Мазмунга өтүү

Түштүк Судан

Википедия дан

Түштүк Судан Республикасы
англ. Republic of South Sudan

Герб
Туу Герб
Урааны: «Justice, Liberty, Prosperity»
«Справедливость, свобода, благосостояние»
Гимн: «South Sudan Oyee!»
Эгемендүүлүк күнү 9-июль 2011-жыл

Судандан)

Расмий тили англис тили
Борбор шаары Жуба
Ири шаарлар Жуба, Вау, Малакаль
Башкаруу формасы Федеративдик-президенттик башкаруу
Президент
Биринчи вице-президент
Вице-президент
Вице-президент
Вице-президент
Вице-президент
Сальваторе Киир
Риек Мачар
Жеймс Вани
Табан Денг Гай
Ребекка Ньянденг де Мабиор
Хусейн Абдельбаги
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
42-орун - дүйнөдө
644 329 км²
5,6
Калкы
• Бааланган (2016)
Жыштыгы

13 058 117 адам (76-орун)
21,11 ад./км²
ИДӨ (САМ)
  • Бардыгы

19,512 млрд $
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

4,583 млрд $
353 $
АДӨИ  0,385 (төмөн) (190-орун)
Акча бирдиги Түштүк Судан фунту (SSP, код 728)
Домени .ss
ISO коду SS
ЭОК коду SSD
Телефон коду +211
Убакыт аралыгы UTC +02:00

Түштүк Судан (англ. South Sudan, динка Paguot Thudän), расмий аталышы — Түштүк Судан Республикасы (англ. Republic of South Sudan) — Чыгыш Африкадагы мамлекет, борбору Жуба шаары. Борбор шаарын өлкөнүн борбордук бөлүгүндө түптөлгөн Рамсель шаарына көчүрүү болжолдонууда[1].

Чыгышынан Эфиопия, түштүгүнөн Кения, Уганда жана Конго Демократиялык Республикасы, батышынан Борбордук Африка Республикасы жана түндүгүнөн Судан менен чектешет. Чек араларынын жалпы узундугу 6018 км. Аянты — 644 329 км².

Судандан бөлүнгөндөн бери деңизге чыга албайт. Түштүк Судандын эгемендүү макамы 2011-жылдын 9-июлунда, көз карандысыз мамлекет деп жарыялоо жөнүндө декларацияга кол коюлгандан кийин күчүнө кирген[2][3].

2011-жылдын 11-июлунан тартып БУУнун мүчөсү[4], соңку таанылган мамлекет.

Судан аталышы Батыш Африкадан баштап Борбордук Африканын чыгышына чейин созулган Сахаранын түштүгүндөгү географиялык аймактын аталышынан келип чыккан. Бул аталыш بلاد السودان (билад ась-судан) же «каралардын жери» деген араб сөзүнөн келип чыккан[5]. Бул термин араб соодагерлери жана саякатчылары тарабынан ар кандай түпкүлүктүү африкалык териси кара адамдарын коомдоруна карата колдонулган[6].

Эгемендүүлүккө чейинки мезгил

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Африка Европа өлкөлөрү тарабынан колонияланган учурда, Түштүк Суданда азыркы мааниде мамлекеттик түзүм болгон эмес[7].

Кылымдар бою арабдар да бул аймакты бириктире алышкан эмес. Осмон бийлигинин тушундагы көз каранды Мисирдеги 1820-1821-жылдары орногон Мухаммед Алинин режими учурунда активдүү колониялаштыра баштаганда бул багытта айрым жылыштар болгон.

