Маорилер

Википедия дан

Маорилер – полинезиялык эл. Жаңы Зеландиянын жергиликтүү калкы. Саны 565,3 миң киши (2006). Маори жана англис тилдеринде сүйлөшөт. Динге ишенгендери – протестанттар (англикандар, пресвитериандар, баптист) жана католиктер. Маорилердин ата-теги 13-кылымда Чыгыш Полинезиядан Жаңы Зеландия аралына келип, жергиликтүү эл менен аралашып кеткен. 19-кылымдын 1-жарымында маорилердин жерин Улуу Британия басып алган. 19-кылымдын аягынан маорилер англис-жаңы зеландиялыктар менен ассимиляцияланып, алардын таасири менен европалык жашоо образын өздөштүргөн. Негизги кесиби – дыйканчылык, аңчылык, балык кармоочулук. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Учурда маорилердин көпчүлүгү айыл чарба жана өнөр жайда иштешет. Интеллигенциясы калыптанган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]