Ангола

Wikipedia дан

Ангола, Ангола Республикасы - Африканын түштүк-батышындагы мамлекет. Түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан Конго, Конго Демократиялык Республикасы, түштүк-чыгышынан Замбия, түштүгүнөн Намибия менен чектешет. Батышын Атлантика океаны чулгап жатат. Португалиянын мурунку колониясы (1973-жылдын 1-январынан автономия «штаты», ага чейин «алыскы деңиз провинциясы»). Анча чоң эмес Кабинда анклавы Анголадан 30 км түндүктө, Конго жана Конго Демократиялык Республикасынын ортосундагы аймакта жайгашкан. Аянты 1246,7 миң км . Калкы 25,7 млн (2014). Борбору - Луанда шаары. Мамлекеттик тили - португал тили. Акча бирдиги - кванза. Административдик-аймактык жактан 18 провинцияга бөлүнөт.

Мамлекеттик түзүлүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Ангола - унитардык мамлекет. Анголанын Конституциясы 1975-жылы 11-ноябрда кабыл алынган. Башкаруу формасы - аралаш республика. Мамлекеттик жана өкмөт башчысы президент (ал 5 жылга шайланат). Президент бардык мамлекеттик институттардын башында турат. Мыйзам чыгаруучу жогорку органы - бир палаталуу Улуттук чогулуш (220 депутаттан турат). Аткаруу бийлигин президент, премьер-министр жана министрлерден турган өкмөт ишке ашырат. Ал Улуттук чогулуштун алдында жоопкер. Анголада көп партиялуу система орун алган. Саясий партиялары: Анголаны боштондукка чыгаруу элдик кыймылы (МПЛА), Анголаны толук боштондукка чыгаруу Улуттук союзу (УНИТА) жана башка.

Табияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн көп бөлүгүн бийиктиги 1000 м ден ашкан бөксө тоолор ээлейт. Алардын батышы көтөрүңкү келип, деңиз жээгине тик түшөт. Бөксө тоолордун батыш жагы бийигирээк (деңиз деңгээлинен бийиктиги 1000 - 1500 м), эң бийик жери Бий массивиндеги Моко чокусу (бийиктиги 2620 м), ал акырындап түндүктү (Конго ойдуңуна), чыгышты (Замбези дарыясынын өрөөнүн көздөй), түштүк-чыгышты (Калахариге) карай жапыздайт. Ангола Африка платформасынын аймагын ээлейт. Анголанын ички бөлүгүндө жайы жаан-чачындуу, кышы кургак экватордук муссондук; деңиз жээктерине - кургак тропиктик пассаттык климат мүнөздүү. Эң жылуу мезгилинин орточо температурасы (деңиз жээктеринде март, апрель, өлкөнүн ички аймактарында сентябрь же октябрь) 17°дан 28°Сге чейин, салкын мезгилиники (июль, август) 13°-23°С. Жылдык жаан-чачыны 1000-1500 мм, эң четки түштүгүндө 600-800 мм. Деңиз жээктериндеги ойдуңдарга Бенгал муздак агымынын таасири тийип, июлдуку 16-20°С (эң салкын мезгил), мартта 24-26°С (эң жылуу мезгил), жаан-чачын түштүгүндө 50-100 мм, түндүгүндө 250-500 мм. Кышында түнкү туман касимбо мүнөздүү. Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы суулары Конго дарыясынын алабына кирет. Башкы дарыялары: Касан, Кванго, батышындагылары Атлантика океанына (Кванза, Кунене) куят. Чыгыштан түндүк-чыгышты карай Замбези (Квандо куймасы менен), Кубанго дарыясы (Квито менен) агат. Дарыялары босоголуу келип, кургакчылыкта соолуп, жаанчыл мезгилде ташкындайт. Гидроэнергетикалык запастарга бай, кеме жүрүүгө ыңгайсыз. Ири көлдөрү жокко эсе. Анголанын аймагынын 40%ин токой жана сейрек токой ээлеп, түндүк-чыгышында баалуу дарактары негизинен дарыя өрөөндөрүндө (эбен, тоддалия, ланцет) өсөт. Бөксө тоолордун ички бөлүктөрүндө ферралиттүү (күрөң-кызыл) топуракта жалбарыгы күбүлмө сейрек токой, түндүгүндө жана борбордук бөлүгүнүн деңиз жээктериндеги ойдуңдарында (кызыл-бозомук) баобаб, папирус, пальма, бадалдуу саванна өсөт. Батыш жана Түштүк-Батыш Африкадагы суусуз таштуу чөлгө өзгөчөлөнгөн кидик дарагы - вельвичий мүнөздүү. Улуттук парктары: Порту-Алешандри, Камея, Кисама, Мупа жана башка.

