты

Түштүк Корея менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Түштүк Кореяда кеңири колдонулат жана бизнес аналитика менен алектенген тараптардын арасында да белгилүү

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот, субдоменин колдонуу да мүмкүн

Документтер

Эрежелер

Карама-каршылыктарды чечүү

Талаш-тартыштарды чечүү шарттары

Веб-сайт

KISA KRNIC

.한국 (punycode: xn--3e0b707e )— Корея Республикасы (Түштүк Корея) үчүн экинчи жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

2009-жылдын июль айында «Байланыш тармагын натыйжалуу колдоо» мыйзамынын 52-1 беренесине ылайык Кореянын Интернет жана коопсуздук агенттиги түзүлгөн. Аны түзүүдө уюмдун чөйрөсүнө ар кандай мекемелер, анын курамына ошол кезде жогорку деңгээлдеги домен үчүн жооптуу болгон Кореянын Интернетти өнүктүрүү боюнча Улуттук агенттиги да киргизилген.

2010-жылдын май айында «Fast Track IDN» процессинин алкагында «.한국» Түштүк Корея үчүн экинчи жогорку деңгээлдеги улуттук домен катары кабыл алуу чечими киргизилген.

2010-жылдын 16-июнунда ыкчам байкоо тобу тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо, «.한국» деминин киргизүү DNS стабилдүүлүгүнө жана коопсуздугуна эч кандай залакасын тийгизбегендиги аныкталган.

2010-жылдын 30-сентябрында Кореянын Интернет жана коопсуздук агенттиги «.한국» Түштүк Корея үчүн экинчи жогорку деңгээлдеги улуттук домен катары кабыл арызы менен ICANN кайрылган[1].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Delegation of the .한국 ("Hanguk") domain representing the Republic of Korea in Korean

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]