Англо-Мисирлик Судан мезгилинде (1898-1955) Улуу Британия Судандын түндүгүнө жана түштүгүнө өзүнчө башкаруу киргизүү менен Түштүк Суданга ислам дининин жана арабдардын таасирин чектөөгө аракет кылган, ал эми 1922-жылы эки аймактын ортосунда саякаттоо үчүн Судан калкына виза киргизүү жөнүндө акт кабыл алган[8]. Ошол эле учурда Түштүк Суданды христиандаштыруу бат темп менен жүргүзүлгөн. 1956-жылы борбору Хартум шаары болгон бирдиктүү Судан мамлекетинин түзүлүшү жарыяланып, өлкөнүн башкаруусунда түштүктү арабдаштырууга жана исламдаштырууга аракет кылган түндүктүк саясатчылардын үстөмдүгү бекемделген.

1972-жылы Аддис-Абеба келишимине кол коюу арабчыл түндүгү менен негрлик түштүгүнүн ортосунда 17 жылдык биринчи жарандык согуштун (1955-1972) аякташына жана түштүккө ички өзүн-өзү башкарууга мүмкүнчүлүгүн берген.

Он жылга жакын тынчтыктык орногон мезгилден кийин 1969-жылдагы аскердик төңкөрүштөн соң бийликти басып алган Жафар Нимейри исламдашуу саясатын кайрадан баштаган. Өлкөнүн кылмыш жана жаза мыйзамдарына ислам мыйзамдарында каралган таш бараңга алуу, эл алдында сабоо, колдорду жана колдун манжаларын кесүү сыяктуу жазалардын түрлөрү киргизилип, андан соң куралдуу жаңжалга Судандын элдик боштондук армиясы катышууну баштаган.

Козголоңчулар менен өкмөттүн 2003-2004-жылдардагы сүйлөшүүлөрү 22 жылга созулган экинчи жарандык согушту расмий түрдө аякташына алып келген, бирок кийинчерээк бир катар түштүк аймактарда айрым куралдуу топтор менен кагылышуулар болуп турган. 2005-жылы 9-январда Кенияда Найваш келишимине кол коюлуп, аймакка автономия берилген, ал эми түштүктүк лидер Жон Гаранг Судандын вице-президенти болуп дайындалган. Түштүк Судан 6 жылдык автономиядан кийин көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөрүү укугуна ээ болгон. Бул мезгилде мунай өндүрүүдөн түшкөн киреше, макулдашуу боюнча борбордук өкмөт менен түштүк автономиянын жетекчилигинин ортосунда бирдей бөлүштүрүлгөн. Бирок 2005-жылы 30-июлда Жон Гаранг тик учактын кыйрашынан улам каза болуп, кырдаал кайрадан курчуй баштаган. Чыр-чатакты жөнгө салуу үчүн 2007-жылы сентябрда БУУнун ошол учурдагы башкы катчысы Пан Ги Мун Түштүк Суданга барган[9].

Эл аралык коомчулук чыр-чатак болгон аймакка тынчтык жана гуманитардык күчтөрүн киргизген. 6 жылдык мезгилдин ичинде Түштүк Судан Өкмөтү тарабынан бардык министрликтер, анын ичинде куралдуу күчтөр жана тартип коргоо органдары менен өз аймагын толук жана натыйжалуу көзөмөлдөөнү уюштурууга жетишкен. Бардык анализдер боюнча, арабташтанбаган аймактын өз алдынча жашоого жөндөмдүүлүгү жана каалоосу эл аралык коомчулукта шек туудурган эмес. 2010-жылдын июнь айында АКШ референдум жыйынтыгында, жаңы мамлекет түзүлүп калса, бул чечимди колдой турганын жарыялаган. Референдумдун алдында, 2011-жылы 4-январында Судандын президенти Омар аль-Башир Түштүк Судандын борбору Жуба шаарына болгон иш сапарында референдумдун жыйынтыгын таанууга убада берген, ал тургай эгер референдумда түштүктүктөр көз карандысыздык үчүн добуш берсе, жаңы мамлекеттин түзүлүшү боюнча расмий майрамдарга катышууга да даярдыгын билдирген[10].