Калкы[оңдоо | булагын оңдоо]

Калкынын 96% на жакыны банту тилинде сүйлөшөт. Түндүк-батышында банту-бамбанду, борбордук бөлүгүндө овимбунду, амбунду, түндүк-чыгышында вачокве, түштүк-батышында жана түштүгүндө овамбо, гереро жана башка мекендейт. Евроафрикалыктар, португал тилинде сүйлөгөн мулаттар да бар. Африкалыктардын көпчүлүгү салт болуп калган жергиликтүү динди (калкынын 90%ке жакыны), калгандары христиан динин тутат. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 10,4 киши. Жээк түздүктөрүндө жана дарыя өрөөндөрүндө калк жыш отурукташкан. Калкынын жашынын орточо узактыгы аялдарыныкы - 37,6, эркектериники - 36,1 жаш. Шаар калкы 28%. Ири шаарлары:[Луанда, Уамбо (мурдагы Жаңы Лиссабон), Лобиту, Лубанго (Сада-Бандейра), Бенгела, Квито.

Тарыхы[оңдоо | булагын оңдоо]

Анголанын аймагында калк байыртадан эле отурукташканы белгилүү. 13-кылымда Түндүк Анголада Конго мамлекети түзүлгөн. Анголага европалыктар адеп келген мезгилде (1482-жылы Диогу Кананын португалиялык экспедициясы) Ндонго, Лунда, Бенгела сыяктуу мамлекеттер болгон, 16-17-кылымда Матамба, Кассанже мамлекеттери пайда болгон. 15-кылымдын аягынан аймакты колониялаштырып баштаган португалдар 16-кылымдын башында Анголанын жээгине бекемделген бир нече фортторду курушкан [анын ичинен Сан-Паулу-ди-Луанда (1576); колонизаторлордун борбору]. Алар 16-кылымдын аягында Анголанын батышында колонизаторлорго каршы башталган африкалыктардын көтөрүлүшүнүн мизин майтарып, өлкөнүн ички аймактарына кире башташкан. 16-19-кылымдын орто ченине чейин португалдар Американын плантаторлоруна кулдарды сатуу менен алектенишип, болжол менен 5 млнго жакын анголалыктарды (негизинен Бразилияга) алып чыгышкан. Жергиликтүү элдин нааразычылыгы күчөп, көтөрүлүштөр чыккан. Натыйжада, бул кыймылдар колонизаторлордун ичкери кирүүсүнө тоскоолдук кылган. 1885-91-жылдары Португалия, Бельгия, Германия жана Англиянын ортосунда түзүлгөн келишим боюнча Анголанын азыркы чегарасы аныкталгандыгына карабастан, Португалия Анголанын аймагын толугу менен 1920-жылдын башында гана каратып алган. 1956-жылдары Анголаны эркиндикке чыгаруу үчүн Анголаны боштондукка чыгаруу элдик кыймылы (МПЛА), 1966-жылы Анголаны толук боштондукка чыгаруу улуттук союзу (УНИТА, башында Ж. Савимба турган), 1962-жылы Анголаны бошотуу улуттук фронту (ФНЛА) сыяктуу улуттук-патриоттук уюмдар түзүлөт. 1961-жылы Луандада башталган улуттук-боштондук күрөш жеңишке жетишип, 1975-жылы 11-ноябрда Ангола Эл Республикасы жарыяланат. Бирок саясий топтордун ортосунда өз ара карама-каршылык күчөп, өлкөдө жарандык согуш башталган. 1990-жылы СССР, АКШ, Португалиянын катышуусу менен өз ара сүйлөшүүлөр болуп, натыйжада 1991-жылы 31-майда Лиссабондо Ангола өкмөтүнүн өкүлдөрү менен ага каршы күрөшкөн топтордун ортосунда мамилелерди тынчтыкта жөнгө салуу жөнүндөгү келишимге кол коюлат жана көп партиялуулук системасы киргизилет. 1992-жылдын аягында БУУнун байкоочулугу астында демократиялык шайлоолор өткөрүлгөн. 1992-жылдан мамлекет Ангола Республикасы аталып, Ж. Э. Душ Сантуш президент болуп шайланат. Эл аралык байкоочулардын шайлоолордун мыйзамдуу жолдо өткөрүлгөндүгүн билдиргендигине карабастан, аларга Ж. Савимби макул болбостон, согуштук аракеттерин кайрадан уланткан. АКШ, Португалия жана башка өлкөлөрдүн кысымы астында гана Ж. Савимби жарандык согушту токтотуу жана коалициялык өкмөттү түзүү жөнүндөгү Лусак макулдашуусуна (20. 11. 1994) кол коюуга аргасыз болгон. Бирок иш жүзүндө анын шарттарын аткарган эмес. 22. 2. 2002-жылы Ж. Савимби согуш учурунда курман болгон. Анын ордун П. Лукамба Гату ээлеген. 2002-жылы 4-апрелде Анголанын жетекчилиги менен УНИТА ортосунда согуштук аракеттерди токтотуу жана жарашуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Экономикасы[оңдоо | булагын оңдоо]

