.kp

Википедия дан
.kp
Emblem of North Korea.svg
Киргизилген жылы

2007-жыл 24-сентябрь

Домендин тиби

жогорку деңгээлдеги улуттук домен

Макамы

иш үстүндө

Каттоочу уюм

Star Joint Venture

Уюштуруучу

Korea Computer Center

Багыты

Корей Эл-Демократиялык Республикасы менен байланышкан уюмдар

Колдонулушу

Корей Эл-Демократиялык Республикасынын өкмөтү жана мамлекеттик ишканалары менен байланышкан объектер

Каттоодо болгон жолтоолор

Корей Эл-Демократиялык Республикасында жайгашкан уюмдар гана.

Маңызы

Экинчи деңгээлдеги домендерди каттоого болот

Карама-каршылыктарды чечүү

Domain Name Dispute

Веб-сайт

web.archive.org/web/20110615025207/http://www.star.co.kp/


Жогорку деңгээлдеги улуттук домендердин картасы


.kpКорей Эл-Демократиялык Республикасы үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук домен.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылы, Корей Эл-Демократиялык Республикасы айрым бир талаптарга жооп бербегендиктен, ICANN өлкө үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук доменди каттоодон баш тарткан.

2006-жылы, Евродагы Korea Computer Center тарабынан дагы бир жолу өлкө үчүн жогорку деңгээлдеги улуттук доменди каттоо боюнча аракет жасалган, жетиштүү маалымат бербегендигинин себебинен дагы бир жолу ICANN каттоодон баш тарткан.

2007-жылдын январь айында жаңы каттоо боюнча арыз жөнөтүлгөн, ал эми май айында ICANN делегациясы Корей Эл-Демократиялык Республикасы барган жана каттого макулдугун берген[1].

2009-жылы, доменди каттоочусу катары Кореянын Борбордук Жаңылыктар агенттиги иш алып барган[2].

2011-жылы, домендин каттоочусу болуп Star Joint Venture бекитилген[3].

Экинчи деңгээлдеги домендер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ac.kp: академиялык институттары үчүн.
  • aca.kp: академиялык жана илимий-изилдөө институттары үчүн.
  • co.kp: коммерциялык уюмдар үчүн.
  • com.kp: коммерциялык уюмдар жана сейрек мамлекеттик маалымат агенттиктери үчүн.
  • con.kp: курулуш тармагы үчүн.
  • edu.kp: жогорку окуу жайлар үчүн.
  • law.kp: юридикалык мекемелер үчүн.
  • hia.kp
  • inf.kp: маалымат сайттары үчүн.
  • org.kp: өнөр жай бирикмелери, жарандык уюмдар жана мамлекеттик уюмдар үчүн.
  • gov.kp: өкмөттүк органдар үчүн.
  • ref.kp: маалымдама сайттары үчүн.
  • rep.kp: Кореянын жумушчу партиясынын маалымат агенттиктери үчүн.
  • roi.kp
  • net.kp: Интернет-провайдерлер жана электрондук почта кызматын көрсөтүүчүлөр үчүн.
  • sca.kp: Маданият министрлигинин алдындагы институттар үчүн.

Төмөндө чет өлкөлөрдөн жеткиликтүү болгон, экинчи деңгээлдеги домендик аталыштарды колдонуунун мисалдары келтирилген:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • aca.kp: mirae.aca.kp
  • com.kp: airkoryo.com.kp, knic.com.kp, friend.com.kp
  • edu.kp: ryongnamsan.edu.kp, kut.edu.kp, gpsh.edu.kp
  • law.kp: fia.law.kp
  • org.kp: cooks.org.kp, koredufund.org.kp, kass.org.kp
  • gov.kp: mfa.gov.kp, moph.gov.kp, tourismdprk.gov.kp
  • rep.kp: rodong.rep.kp, vok.rep.kp, gnu.rep.kp
  • net.kp: электрондук почта даректеринде колдонулат: мисалы. @star-co.net.kp
  • sca.kp: korart.sca.kp

Учурдагы Корей Эл-Демократиялык Республикасынын сайттарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. The Hermit Kingdom Goes Online: Information Technology, Internet Use and Communication Policy in North Korea. Jefferson: McFarland. p. 9. ISBN 978-1-4766-1770-1
  2. Korean Central News Agency (KCNA)
  3. Dot KP domain assigned to Star

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]