Эгемендүүлүк (2011)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эгемендүүлүк майрамындагы кичинекей кыз колуна Түштүк Судандын желегин кармап турат

2011-жылдын 9-15-январында тынчтык келишиминин натыйжасында Түштүк Судандын көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөрүлүп, референдумда Түштүк Судан Судандан бөлүнүп, көз карандысыз өлкө болушу керекпи же жокпу деген маселе коюлган. Референдумга катышкандардын 98,83% бөлүнүү же көз карандысыздык үчүн добуш беришкен[11].

2011-жылдын 23-январында көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки башкаруу боюнча комитетинин мүчөлөрү журналисттерге көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин мамлекет Түштүк Судан Республикасы деп аталарын жарыялашкан. Мамлекеттин сунушталган башка аталыштары Азания, Нил Республикасы, Куш Республикасы, Жувама (үч чоң Жуба, Вау жана Малакал шаарлардын аталышынын айкалышы) колдоо тапкан эмес[12].

Түштүк Судан 9-июлда Судандан расмий түрдө көз карандысыз мамлекет болуп жарыяланган, бирок айрым талаш-тартыштар дагы деле болсо сакталып келет. Мисалы, Судандын мунай запастарынын 75% Түштүк Суданда жайгашкандыктан мунай кирешелерин бөлүштүрүү маселеси[13] жана Абий аймагы дагы деле талаштуу бойдон калууда. Бул аймакта Суданга же Түштүк Суданга кошулуу боюнча өзүнчө референдум өткөрүлөт[14].

2011-жылдын 9-июлунда Түштүк Судан Африкадагы 54 көз карандысыз өлкө болуп калган[15] жана 2011-жылдын 14-июлунан бери Түштүк Судан Бириккен Улуттар Уюмунун 193 мүчөсү болгон[16]. 2011-жылдын 27-июлунда Түштүк Судан Африка бирлигине 54 өлкө болуп кошулган[17][18]. 2011-жылдын сентябрь айында Google Maps картографиялык сервиси Түштүк Суданды көз карандысыз өлкө катары картага түшүргөн жана чек араларын кошкон[19].

2011-жылы Түштүк Судандын он штатынын тогузунда ар кандай жана саны жок дегенде жети болгон куралдуу топтор менен кагылуушулар болуп жатканын жана он миңдегендер адамдар жер которуууга аргасыз болгону тууралуу маалыматтар жарыяланган[20]. Мындай кагылышуунун себептери катары өкмөттүн бийликте мөөнөтсүз калууну көздөп жатканы, айыл жерлеринин кароосуз калтырылганы, бардык уруулардын ортосунда бийликтин адилеттүү түрдө бөлүнбөгөнү айтылган[21].

Жарандык согуш (2013-2020)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2020-жылдын 22-мартындагы Түштүк Судандагы аскердик абал     Түштүк Судандын өкмөтүнүн көзөмөлүндө      Оппозициядагы Судан элдик боштондук кыймылынын көзөмөлүндө      Судан өкмөтүнүн көзөмөлүндө

2013-жылы декабрда Түштүк Суданда жаңы масштабдуу куралдуу кагылышуу башталып[22], ал кийинчерээк жарандык согушка айланган[23].

2015-жылдын 3-мартында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 2206 (2015) резолюциясын кабыл алып, уланып жаткан ырайымсыз жарандык согуштан улам Түштүк Суданга каршы БУУнун санкцияларын киргизген. Түштүк Судандын айрым кызмат адамдарына карата БУУга мүчө башка өлкөлөргө барууга тыюу салуу, Түштүк Судандын жарандарынын же уюмдардынын каражаттарын бербей кармап туруу чечимдери киргизилген[13].

Чыгыш Африка коомчулугуна кабыл алынышы жана пландаштырылган демократиялык шайлоо (2016)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Судан Чыгыш Африка коомчулук келишимине 2016-жылдын 15-апрелинде кошулган жана 2016-жылдын 15-августунда толук мүчө болгон[24]. Түштүк Судан, Конго Демократиялык Республикасы жана Сомали Федеративдик Республикасы Чыгыш Африка коомчулугунун эң жаш мүчөлөрү болуп саналышат.