Ангола - тоокен өнөр жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүң продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 1900 доллардан (АКШ) туура келет. Социалдык-экономикалык кайра түзүү жүргүзүлүүдө. Өнөр жайдын көп тармагы (айыл чарба ассоциациясы жана кооперативдер, ири плантацияларда мамлекеттик чарбалар) мамлекеттештирилүүдө. Анголадагы тынымсыз согуш экономикага терс таасирин тийгизип келүүдө. Акыркы 15 жылда материалдык чыгым 20 млрд долларга жеткен. Экономиканын негизин тоокен өнөр жайы түзөт. Нефть (жылына 37 млн о, 2004) сапаты боюнча дүйнөдө алдыңкы, Африкада 5-орунда турат. Акыркы 10 жылда 20 нефти кени ишке киргизилген. 2005-жылдан көлөмү 2 эсе көбөйтүлмөкчү. Нефтинин 90% Кабинда провинциясында, анын 65% деңизден казылып алынып, өлкөнүн экспортунан түшкөн кирешенин 80-90%ин берет. Алмаз казып алуу боюнча дүйнөдө 6- (Австралия, Конго Демокр. Республикасы, Ботсвана, Россия жана ТАРдан кийин), казылган алмаздын суммардык баасы боюнча 3-орунда ( жогорку сапаттагы зергерчиликке керектүү; Ботсвана, Россиядан кийин) турат. 2000-ж. 5,17 млн карат (анын ичинен зергерчиликке керектүүсү - 4,4 млн карат) алмаз өндүрүлгөн. Ошондой эле темир, түстүү металл (жез), радиоактивдүү (уран) жана асыл металлдар, курулуш материалдары (гранит, мрамор, кварц) казылып алынат. Африкадагы өлкөлөрдүн ичинен энергоресурстага бай өлкө. 2001-жылы 1,45 млрд кВтЫ электр энергиясы (ГЭСтен) өндүрүлгөн. Нефть ажыратуу (жылына 1,6 млн о), текстиль, химия (самын жана кир жуучу каражаттар, химиялык жер семирткичтер, дары-дармек, автошина, пенопласт), цемент, кара металлургия, машина куруу («Вольво», «Фиат», «Фольксваген», Япон мотоциклдери жана велосипеддери), тамак-аш (ун, пальма майы, кант, балык консервалары жана уну) өнөр жайы бар. Айыл чарбага жарактуу жери өлкөнүн аймагынын 21,8%ин ээлейт, анын ичинен 2,4% айдоо аянты, 0,4% көп жылдык өсүмдүк, 97,2% шалбаа жана жайыт. Экспорт үчүн сизаль, кофе, май пальмасы, күнкарама, банан, пахта, тамеки, цитрус өсүмдүктөрү, ички керектөөлөрү үчүн жүгөрү, ак жүгөрү (сорго), маниок, фасоль, жашылча айдалат. Сүт-эт багытындагы мал чарбачылыгы, аарычылык өнүккөн. Бодо мал, кой, эчки, чочко асыралып, үй кушу багылат. Балыкчылык өнүккөн. Балык - анголалыктардын негизги азык-түлүгү. Анголанын аймагынан Кытай, Португалия, Япония, Түш. Корея, Россияга балык уулоого уруксат берилген. Темир жолунун узундугу 2,8 миң км, автомобилдики 76,6 миң км (анын ичинен 19,2 миң кми асфальтталган). Луанда шаарында Эл аралык аэропорт иштейт. Ири деңиз порттору: Лобиту, Кабинда, Луанда, Намибе, Порту-Амбоин. Соода флотунун тоннажы 26,1 миң рег.бр.-о (же 42,9 миң о дедвейт). Куур транспортунун узундугу 179 км (1997). Сыртка нефть (чийки), алмаз, нефть продуктылары, жаратылыш газы, кофе, сизаль, пахта, балык унун, консервасын, жыгач чыгарат. Сырттан машина, электр жабдууларын, дары, текстиль, курал-жарак алат. Негизги соода өнөктөштөрү: Португалия, ТАР, АКШ, Нидерланд, Франция, Бразилия, Улуу Британия.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Билим берүү системасы мектепке чейинки мекемелерди (бала бакча; даярдоо класстарын), жалпы жана толук орто билим берүүчү, ЖОЖ камтыйт. Башталгыч билим алуу (1-4 класска чейин) милдеттүү түрдө жана акысыз, базалык билим берүү 8 жылдык орто мектепте окутулат. Ошондой эле атайын жумушчуларды даярдоо мектептери да бар (1 жылдан 4 жылга чейин). Бүтүрүүчүлөр кесиптик-техникалык окуу жайларына (орто окуу жайларына жана 3-4 жылдык мектептерге) жолдомо алышат. 1980-жылы экономикалык жана саясий кыйынчылыктарга байланыштуу кыскарган. Учурда абитуриенттер ЖОЖ атайын даярдоо курстарынан өтүшөт. Жогорку окуу жайы Луандадагы А. Нетто атындагы мамлекеттик университети (1963-жылы негизделген) жана 3 жеке менчик университет. Луандада 8 илим-изилдөөчү институт, гидрометеорология жана геофизика (1879), геологиялык кызмат (1914), документтерди жана тарых изилдөө борбору (1933), медициналык (1955), ветеринардык изилдөө (1965), пахта борбору (1970), Африка жана чет тилдер (1978), педагогика жана социалдык изилдөө институттары (1980) бар. Луандада, ошондой эле муниципалдык (1873-жылы негизделген), улуттук ири китепканалар (1968) жана улуттук музей (1938) жайгашкан.

Адабияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Анголанын адабияты 19-кылымдын ортосунан баштап португал тилинде өнүгүп келген. Алгачкы адабиятынын өнүгүшүнө улуттук идеяларды даңазалоо, лирикалык поэзиялар (Ж. да Силва Майя Феррейра, Ж. Д. Кордейру да Матта) жана күндөлүк турмуш тууралуу романдар (П. Ф. Машаду, А. Трони, А. ди Асис Жуниор) таандык. Адабияттын 2-этаптагы (1940-70-жылы) өнүгүшүндө антиколониалдык мотив күч алган (А. Нето, А. Жасинту, М. Антониу, А. Лара, прозаиктер Ф. М. ди Каштру Сороменью). 3-этап (1970-90-жылы) өлкөнүн жалпы коомдук саясий жана маданий турмушунун жаңылануусуна байланыштуу (Ж. Луандина Виейра, О. Рибаш). Тарыхый романдар (М. Пакавира, Э. Абраншиш), драматургия (Пепеталанин пьесалары) өнүгө баштаган. Төртүнчү, «постсоциалисттик» этапта Анголанын адабиятына Анголадагы жана Африкадагы жаңы көз караштагы окуялар, революциялык жандануудан баш тартуу жана башка саясий окуялар мүнөздүү (Пепетела, Ж. Э. Агуалуза).

