Борбордук Африка Республикасы

Wikipedia дан

Борбордук африка республикасы (БАР) (Republique Centrafricaine) Борбордук Африкадагы мамлекет. Батышынан жана түштүк-батышынан Камерун, түштүгүнөн Конго Демократиялык Республикасы жана Конго Республикасы, түндүк-батышынан Чад Республикасы, түндүк-чыгышынан Судан менен чектешет. Аянты 623 миң км2. Калкы 4 млн (2004). Мамлекеттик тили француз жана санго тилдери. Борбору Банги шаары Администрациялык-аймгы жактан 16 префектурага, 1 автономия коммунасына (борбору) бөлүнөт. Акча бирдиги Батыш Африка валюта союзунун франкы. Мамлекеттик түзүлүшү. БАР унитардык мамлекет. Азыркы Конституциясы 7-январда 1995-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы президенттик республикалык Мамлекет жана өкмөт башчысы президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы эки палаталуу Конгресс (Улуттук чогулуш жана Экономика жана региондук кеңеш). 1991-жылдан көп партиялуу система киргизилген. Саясий партиялары: Демократия жана прогресс үчүн альянс, Демократия жана өнүгүү кыймылы, Прогресс үчүн патриоттук фронту, Социал-демократиялык партия, Борбор Африкикалык демокр.атиялык бирикмеси партиясы жана башка. Табияты. БАР Конго менен Шари дарыясынын алабында, негизинен саванна жана сейрек токойлуу субэкватордук аймакта жайгашкан. Аймагынын көбүн Азанде дөңсөөсү ээлейт, бийиктиги 600-900 м (эң бийик жери Нгая чокусу, 1388 м), ал аралча тоолордон жана кенен өрөөндөрдөн турат. Четки түндүгүн (Чад ойдуңунун түштүк чети тегиз, айрым жери саздуу) түздүк ээлейт. Климаты субэкватордук, жайы нымдуу ысык. Айлык Банги шаарынын, арткы планда Ибанги дарыясынын жээгиндеги дөңсөөлөр. Орточо температурасы 21°Сден 31°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны түндүгүндө 1000-1200 мм, түштүгүндө 1600 мм. Башкы дарыялары Убанги, Санга (кеме жүрөт). Шари дарыясынын системасына кирген көп дарыялар Чад көлүнө куят. Бийик чөптүү саванна, сейрек токой, четки түштүгүндө нымдуу экватордук жыш токой басымдуу. Өлкөнүн аймагынын 12% ин токой жана бадал ээлейт. Жери кызыл топурактуу. Улуттук парктары: Сен-Флорис, Баминги-Бангоран, Андре-Феликс. Калкынын негизин банда (29%), гбайя (25%), нгбанди (11%), занде (10%) түзөт, ошондой эле башка улут өкүлдөрү да жашайт. Салт болуп калган динди (57%), христиан (35%), ислам (8%) диндерин тутат. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники 47, аялдарыныкы 52 жаш. Шаар калкы 47%. Ири шаарлары: Банги, Бвар, Бамбари жана башка. Тарыхы. БАРдын байыркы мезгилдеги тарыхы толук изилденген эмес. 16-18-кылымда БАРдын аймагында борбордошкон бирдиктүү мамлекеттер түзүлгөн эмес. 16-кылымдан азыркы БАРдын түндүк батыш бөлүгү Багирми мамлекетинин курамына кирген. 19-кылымдын ортосунда анын аймагынын айрым бөлүктөрү Дарфур султандыгына жана Вадаи мамлекетине көзкаранды болгон. 19-кылымдын аягында БАРдын аймагынын көп бөлүгү Раббаха мамлекетине кирген. 1891-95-ж. француз колониячылары БАРдын аймагында ФортРоссе, Форт-Сибю, Форт-Крампель, Банги жана башка аскер гарнизондору жайгашкан таяныч пунктарын негиздешкен. Раббахтын армиясын талкалаган соң (1900), алар БАРды толук каратышып, ал 1904-ж. Убанги Чад француз колониясына кошулган. 1910-ж. бул чөлкөмдөгү Франциянын башка колонияларынын катарында Француз Экватордук Африкасынын (ФЭА) курамына кирген. 1914-ж. азыркы БАРдын аймагы ФЭАнын курамындагы Убанги-Шари аталган өзалдынча колонияга айландырылган. Франция Габон, Ортоңку Конго жана Убанги-Шариде жаратылыш ресурстарын иштетүүнү жеке компанияларга монополиялык концессияга берген. 1928-ж. колониялык эзүүгө каршы көтөрүлгөн гбайя элинин көтөрүлүшү («гбайя согушу») 1930-ж. басылган. 1946-ж. түзүлгөн өлкөдөгү алгачкы африкалык партия (Кара Африканын социалдык эволюциясы үчүн кыймыл) улуттукбоштондук күрөш ураанын көтөргөн. Ошол эле жылы Убанги-Шариге Франциянын «деңиздеги алыскы аймагы» статусу берилген. 