Түштүк Суданда жарандык согуш башталгандан бери биринчи демократиялык шайлоо 2023-жылы согушту расмий түрдө токтоткон тынчтык келишимин кабыл алуу менен бирге өткөрүлмөк, бирок өткөөл өкмөт жана оппозиция 2022-жылы шайлоону 2024-жылдын аягына жылдырууга макулдашышкан[25].

2020-жылы аяктаган жарандык согуштун жыйынтыгы боюнча эки негизги улуттун өкүлдөрүнөн турган коалициялык өкмөт түзүлгөн[26]. Өлкөнүн административдик түзүлүшү өзгөртүлгөн.

Ачарчылык (2017)

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылдын 20-февралында Түштүк Судан жана Бириккен Улуттар Уюму мамлекеттин айрым бөлүктөрүндө ачарчылык башталганын жарыялашкан[27]. Бул кырдаалга 100 000ден ашуун адам чалдыккан. БУУнун дүйнөлүк азык-түлүк программасы Түштүк Судандын калкынын 40% же 4,9 миллион адам тез арада тамак-ашка муктаж экендигин билдирген[28]. БУУнун расмий өкүлдөрү Түштүк Судандын президент Сальваторе Киир Маярдит өлкөнүн айрым аймактарына азык-түлүк жеткирүүдө тоскоолдуктарды кылып жатканын белгилеген[29]. ЮНИСЕФтин маалыматтарына караганда Түштүк Суданда ачарчылык учурунда 1 миллиондон ашуун жаш балдар начар тамактанып же бир нече күндө бир гана жолу тамактанууга аргасыз болушкан[30].

2017-жылы зыянкеч курт-курурскалардын жайылышы айыл чарбасына дагы залакасын тийгизип, түшумдүлүктүү бир кыйла азайткан[31].

Түштүк Судандагы коруктар
Судд сазындагы калктуу конуш

Түштүк Судан 3° жана 13° түндүк кеңдиктеринин жана 24° жана 36° чыгыш узундуктарынын ортосунда жайгашкан[32]. Түштүк Судандын аймагында тропикалык токойлор, саздар жана жайыттар жайгашкан. Судд суу каптаган аймагынан башталган Ак Нил дарыясы өлкө аркылуу агып өтөт[33].

Түштүк Судандын Бандингило улуттук паркынын корголгон аймагы дүйнөдөгү экинчи ири жапайы жаныбарлардын миграциясы өткөн аймак болуп саналат. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, Эфиопиянын чек арасынан батышта жайгашкан Бома улуттук паркында, ошондой эле Конго менен чек арасына жакын жайгашкан Судд суу каптаган аймагында жана Түштүк улуттук паркында конгонилер, саз текелери, топилер, африка буйволдору, пилдер, акыралар жана арстандар байырлаган аймактар.

Түштүк Судандын токойлуу аймактарында бонго антилопасы, чоң токой чочколору, дарыя чочколору, токой пилдери, шимпанзелер жана токой маймылдарынын кездешет жана бул аймактыр бул жаныбарлар үчүн негизги жашоо чөйрөсү болуп келет. 2005-жылы Түштүк Судандын Өкмөтү менен биргеликте жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, жапайы жаныбарлардын саны жыл сайын азайып баратат.

Түштүк Суданда бир нече экоаймактар бар: Чыгыш Судан саваннасы, Түндүк Конго токой–саваннасы, Сахаранын суу каптаган жайыттары (Судд), Сахелиянын акация саваннасы, Чыгыш Африканын тоолуу токойлору жана Түндүк Акация–Коммифора бадалдуу аймактары[34].

