.ag

Википедия дан
.ag
Nicag.jpg
Киргизилген жылы

1991-жыл

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

NicAg

Уюштуруучу

жок

Багыты

Мамлекет менен байланышкан объектер

Колдонулушу

Германияда, ag деген аталыш — акционердик коом деген аталыштын кыскартуусуна окшош болгондугана байланыштуу — бул өлкөдө кеңири колдонулган. Бирок, сот чечиминин негизинде ag домендик аталышын Германияда колдонуу чектелген.

Каттоодо болгон жолтоолор

жок

Маңызы

Экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Документтер

Каттоо шарттары  (англисче)

Карама-каршылыктарды чечүү

UDRP

DNSSEC

бар

Веб-сайт

Nic.ag

Whois-сервер

whois.nic.ag

Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы

.ag (англ. Antigua and Barbuda)Антигуа жана Барбуда үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен. Экинчи же үчүнчү деңгээлдеги домендик аталышты каттоо жеке жана юридикалык жактар, Антигуа жана Барбуда резиденттери жана резидент эместери үчүн төмөнкү домендик аймактарда жеткиликтүү - .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org.ag, .edu.ag, .gov. ag.

Бул домендик аталыш Антигуа жана Барбуданы мамлекет катары көрсөтө алат. Германия, Австрия, Швейцариядагы айыл чарба ишканаларынын, уюмдарынын, тоо-кен казып алуу, жана кайра иштетүү ж.б. уюмдардын менчиктик түрлөрүн көрсөтүү үчүн колдонулат (AG латын. Argentum — күмүштүн химиялык белгиси болуп саналат).

Бул домендин экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги аталыштарын юридикалык жана жеке жактар каттоо мүмкүнчүлүгү ээ. Nic AG компаниясы тарабынан башкарылат[1][2].

Домендик аталыштар боюнча талаш-тартыштар келип чыкканда ICANN (Internet Corporation for Assigned Names and Numbers) тарабынан кабыл алынган эрежелер менен жөнгө салынат[3].

AG — улуттук жогорку деңгээлдеги домен, Антигуа жана Барбуданын мамлекеттик аймагынын Alpha2 геокоддунун административдик-аймактык түзүлүшүнүн ISO 3166 стандарттары катары колдонулат — (ISO 3166-1, ISO 3166-2, ISO 3166-2: AG)[4].

Домендерди каттоодо болгон талаптар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.ag домендик аймагында катталган домендер, экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги домендер, каттоочу тарабынан коюлган талаптарга жооп бериши керек[5].

  • Сепараторлор менен бөлүнгөн домендик аталыштардын узундугу, биринчи жана экинчи деңгээлдеги - .ag, co.ag, .com.ag, .nom.ag, .net.ag, .org .ag, .edu.ag, .gov.ag домендерин эсепке албаганда — 63 белгиден (символдон) ашпоого тийиш.
  • Домендик аталыштын толук узундугу — 255 белгиден (символдон) ашпоого тийиш.
  • Домендик аталыш латын алфавитинин тамгаларынан (a-z), сандардан (0-9) жана сызыкчалардан (—, -) турушу мүмкүн.
  • Д оменд алыш ы сызыкчалардан (—, -) башталбоого тийиш.
  • Домендик аталыш биринин артына бири турган эки сызыкчадан турбоого кийиш (- -, — -, - —, — —).
  • Домендик аталыш атайын кызматтардын (милиция, өрт өчүрүү кызматы, тез жардам ж.б.) телефон номерлерине жана аталышына айкалыш болбоого тийиш.
  • Домендик аталыш азыркы учурда колдонулуп жаткан же келечекте бериле турчу паспорттордун ID номерлерин, салык төлөөчүнүн идентификациялык номерлерин, социалдык камсыздандыруу номерлерин ж.б. айкалыштарды камтыбоого тийиш.
  • Домендин аталышы бир сандан же бир тамгадан турбоого тийиш.

Резервдеги аталыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2007-жылдын 28-майына карата резервге коюлган домендик аталыштардын тизмеси[6].

  • Улуттук жогорку деңгээлдеги домендердин аталышына айкалыш же дал келген — 245 аталыш.
  • Тестирлөө жана изилдөөлөр менен байланышкан - 4 аталыш.
  • Жаңылышуу алып келген аталыштардан — 6 аталыш.
  • Экинчи деңгээлдеги домендерде болгон аталыштардан — 5 аталыш.
  • Субдомендерде болгон аталыштардан — 2 аталыш.
  • Дүйнөнүн бөлүктөрүн, географиялык аталыштарды ж.б. белгилөөчү бир тамгадан же бир сандан турган — 326 аталыш.
  • Кандайдыр бир аталыштар же мамлекеттердин аттары менен дал келген — 295 аталыш.

Биринчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.ag домен аймагынын биринчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары жана жөнгө салынуучу колдонуучулар.

Домен Жөнгө салынган колдонуучулар
.ag Биринчи деңгээлдеги негизги домен

Экинчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.ag домен аймагынын экинчи деңгээлдеги домендеринин таблицасы, колдонуу шарттары, жөнгө салынуучу колдонуучулар, домен категориялары.

Домен Жөнгө салынган колдонуучулар
.co.ag Коммерциялык уюмдар үчүн.
.com.ag Коммерциялык уюмдар үчүн.
.nom.ag
.net.ag Интернет-провайдерлер, хостинг, веб-сайттарды жасоочулар, Интернет тиркемелерин иштеп чыгуулар, провайдерлер үчүн.
.org.ag Коммерциялык эмес уюмдар үчүн.
.edu.ag Антигуа жана Барбудадагы билим берүү мекемелери үчүн гана.
.gov.ag Антигуа жана Барбуда мамлекеттик органдары үчүн гана.

Дагы башка шарттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Домендик аталыштарды каттоо баасы:[7]

  • Үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн ― АКШ доллары;
  • Экинчи деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн ― 75 АКШ доллары;
  • Үчүнчү деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуданын резидент эместери үчүн ― 100 АКШ доллары;
  • Экинчи деңгээлдеги домендик аталыштар, Антигуа жана Барбуданын резидент эместери үчүн ―150 АКШ доллары;
  • Домендерге негизделген үчүнчү деңгээлдеги домендер (.org.ag, .edu.ag, .gov.ag) Антигуа жана Барбуда тургундары үчүн акысыз.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]