Тунис

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Tunisia in its region.svg

Туни́с (араб. تونس‎‎), расмий — Туни́с Респу́бликасы (араб. الجمهرية التونسية‎‎) — Түндүк Африкадагы мамлекет. Борбор калаасы - Тунис.

Түндүгү менен чыгыш жээгин Жер Ортолук деңизи чулгайт. Батышынан жана түштүк-батышынан Алжир , түштүк-чыгышынан Ливия менен чектешет. Аянты 162,2 миң кмг. Калкы 10,8 млн (2013). Адм. борбору - Тунис ш. Адм.-айм. жактан 24 вилайетке (губернаторлукка) бөлүнөт. Т. - БУУнун (1956), ЮНЕСКОнун (1956), Эл аралык атом энергетика боюнча агенттиктин (1957), ИНТЕРПОЛдун (1957), ЭВФтин (1958), Африка биримдиги уюмунун (1963), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995) ж. б. мүчөсү. Ма млекеттик түзүлушү.

Тунис - унитардык мамлекет. Конституциясы 1959-ж. 1-июнда кабыл алынган. Башкаруу формасы - президенттик республика. Мамлекет башчысы - президент (2011-жылдан Монсеф Марзуки). Мыйзам чыгаруу бийлигин эки палаталуу парламент (Кеңештер палатасы жана Депутаттар палатасы) ишке ашырат. Тунисте көп партиялуу саясий система орун алган.

Негизги партиялары[оңдоо | булагын оңдоо]

Flag of Tunisia.svg

Демокр. конституциялык бирикме, Кайра жаралуу партиясы, Республика үчүн конгресс, Өнүгүү, чындык жана эркиндик үчүн элдик өтүнүч ж. б. Tабияты. Аймагынын 1/3 бөлүгүн Атлас тоолору (түштүк-батышы менен батышы) жана тоо аралык платолор, калган бөлүгүн дөбөлүү жана ойдуңдуу түздүктөр ээлейт. Өлкөнүн эң бийик жери Тунис кырка тоосундагы Шамби чокусу (бийикт. 1544 м). Түндүк бөлүгүн Сахара чөлү ээлейт.

Климаты[оңдоо | булагын оңдоо]

Тунис.

Климаты субтропиктик, жер ортолук деңиздик, түштүгүндө чөлдөшкөн тропиктик. Январдын орт. температурасы түндүгүндө 10°С, түштүгүндө 21°С, июлдуку 26-33°С. Жылдык жаанчачыны түштүгүндө 100 жлгден 1500 ммге (Түндүк Тель) чейин. Негизги дарыясы - Межерда. Көлдөрү: Бизерта, Гараэт-Ашкель. Атлас тоолорунда күрөн, түштүгүндө боз, күрөң жана жарым чөл шор топурагы басымдуу. Тоолорунда жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл токой (алардын ичинен пробка дарагы, альфа чөбү), алеп мырза карагайы, эмендин 2 түрү, чөл жана жана жарым чөл өсүмдүктөрү өсөт. Ашкель, Бу-Хедма заказниктери жана резерваттар уюштурулган. Калкынын 98% ин тунистиктер түзөт. Ошондой эле арабдар, алжирликтер, бербералар (жерба, шавийлер) да жашайт. Мусулман (сүннөттөр) динин тутат. Расмий тили - араб тили. Шаар калкы 67%.

Ири шаарлары: Бизерта, Габес, Сус, Сфакс, Тунис.

Tарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Т-тин азыркы аймагын эзелтеден эле аңчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенген көчмөн либий уруулары мекендеген. Б. з. ч. 4500-ж. Т-тин түштүгүнө капсийлер көчүп келишкен. Б. з. ч. 1100-600-ж. финикиялыктар кул ээлик Карфаген, Сус, Утика жана Бизерта мамлекеттерин негиздеген. Б. з. ч. 274146-ж. Пуни согуштарынын натыйжасында талкаланып, Тунис римдиктердин карамагына өткөн. Б. з. 5-кылымда Т-ти вандалдар, 6-кылымда византиялыктар басып алган. 7-кылымда араб халифатына караган. 16-кылымда Осмон империясынын курамына кирген. 1705-ж. өлкөнү Хусейниддер династиясынан беилер (Хусейн бен Али (1705); Али бей (1759-82); Хамудапаша (1782-1814); Ахмед (1837-55); Мухаммед эс-Садок (1881); Монсеф (1942-43); Мухаммад VIII аль-Амин (1943-57)) башкарган. 1881-1956-ж. Тунис Франциянын протекторатына айланган. Экинчи дүйнөлүк согуш (1939-45) убагында 1940-42-ж. Т. «Виши» өкмөтүнүн, кийин итал.-германдык баскынчылардын бийлигинде (1942, ноябрь-1943, май) болгон. Согуштан кийин Тунистин Францияга мурдагыдай эле колония бойдон калуусу Тунис элинин нараазычылыгын күчөткөн. 1952-54-ж. шаарларда иш таштоолор күчөп, Тунистин боштондук армиясынын партизан отряддары (1952-ж. НеоДустур уюштурган) түзүлүп, иштей баштаган. 1954-ж. 3-июнда Франция Туниске ички автономия берүүгө аргасыз болуп, 1956-ж. 20-мартта Тунистин көз карандысыздыгын тааныган. 1956-ж. 25-мартта Тунисте Улуттук чогулушка шайлоо болуп, анда бардык орунду башында Нео-Дустур партиясы турган Улуттук фронт ээлеген. Партиянын жетекчиси X. Бургиба Тунис өкмөтүн түзүп, 1957-ж. 25-июлда өлкөнү республика деп жарыялаган. 1959-ж. 1-июлда конституциясы кабыл алынып, 8-ноябрда Улуттук чогулуш X. Бургибаны президенттикке шайлаган. 195961-ж. тоо өнөр жай ж. б. ишканалар мамлекеттештирилген. Тунис 1957-63-ж. Франция ж. б. мамлекеттердин согуштук жана экон. кысымынан кутулуп, 1963-ж. өз аймагынан чет элдик аскерлерди толук чыгарууга жетишкен. 1975-ж. Улуттук чогулуш конститудияга оңдоо киргизип, президентти түбөлүк деп жарыялаган. 1987-ж. өлкөдө Жасмин революциясы болуп, мурдагы премьерминистр Бен Али президенттикке шайланган. Ал кийинки жылы өлкөгө реформа жүргүзүп, Бургибанын башкаруу мезгилиндеги тенденцияларды чектеген. Көп партиялуу саясий система киргизип, исламдын түптөлүшүнө каршы күрөшүп, батыш саясатын жүргүзгөн. 2011-ж. январдагы Экинчи Жасмин революциясында президент Бен Али өлкөдөн качып кеткен.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Туризм.

Экономикасы өнүгүп келе жаткан өлкө. ИДПнин көлөмү 83,2 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 8 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 54,1, өнөр жайдыкы 35,0, айыл чарбаныкы 10,9. Нефть, жаратылыш газы, фосфорит (казып алуунун көлөмү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда), темир кенташы казылып алынат. 2008-ж. 11,1 млрд кВт-с электр энергиясы (негизинен ЖЭСтен) өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу, хим. (мин. жер семирткич ж. б.), кара металлургия, металл иштетүү, автомобиль кураштыруучу өнөр жай ишканалары, электр-тех., курулуш материал (алардын ичинен цемент), текстиль, тигүү, тери, бут кийим өндүрүшү иштейт.

Негизги өсүмдүктөрү: зайтун дарагы (зайтун жыйноо боюнча дүйнөдө 5-орунда), бадам, мисте, курма пальмасы, цитрустар. Дан эгиндери, жашылча (алардын ичинен помидор), бакча өсүмдүктөру, пробка багы өстүрүлөт. Бакчылык, жүзүмчүлүк өнүккөн. Бодо мал, кой жана эчки асыралат. Үй куштары багылат. Балык кармалат. Автомобиль жолунун уз. (миң км менен) 19,2 (алардын ичинен У3и асфальтталган), т. ж-нуку 2,2, газ куурунуку 2,2, нефтиники 1,3, нефть продуктуларыныкы 0,4. Негизиги порттору: Тунис, Бизерта, Габес, Сфакс, Сехира. Экспортко жеңил, хим., айыл чарба азыктары, фосфорит жана жабдуулар чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Франция, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Ливия, Кытай, АКШ. Чет өлкөлүк туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4