Архаикалык маданий эстеликтери[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкөнүн түндүгүндө аска бетиндеги жаныбарлардын сүрөттөрү сакталган. Илгертеден жыгачка оймо-чийме түшүрүп көркөмдөө (анын ичинен жол башчылардын тактысын жана адамдардын, жаныбарлардын статуэткаларын кооздоо) салттары өнүккөн. Чөп, бутак, самандан керектүү буюмдарды согуп жасоо менен байыртадан кесиптенишет. 17-кылымдан Анголага келген португалдар көркөмдөп кесүү жана өрмөк согууну өркүндөтүшкөн. Европалыктардын келиши менен жээктерди коргоочу (Сан-Мигел, 1576 жана Бенгела, 1617) чептер, европалык типтеги жана португалиялык барокко менен алгачкы классикалык стилдеги турак жайлар салына баштап, шаарлар пайда болгон. Үйлөр казык каркастардын үстүнө түз бурч же тегерек формада салынып, бутак же саман менен жабылган. 20-кылымдын башынан азыркы европалык архитектуралык курулуштар курулган. 1970-жылдын ортосунан профессионалдык көркөм сүрөт искусствосу өнүгө баштаган. Архаикалык маданий эстеликтери (биздин заманга чейинки 8-кылым) Бие тоосунан табылган темир идиофондор. Орто кылымдагы Лунда, Ндонго мамлекетинин маданиятында салтанаттуу жолугушуулар оркестрдин коштоосунда болуп, пилдин сөөгүнөн жасалган үйлөмө аспаптар (мисалы, 1491-жылы Конго королу менен жолугушууда) колдонулган. 1490-жылы португалдардын келиши менен европалык үйлөмө аспаптар таралган. Христиан дининин таралышы чиркөөлөрдө хор ырдоо, коңгуроолорду колдонууну өнүктүргөн. 1578-жылы бакунго жана амбунду элинин аскер музыкасы жаралса, 1648-жылы өлкөнүн түндүк-батышында ксилофондо ойноо салтка айланган. 17-кылымда идиофондордун түрү, маримба, бир беттүү барабан, нгаба, лонга коңгуроосу; рог эпугу, нсамби (плуриарк) музыкалык жаа аспаптары таралган. Шаар музыка маданияты португалдар менен бразилиялыктардын таасиринде калыптанган. 20-кылымда музыка Луанданын амбунду-португалдык бий маданиятында (кадука, семба, ребита бийлери) негизги ролду ойногон. 1957-жылы «Нгола ритмуш» ансамбли (латын-америкалык бийлер, гитара жана идиофондордун коштоосунда румба, меренге жана самба бийи аткарылган), 1982-жылы ансамблдин жетекчиси Лисеу Виейра Диаш расмий түрдө жаңы (азыркы) музыканын лидери болуп калган. 1960-жылы ортосунда саясий ырларды ырчылар А. Мингаш, Р. Мингаш, К. Ламартин жайылтышкан. 1960-80-жылы «Кисанже», «Илля» ансамблдери өзгөчө орунду ээлеп, анда ырчылар М. Тете, П. Каштру ырдашкан. Композитордук традициянын өкүлдөрү: Ф. Мукенга, Ж. М. Машаду, Ф. да Сиш. 1975жылдан кийин гитарист, ырчы Массано (амбунду) белгилүү болуп, коңшу өлкөлөр менен болгон маданий байланыштар өнүгөт. Анголанын саны боюнча эң көп деп эсептелген овимбунду элинин традициялуу музыкасын биринчи жолу жазып алуу 1913-жылы ишке ашырылса, чокве жана лувалс элдериники - 1950-жылы жазылган. 1956-жылы Луандада музыка жана бий мектеби негизделген. Анголада музыкалык аспаптардын коллекциясы Дунду музейинде жана Лиссабондогу (Португалия) Этнология музейинде сакталып турат (Португалия).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1