Python

Википедия дан

Python (IPA менен: [ˈpʌɪθ(ə)n]; питон аталышы жайылган) - иштеп чыгуучунун өндүрүмдүүлүгүнө жана коддун окумдуу болушуна багытталган жогорку даражалуу, жалпы милдеттерди аткарууга арналган программалоо тили. Python өзөгүнүн синтаксиси - минималдаштырылган. Ошол эле учурда, стандарттуу китепканасы көптөгөн пайдалуу функцияларды камтыйт.

Python бир нече программалоо парадигмаларын колдойт. Алардын ичинде структуралык, функционалдык, императивдик, объектиге жана аспектиге багытталган парадигмалар да бар. Негизги архитектуралык өзгөчөлүктөрү - динамикалык типтештирүү, автоматтык эс башкаруу, толук интроспекция, бөтөнчөлүктөрдү иштетүү механизми, көп агымдык эсептөөнү колдоо жана жогорку даражалуу маалымат структуралары. Python'до коддор модул болуп бириге алчу иш-милдеттер жана класстар болуп уюшулат. (модулдар өз кезегинде пакет болуп бириге алышат).

Python'дун үлгүлүү колдонулушу - жигердүү колдонулган көпчүлүк платформаларга шайкеш келген CPython интерпретатор болуп саналат. Бул проприетардык жана башка бардык колдонмолордо колдонууга жол берген Python Software Foundation эркин лицензиясы менен тарайт. JVM (компиляция мүмкүндүгү менен), MSIL (компиляция мүмкүндүгү менен), LLVM ж.б. үчүн сунушталган чечмелөөчүлөр бар. PyPy долбоору Python'ду JIT-компиляция менен ишке ашырууну сунуш кылат. Мында Python-программаларды аткаруунун ылдамдыгы кыйла жогорулайт.

Python - жигердүү өнүгүп жаткан (тилдик өзгөчөлүктөрүн кошуп/өзгөртүп турган) программалоо тили. Жаңы версиялары болжол менен эки жарым жылда бир чыгып турат. Мунун жана башка себептердин жыйынтыгында Python'дун ANSI, ISO жана башка расмий стандарттары жок. Булардын милдетин CPython аткарат.

Философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Python тилин иштеп чыгуучулар белгилүү бир программалоо философиясынын жактоочулары болуп саналат, ал «The Zen of Python» (Питондун Зени) деп аталат. Бул философиянын автору Тим Петерс деп эсептелет.

Философия тексти:

  • Көрксүздөн сулуу артык.
  • Кыйытып айтылгандан түз айтылган артык.
  • Чаташкандан жөнөкөй артык.
  • Татаалдан чаташкан артык.
  • Ичи-ичине киргенден, түз болгон артык.
  • Тыгыздан сейрек артык.
  • Окумдуулугу жакшы.
  • Өзгөчө учурлар эрежелерди бузганчалык өзгөчө эмес.
  • Практика тазалыкты жеңет да.
  • Каталар эч качан унчукпай өтпөшү керек.
  • Атайылап үнүн өчүрүшпөсө.
  • Белгисиздиктин алдында болжолдоо азгырыгынан баш тарт.
  • Аны жасоонун бир - эң жакшысы бир гана - жолу болушу керек.
  • Эгер голландиялык болбосоң, бул алгач ачык-айкын болбошу мүмкүн.
  • Кийинкиден азыркы артык.
  • Ошентсе да, азыркыдан эч качан артык.
  • Эгерде ишке ашырууну түшүндүрүү кыйын болсо, анда жаман идея.
  • Эгерде ишке ашырууну түшүндүрүү оңой болсо, анда жакшы идея болушу мүмкүн.
  • Атбоштуктары - бул эң сонун идея! Келгиле, ошолордон көп жасайлы!

Программалоо мисалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салам, Дүйнө програмы:

print('Салам, Дүйнө!')

