Замбези дарыясы

Википедия дан
Замбези алабынын.
Виктория шаркыратмасы.

Замбези дарыясы - Түштүк Африкадагы дарыя. Замбия, Ангола жана Мозамбик өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу агып өтөт. Узундугу 2660 км, алабынын аянты 1330 миң км2. Заирдин чек арасына жакын жерде, Лунда платосунан башталып, Инди океанынын Мозамбик кысыгына куярда дельтаны пайда кылат. Башатынан Виктория шаркыратмасына чейин (1200 км) түздүк аркылуу, андан ары Мозамбик ойдуңу менен агат. Босоголуу бөлүгү (Катима, Кебрабаса) 100 кмге созулат, шаркыратмалары (Гонье, Виктория жана башка) бар. Эң ири куймалары Кафуэ жана Луангва, Шире. Ньяса (Малави) көлү 3амбезинин алабына карайт. Декабрдан апрелге чейин кирет. Орточо чыгымы чатында 16 миң м?/сек, жылдык агымы 106 км3. Балык кармалат. Ири ГЭС жана Кариба суу сактагычы курулган. Босоголордун көптүгү кеме жүрүүгө кыйынчылык келтирет; негизинен 3амбиянын аймагында гана кеме жүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]