.nz

Википедия дан
.nz
Dnclogo.png
Киргизилген жылы

1987-жыл

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

NZRS Limited

Уюштуруучу

InternetNZ

Багыты

Жаңы Зеландия менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Жаңы Зеландияда колдонулат

Каттоодо болгон жолтоолор

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

Доменди башкаруу боюнча регламент (англисче)

Карама-каршылыктарды чечүү

Талаштарды чечүү талаптары (англисче)

DNSSEC

бар

Веб-сайт

dnc.org.nz (англисче)

.nz (англис. New Zealand ) — Жаңы Зеландия үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Домендик аймакта, 18 жашка толгон жеке жактар, юридикалык жактар, Жаңы Зеландиянын резиденттери жана резидент эместери экинчи же үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштарды каттаса болот - .nz, .ac.nz, .co.nz, .cri.nz, .gen.nz, .geek.nz, .govt.nz, . Health.nz, .iwi.nz, .kiwi.nz, .maori.nz, .māori.nz, .mil.nz, .net.nz, .org.nz, .parlament.nz, .school.nz.

Домен Domain Name Commission (DNC) тарабынан башкарылат.

.nz домендик аймагындагы аталыштарды каттоо расмий түрдө көптөгөн каттоочуулар тарабынан ишке ашырылат[1].

2014-жылдын март айына карата .nz аймагында 549 781 домен катталган[2].

.nz улуттук жогорку деңгээлдеги домен, Жаңы Зеландиянын мамлекеттик аймагынын Alpha2 геокоддунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн ISO 3166 стандарттары катары колдонулат — (ISO 3166-1, ISO 3166-2, ISO 3166-2:NZ)[3].

Домендерди каттоодо болгон талаптар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.nz домендик аймагында катталган домендер, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендер, каттоочу тарабынан коюлган талаптарга жооп бериши керек[4][5].

  • Сепараторлор менен бөлүнгөн домендик аталыштардын узундугу, биринчи жана экинчи деңгээлдеги - nz, .ac.nz, .co.nz, .cri.nz, .gen.nz, .geek.nz, .govt.nz, .health.nz, .iwi.nz, .kiwi.nz, .maori.nz, .māori.nz, .mil.nz, .net.nz, .org.nz, .parliament.nz, .school.nz домендерин эсепке албаганда — 63 белгиден (символдон) ашпоого тийиш.
  • Домендик аталыштын толук узундугу — 253 белгиден (символдон) ашпоого тийиш.
  • Домендик аталыш латын алфавитинин тамгаларынан (a-z), сандардан (0-9) жана дефистен (—) турушу мүмкүн.
  • Домендин аталышы атайын (ā, ē, ī, ō, ū) белгилерин камтышы мүмкүн.
  • Домендин аталышы сызыкчалардан (—, -) башталбоого же аяктоого тийиш.
  • Домендик аталыш биринин артына бири турган эки дефистен турбоого тийиш (— —).
  • Домендик аталыш кайталанган уда турган (xn--) билгилерден турбоого тийиш.

Биринчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.nz домен аймагынын биринчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары жана жөнгө салынуучу колдонуучулар.

Lомен Жөнгө салынган колдонуучулар
.nz Биринчи деңгээлдеги негизги домен

Экинчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.nz домен аймагынын экинчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары, жөнгө салынуучу колдонуучулар, домен категориялары[6].

Домен Жөнгө салынган колдонуучулар
.ac.nz Жогорку окуу жайлары жана тийиштуу уюмдар үчүн.
.co.nz Коммерциялык уюмдар, фирмалар үчүн.
.cri.nz Мамлекеттик илим-изилдее институттары үчүн.
.gen.nz Башка домендердин критерийлерине жооп бербеген жеке адамдар, уюмдар үчүн.
geek.nz Өзүн компьютер жана компьютердик технологиялар менен байланыштырган адамдар үчүн.
.govt.nz Ыйгарым укуктуу мамлекеттик, республикалык, аймактык жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн.
Health.nz Катталган медициналык адистер, саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн.
iwi.nz Коомдук бирикмелердин, уруулардын жетекчилеринин уруксаты менен иш алып барган маори элинин топтору, маорилердин коомдук-саясий бирдиктери (Хапу) коомдук бирикмелери (иви) үчүн.
kiwi.nz Киви концепциясы менен өздөрүн байланыштырган адамдар жана уюмдар үчүн.
www.maori.nz



www.māori.nz
Маори элинин жеке адамдары, топтору жана уюмдары үчүн гана.
.mil.nz Жаңы Зеландиянын куралдуу күчтөрү, аскердик уюмдары үчүн.
.net.nz Уюмдар, Интернет-провайдерлер, провайдерлер жана .nz домендик аймагына түздөн-түз байланышы бар башка кызматтар үчүн.
.org.nz Коммерциялык эмес уюмдар үчүн.
parlament.nz Жаңы Зеландиянын мыйзам чыгаруу органы (Жаңы Зеландиянын парламенти) жана мыйзам чыгаруучу, парламенттик системанын бир бөлүгү болгон жеке адамдар үчүн.
.school.nz Башталгыч, орто, мектепке чейинки билим берүү уюмдары жана аларга тиешелүү уюмдар үчүн.

Дагы башка шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2010-жылга чейин домендик аталыштарда латын тамгаларына гана уруксат берилген, 2010-жылдын 7-июлунан тартып маори тилиндеги үндүү тыбыштардын фонетикалык айтылышына ылайык кошумча символдор колдонулушу мүмкүн деген чечимге келишкен, азыркы учурда колдонула турган символдор ā, ē, ī, ō жана ū[7].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. .nz домендин аймагындагы расмий каттоочулар
  2. 1994-2013 жж. статистикасы
  3. Жаңы Зеландия, ISO версиясы боюнча административдик-аймактык бөлүнүү ISO 3166-2:NZ.
  4. Доменди колдонуунун шарттары
  5. Домендик аталышка болгон талаптар
  6. Колдонуу шарттары, талаптар, жөнгө салынган колдонуучулар, домен категориялары
  7. Маори фонетикасына ылайык кошумча белгилерди колдонуу

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]