Оң сандын факториалын эсептей турган программа:

n = int(input('бир сан жаз, анан анын факториалы принт болот: '))

if n < 0:
    raise ValueError('терс сандарды киргизүүгө болбойт')

factorial = 1
for i in range(2, n + 1):
    factorial *= i

print(factorial)

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тилди ишке ашыруу идеясы 1980-жылдардын аягында пайда болуп, аны ишке ашыруунун өнүгүшү 1989-жылы Голландиянын CWI институтунун кызматкери Гидо ван Россум тарабынан башталган. Амебанын бөлүштүрүлгөн операциялык системасы кеңейтилүүчү скрипт тилин талап кылган жана Гвидо бош убактысында Python тилин иштеп чыгууга киришип, иштин бир бөлүгүн ABC тилинен алган (программалоону үйрөнүүгө багытталган бул тилди өнүктүрүүгө Гвидо катышкан). Python эң башынан эле объектиге багытталган тил катары иштелип чыккан.

Гидо ван Россум бул тилди 1970-жылдардагы популярдуу британиялык "Монти Питондун учуучу цирки" комедиялык телешоусунун атынан атаган.

  Python версияларынын мөөнөттөрү
  1989-жылы декабрьда  ишке ашыруу башталды 
  1990-жылы CWI  версиясы
  1991-жылы февраль 0.9.0 (alt.sources берүү)
  1991-жылы февраль 0.9.1
  1991-жылы күзүндө 0.9.2
   24-декабрь, 1991-жыл 0.9.4
   1992 – жылы 2 – январь 0.9.5 (жалгыз Macintosh)
   6-апрель, 1992-жыл 0.9.6
   Белгисиз 1992 - жылы 0.9.7beta
   9 - январь 1993 - жылы 0.9.8
  1993 – жылы 29 – июль 0.9.9
  1994 – жылы 26 – январь 1.0.0
  1994 – жылы 15 – февраль 1.0.2
  1994 – жылы 4 – май 1.0.3
  1994 – жылы 14 – июль 1.0.4
  1994 – жылы 11 – октябрь 1.1
  1994 – жылы 10 – ноябрь 1.1.1
  1995 – жылы 13 – апрель 1.2
  1995 – жылы 13 – октябрь 1.3
  1996 – жылы 25 – октябрь 1.4
  1998 – жылы 3 – январь 1.5
  1998 – жылы 31 – октябрь 1.5.1
  1999 – жылы 13 – апрель 1.5.2
  2000 – жылы 5 – сентябрь 1.6
  2000 – жылы 16 – октябрь 2.0
  2001 – жылы 17 – апрель 2.1
  2001 – жылы 21 – декабрь 2.2
  2003 – жылы 29 – июль 2.3
  2004 – жылы 30 – ноябрь 2.4
  2006 – жылы 16 – сентябрь 2.5
  2008 – жылы 1 – октябрь 2.6
  2008 – жылы 3 – декабрь 3.0 
  2009 – жылы 13 – февраль 3.0.1

Популярдуулук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2003-жылдан бери Python дайыма TIOBE программалоо коомчулугунун индексинде эң популярдуу программалоо тилдеринин ондугуна кирет, мында 2021-жылдын октябрына карата ал эң популярдуу тил (Java жана C тилдеринен алдыда).[1]

Эмпирикалык изилдөө Python сыяктуу скрипт тилдери саптарды манипуляциялоо жана сөздүктө издөө менен байланышкан программалоо көйгөйлөрү үчүн C жана Java сыяктуу кадимки тилдерге караганда кыйла жемиштүү экенин аныктады жана эстутум керектөө көбүнчө "Javaга караганда жакшыраак жана жакшыраак эмес" деп аныктады. C же C++ караганда алда канча жаман.[2]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. TIOBE Index. TIOBE - The Software Quality Company.
  2. Difference between Python and C++. Текшерилген күнү 24 -май (бугу) 2022.