1957-ж. африкалыктар курамына кирген алгачкы Өкмөттүк кеңеш түзүлгөн. 1958-ж. Борб. Африка Респсы (БАР) деген аталышта Француз Коомунун курамындагы автономия республикасы, ал эми 1960-ж. 13-августунда толук көзкаранды эмес мамлекет деп жарыяланган. 1960-ж. 14-августта Д. Дако БАРдын президенти болуп шайланат. 20-сентябрда БАР БУУга мүчө болуп кабыл алынат. 1966-ж. 1-январында болгон аскердик төңкөрүштүн натыйжасында бийликке полковник ЖанБедель Бокасса келет. 1976-ж. 4-декабрда кабыл алынган жаңы конституцияга ылайык өлкө Борбордук Африкалык империя деп аталып, Бокасса император (Бокасса I) деп жарыяланат. 1979-ж. Франциянын колдоосу менен Бокассонун режими кулатылып, өлкөдө респ. түзүлүш калыбына келтирилет. 1981-ж. жаңы конституция кабыл алынып, президенттик шайлоодо Д. Дако жеңип чыгат. Этностук негизде түзүлгөн 4 саясий уюм Даконун жеңишин таануудан баш тарткандыгына байланыштуу, парламенттик шайлоолор токтотулат. Өлкөдө бийлик куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы Андре Колингбанын колуна өтөт. 1991-ж. өлкөдө көп партиялуу система киргизилген. 1993-ж. шайлоодо Анж-Феликс Патассе президент болуп шайланат. 1996-ж. апрелде бийликке карата массалык нааразылык акциялары башталып, Патассе Франциянын жардамы менен гана өлкөдөгү абалды турукташтырууга жетишет. Бирок каршылашуу андан ары уланып, куралдуу бирикмелер менен армиянын ортосунда кандуу кагылышууларга алып келген. 1997-ж. жаңы өкмөт түзүлүп, анын курамына оппозициялык партиялардын өкүлдөрү кирет. Француз аскер контингенти Буркина-Фасо, Чад, Габон, Мали, Сенегал жана Тогонун аскер күчтөрү менен алмаштырылат. Март-июнь айларында БАРдын коопсуздук күчтөрү менен африкалык тынчтыкты сактоо күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар башталат. 1998-ж. мартта БУУнун көзөмөлү астында Бангиде Улут аралык жарашуу боюнча конференция өткөрүлүп, жарашуу жөнүндөгү макулдашууга кол коюлат. Экономикасы. БАР экономика жактан артта калган агрардык өлкө. ИДПде айыл, токой, балык чарбасынын үлүшү 53,4% , иштетүүчү өнөржайыныкы 7%, тоокен казуу өнөржайыныкы 5,8%. Ички улуттук продукциясын киши башына бөлүштүргөндө 410 доллардан (АКШ) туура келет. Аймагынын 9%ин айдоо (негизинен түштүк жана батыш бөлүктөрүндө), 1%тен азын шалбаа жана жайыт ээлейт. Негизги айыл чарба өсүмдүгү (товардык) пахта жана кофе. Ошондой эле маниок, таруу, сорго, шалы, жержаңгак өстүрүлөт. Жапайы май пальмасынын мөмөсү жана гевея ширеси чогултулат. Баалуу жыгач даярдалат. Мал чарбачылыгы бар. Дарыяларынан балык кармалат. Алмаз, алтын казылып алынат. 1993-ж. 97 млн кВт Ц электр энергиясы өндүрүлгөн. Автомобиль жолунун уз. 24 миң км. Башкы дарыя порту Банги шаары Сыртка алмаз, кофе, жыгач, пахта чыгарылат. Негизги соода шериктери: Бенилюкс өлкөлөрү, Франция, Япония жана башка. Маданияты. 1962-ж. мамлекетте 6 жаштан 14 жашка чейинки балдарды милдеттүү билим алуу тартиби киргизилген. Мамлекеттик мектептер менен катар жеке менчик мектептер да бар. Айрым мектептерде окуу француз тилинде жүргүзүлгөн. Башталгыч мектепте окуу 6 жыл. Банги шаарында университет (1969-ж. уюшулган) жана жогорку педагогикалык мектептер, илимий-техникалык изилдөө бюросу, Пастер институту, Пахта жана токуучулук искусство институту, музейлер жана башкалар бар. Басмасөз, радиоуктуруу, телекөрсөтүүлөр бар. «Борбордук Африка маалымат агентчилиги» (1974), Борб. Африка Радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматы (1958) иштейт. Эң таанымал жазуучусу Пьер Махомбо Бамборе. Жыгач оймочулук, өрнөкчүлүк, металлдан жана пил сөөгүнөн, берметтен кооз буюмдарды жасоо өнүккөн. Буйвол терисинен чыптама, китепке мукаба жасалат. Булар өнөрпоздор (колөнөрчүлүк) мектебинде иштелет.

Адабияттар: Черников Г. П. Страны Экваториальной Африки. М., 1962. Страны мира. М., 1999; Новейшая история стран Азии и Африки. Т. 1, 3. М., 2001.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4