Хостинг

Википедия дан
Хостингдер тиби

Хостинг (англ. hosting) - дайыма тармакта турган (адатта интернетте) сервердеги маалыматты жайгаштыруу үчүн каражаттарын камсыз кылган кызмат.

Адатта хостинг сайтты тейлөө пакетине кирет жана файл издөөлөрдү иштетүүгө керектүү программалык камсыздоосу бар (веб-сервер) сайттын файлдарын серверге жайгаштыруунун минимум кызматын билдирет. Эреже катары, тейлөөгө почталык кат алмашуу үчүн орун, берилишсиз DNS, файл-серверден атайын бөлүнгөн файл сактоочу жай жана бул кызматтардын иштөөсүнө көзөмөл кылуу кирет.

Маалыматтар базасынын хостинги, файл жайгаштыруу, электрондук почта хостинги, DNS кызматы өзүнчө кызмат катары дагы, комплекстүү кызмат катары дагы көрсөтүлүшү мүмкүн.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хостинг тандоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Хостинг тандоо критерийлеринин бири колдонулган операциондук систем болуп саналат. Анткени, тигил же бул кызматтардын иштөөсүн колдогон программалык камсыздоо ушундан көз каранды. Хостингди сыпаттоонун маанилүү өңүтү тигил же бул кызматтардын жана мүмкүндүктөрдүн бардыгы болуп саналат.[1]

  • CGI колдоо: Perl, PHP, Python, ASP, Ruby, JSP, Java
  • .htaccess/.htpasswd (Apache үчүн) колдоо
  • берилиш базаларын колдоо

Ошондой эле мүмкүнчүлүктөрдүн ар бири үчүн орнотулган модулдар жана фреймворктор.

Хостингди кызмат катары сандык чектөөлөрүнө карап салыштырышат, сыпатташат жана баалашат:

  • колдонуучунун файлдарына ылайык диск мейкиндигинин өлчөмү
  • бир айлык трафик өлчөмү
  • бир каттоо эсеби менен киргизүүгө мүмкүн болгон сайттардын саны
  • FTP колдонуучулардын саны
  • E-Mail кутучалардын саны, жана почтага арналган диск мейкиндигинин көлөмү
  • берилиш базасына арналган берилиштер базасынын жана диск мейкиндигинин өлчөмү
  • колдонуучу бир мезгилде аткарчу жараяндардын саны
  • RAM өлчөмү жана колдонуучунун ар бир жараянына бөлүнгөн максималдуу аткаруу убактысы

Сапаттык чектөөлөр:

  • сервердин ылдамдыгына таасир эткен эркин CPU, оперативдик эс каражаттары.
  • Каналдардын өткөрүү кудурети (бул маалыматты жүктөөгө таасир этет)
  • хостердин жабдууларынын максаттуу топтон обочолугу (бул маалыматты жүктөөгө таасир этет)

Кээ бир акы алуучу хостинг компаниялар кызматтарын белгилүү мөөнөт ичинде акысыз сынап көрүүнү сунушташат. Мөөнөт бүткөндө колдонуучу бул хостинг компания өзүнө туура келеби жана узак мөөнөткө акы төлөө туура болобу чечиши керек. Адатта мындай сыноолор тесттик эсептердин чайкоочулугунан оолак болуу максатында экинчи деңгээлдеги домендердин ээлерине гана берилет.

Акы алуучу хостерлерден тышкары акысыз хостинг-компаниялар да бар. Булар сыпатталган веб-технологияларды колдошот. Ошентсе да, алар кээ бир мамлекеттерде жайылбагандыктан, адамдар төлөмдүү хостинг кызматтарды пайдаланышат.

Хостинг акы төлөнүүчү жана акысыз болот.

Алар төмөнкүдөй түрлөргө да бөлүнөт:

  1. Виртуал хостинг — ээлери бирдей укук жана милдеттерге ээ көп сайттуу сервер.
  2. Бөлүнгөн виртуал сервер — VPS — сервердеги диск мейкиндигинин автоном (бөлүнгөн) бөлүгү жана туруктуу каражаттар. Бул демек, администратордук укугу бар киши программаларды өз алдынча тууралай алат жана керектүү учурда жаңыларын орното алат.
  3. Бөлүнгөн сервер — өзүнчө ОС, ПКлуу серверге толук ээлик кылуу.
  4. Colocation — жеке киши, ишкер, компания ээлик кылган серверди хостинг компаниянын дата-борборуна жайгаштыруу.

Виртуалдык хостингдин артыкчылыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Сервердин жана сервердик жабдуулардын алдын алуу менен байланышкан иштердин көбү хостинг провайдери тарабынан кабыл алынгандыктан, сайтты колдоо боюнча үнөмдөө.Мындан тышкары, жабдууларды сатып алуу жана жайгаштыруу үчүн эч кандай зарылчылыгы жок.[2]
  • Хостингди орнотуу сиз тараптан ыңгайлуу административдик панел аркылуу ишке ашырылат: анын бардык мүмкүнчүлүктөрүн бир нече сааттын ичинде өздөштүрүп кете аласыз. Ал жерде сиз файлдарды, маалымат базасын, почта ящиктерин, хостингге кирүү мүмкүнчүлүгүн жана башкаларын башкара аласыз.
  • Кызматтардын чоң пакети «демейки боюнча». Хостинг провайдерлери акысыз домендик аталыштарды, почта дарегин каттоо мүмкүнчүлүгүн, антивирус, хакерлерге каршы коргоо пакеттерин жана башкаларды сунуштайт.

Виртуалдык хостингдин кемчиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сайттардын виртуалдык хостингинин кемчиликтери түздөн-түз технологиянын өзгөчөлүктөрүнөн келип чыгат — бир нече ресурстардын жалпы, буга чейин конфигурацияланган серверде биргелешип жайгашуусу. Сервер мурунтан эле орнотулган жана конфигурациялангандыктан, сиз ал жерде өз программаңызды орното албайсыз, ал демейки боюнча хостинг провайдери тарабынан колдоого алынбайт.[3] Бирок бул кемчилик ири долбоорлорго гана тиешелүү. Порталдардын жана визиттик карта сайттарынын басымдуу көпчүлүгү үчүн сервердик программалык камсыздоонун стандарттуу тизмеси жетиштүү. Сервер – бул алыстыктагы компьютер, чектелген физикалык ресурстарга ээ: процессордун кубаттуулугу, компьютердин оперативдүү эс тутуму.[4] Алар жалпы хостингде жайгаштырылган бардык сайттар арасында бөлүштүрүлөт. Сейрек, бирок кээде бир сайт керектен көбүрөөк ресурстарды керектейт. Бул учурда, анын хостинг кошуналары RAM жана процессордун кубаттуулугунун жетишсиздигине дуушар болушу мүмкүн: алар жайыраак жүктөй башташат, кыйроолор башталат. Бирок, мындай көйгөйлөрдүн баары хостинг провайдери тарабынан ресурстарды бөлүштүрүү эрежелерин тактоо менен чечилет.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Сайт үчүн хостинг кантип тандоо керек
  2. What is shared web hosting?. namecheap.com. Текшерилген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  3. What are the disadvantages of shared hosting?. knownhost.com. Текшерилген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2022.
  4. What is a Server?. techtarget.com. Текшерилген күнү 25 -ноябрь (жетинин айы) 2022.