Электрондук почта

Википедия дан
Маймылча белгиси

Электрондук почтаинтернет колдонуучулар арасында жекеме-жеке маалыматтарды алмашуу же кат беришүүнү камсыз кылган каражат.

Бирок, кадимки почтадан айырмаланып электрондук почта бир канча эсе ылдам жана андагы каттардын көлөмүндө чек жок. Болгону кат жөнөтүлө турган адамдын дарегин билүү жетиштүү. Электрондук почта алгач болуп 1971-жылы “Болт Беранек энд Ньюман” компаниясынын кызматкери Рей Томлисон тарабынан ойлонуп табылган. Бир жылдан соң электрондук маймылча түшүнүгү пайда болгон. Маймылча бир нерсенин үстүндө деген түшүнүктү берип, андан соң электрондук почтанын бөлүнбөс бөлүгүнө айлаган.

Электрондук почта аталган кызматты сунган сайт же тармак маанисине келген серверлердин маалымат алмашуусу аркылуу иштейт. Ар бир серверде, жиберүүчү жана алуучу бөлүмү болот. Каттарды алгач болуп дайыма кабыл алуучу сервер алат. Андан соң келген кат колдонучунун кутусуна түшөт.

Учурда электрондук почта аркылуу жарнамалар таасирдүүлүгүн көрсөтүп келет. Жарнамалык маанайдагы алгачкы электрондук кат 1994-жылы жөнөтүлгөн. Убакыт өткөндөн кийин электрондук почтага жөнөтүлгөн мындай каттар СПАМ деген атка конуп, жарнама каттарына чектөөлөр коюла баштаган. Ал тугул 1998-жылы Кытайда Лин Хай жана Уонг Юкай аттуу физик-программисттер бийликке каршы болгон жарыяларды электрондук почта аркылуу жөнөттү деген айып менен эркинен ажыратылган.

Учурда электрондук почталар интернет менен кошо өнүгүүгө дуушар болуп, акча төлөнүүчү электрондук почталар дагы пайда болууда. Акылуу почталар акысыз почталардын көрсөткөн кызматынан сапаттуулугу менен айырмаланат. Каттарды бат жеткирет, керексиз каттардан почта кутусун сактайт жана интернет аркылуу соода учурунда ишенимдүүлүктү арттырат.

Ал эми акысыз электрондук почта кызматтарынын ичинен дүйнөдө Outlook.com, Yahoo! Mail, Mail.com, Gmail өңдүү электрондук почта порталдары көп колдонулат.

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда электрондук почта кызматы 1994-жылдан баштап ачыла баштаган. Кыргызстанда алгачкы болуп электрондук кат кызматын "ЭлКат" компаниясы көрсөтүп баштаган.

Учурда Кыргызстанда электрондук почта озгочо жаштар арасында кенири жайылган. Жаштардын электрондук почта колдонуудагы максаты эмне? Бул суроо менен замандаштарга кайрылдык.

Убакыт өткөн сайын электрондук почтанын коопсуздугуна вирустар таасирин тийгизуудо. 2000-жылдын 4-майында төрт электрондук даректин сыр сөзү ачылып “Ай лав ю” аталышындагы вирус почталарга тарап кеткен. Филлипин өлкөсүнөн башталган бул вирус электрондук почта аркылуу көп компьютерлерди иштен чыгарган. Натыйжада бул вирус 7 миллиард долларга тете болгон чыгым алып келген. Учурда электрондук почталар ишенимдүүбү, же башкалар кирип кетиши мумкунбу? Бул туурасында Кыргызстанда акысыз электрондук почта кызматын сунган Namba.kg сайтынын кызматкери Александр Туманов мындай дейт.

Александр Туманов: Милдет ар бир колдонуучунун почтага кире турган сыр созун бекем сакташында жатат. Почтада жана компьютерде дайыма вирустарды текшерип туруу зарыл. Эгер сыр созунузду уурдатып, же электрондук почтаны ачык таштап кеткен учурларды айтпаганда, электрондук почталар ишеничтуу эле болуп саналат жана башка бироолордун сиздин почтанызга кириши кыйын болот.

Натыйжада электрондук почтаны ишенимдүү колдонуу ар колдонуучунун өз колунда. Эгер электрондук почтаңызга вирус киришин, же башка бирөөлөрдүн баш багуусун каалабасаңыз почтаны колдонгондон кийин дайыма жапканды унутпаңыздар, дешет адистер.