Perl

Википедия дан

Perl - жогорку даражалуу, жалпы максаттуу, чечмеленүүчү динамикалуу программалоо тили. Алган билими боюнча тилчи Ларри Уолл тарабынан түзүлгөн. Тилдин расмий аталышы Practical Extraction and Report Language деп чечмеленет ("практикалык чыгаруу жана отчет тили"), тамаша иретинде Pathologically Eclectic Rubbish Lister ("потологиялык тандалма таштанды тизмелөөчү") деп коюшат; тилдин иштеп чыгуучулары аталышты акроним деп санашпайт. Башында аты беш белгиден туруп, англис тилинде "бермет" деген маанини билдирген pearl сөзүнө туура келген. Бирок, мындай тил бар экени билингенде "а" тамгасын алып ташташкан (крңз. PEARL) Perl тилинин символу - төө: анча сулуу эмес, бирок оор жумуш аткара алган чыдамкай жаныбар.

Тилдин негизги өзгөчөлүгү деп текст менен иштөөнүн бай мүмкүнчүлүктөрүн эсептешет. Буларга систаксиске кыналган туруктуу сөз айкаштары менен да иштөө кирет. Перл Си, AWK, UNIX командалык кабыктарынын скрип тилдеринен көп өзгөчөлүктөрдү алган.

Perl http://www.cpan.org дарегинде жайгашкан кошумча CPAN модулдарын ири коллекциясы менен да белгилүү.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]