.ax
.ax — Финляндиянын Аланд аралдары үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.
Мурда Аланд аралдарына тиешелүү сайттар үчүн .aland.fi субдомени колдонулган.
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2006-жылдын, 17-февралында Финляндия парламенти фин домендик аталыштарын жөнгө салуучу мыйзамдарынын өзгөртүүлөрү жогорку деңгээлдеги домендерди да камтыган, бул домендердин арасында .ax домени да болгон. 2006-жылдын 17-мартында бул мыйзамдарга Финляндиянын президенти Тарья Халонен кол койгон жана мыйзамдар 2006-жылдын 27-мартында күчүнө кирген[1].
2006-жылдын 9-июнунда ICANN тарабынан .ax домендик аймагын башкаруу Аланд аралдарынын Өкмөтүнө өткөрүлүп берилген[1].
.ax домендер тизмесине 2006-жылдын 21-июнунда кошулган жана 2006-жылдын 15-августтунан тартып катоого ачык[2]. X тамгасы Аланд аралдарынын аталыштарында кездешпейт[3], бирок .al домени Албания, .ad домени Андорра жана .an домени Антил аралдары тарабынан колдонулгандыга байланыштуу, X тамгасын колдонууга токтолушкан.
Үч жыл бою ичинде .ax доменин менен катар aland.fi субдомени колдонулган жана aland.fi субдомени ишин токтоткондон соң, бул субдоменди колдонгон аталыштар .ax доменине өтүшкөн.
2016-жылдын 6-сентябрынан тарта .ax домендик аймактагы аталыштарды баардык калоочулар каттай алышат[4].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- IANA сайтындагы .ax домени үчүн whois маалыматы Archived 2006-07-02 at the Wayback Machine