Түштүк Судандын Көппен классификациясы боюнча климаттык картасы

Түштүк Суданда тропикалык климат басымдуурак кылат: жаан-чачындуу мезгил, нымдуулук жогору мезгил, жаан-чачындуу мезгил жана кургакчыл мезгил бири-бирин алмаштырып турат. Сутканын орточо температура ар дайым жогору болуп турат, июль айы эң салкын ай болуп саналат жана орточо температура 20°C-30 °C, ал эми март айы эң жылуу ай болуп саналат жана орточо температура 23°C-37 °C чамасында[35].

Бул аймактагы кургакчыл мезгил өтө кыска убакытка гана созулуп, негизинен кыш айларына туура келет. Жылдык жаан-чачын түндүктө 700 ммден түштүк-батышта 1400 ммге чейин. Түштүк Судандын аймагы токой менен капталган. Токойлор экиге бөлүнөт: муссондук (тропиктик) токойлор жана экваториалдык токойлор[35].

Административдик-аймактык түзүлүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Түштүк Судандын округдары жана штаттары

2020-жылга карата Түштүк Судан 12 провинцияга кирген 79 округдардан турат. Окргудар паямдарга жана бомдорго бөлүнөт. 12 провинция бул - 10 штат жана 2 административдик район[36]. Штаттарды (англ. state — «штат») губернаторлор, ал эми административдик райондорду башкы администраторлор башкарат.

Өлкөнү 3 тарыхый аймака бөлсө болот: Бахр-эль-Газаль (түндүк-батыш провинциялары), Чоң Жогорку Нил (түндүк-чыгыш провинциялары), Экватория (Түштүк провинциялары).

Макамы такталбаган, талаштуу аймактар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Судан көзөмөлдөгөн Түштүк Кордофандын Варабасындагы Абьей району. Найва келишимине ылайык, аймактын макамы референдум аркылуу чечилиши керек.
  • Кения көзөмөлдөгөн Чыгыш Экваториядагы Илеми үч бурчтугу. Колониялык доордогу документтердин карама-каршылыгынан улам макамы белгисиз.
  • Судан көзөмөлдөгөн Түштүк Дарфурдагы Кафия-Кинги району. Район 1956-жылы Бахр-эль-Газалдын бир бөлүгү болгон, 1960-жылы Дарфурдун курамына киргизилген.
2000-жылга карата жыныстык жана курактык түзүм

Түштүк Судандын калкы ар кандай булактардагы маалыматтар боюнча 7,5 миллион[37] адамдан 13 миллионго чейин[38]. 2008-жылдагы Судандагы эл каттоодо түштүктүн калкы 8,260,490 адам болгон[39], бирок Түштүк Судан бийлиги бул жыйынтыктарды тааныбайт, анткени Хартумдагы Борбордук статистика бюросу баштапкы маалыматтардын түп нускасын Түштүк Суданга берүүдөн баш тарткан[40].

Түштүк Судандын калкынын көпчүлүгү негроид расасынын өкүлдөрү. Калктын негизги тобун нилот элдери түзөт, алардын эң көп сандагы улуттары динка, нуэр, азанде, бари жана шиллук[41].

Өлкөнүн расмий тили англис тили. Түштүк Судандын көпчүлүк тургундары нилот, адамава-убангий, борбордук судандын жана башка тилдердин биринде сүйлөшөт, тилдерин ичинен эң көп сандагы адамдар сүйлөгөн динка тили.

Түштүк Судандын диний курамы (2012)[42]
Дин
Христианство
  
60,5%
Африканын салттуу диндери
  
32,9%
Ислам
  
6,2%
Башка диндер
  
0,4%

Түштүк Судандын калкынын көпчүлүгү христиан динин же салттуу африкалык анимисттик диндерди тутунушат[43].

Судандагы Африканын ички чиркөөсү (англ. Africa Inland Church Sudan) — Түштүк Суданда иш алып барган христиандардын конфессиясы болуп саналат[44].

Чакан Ислам жамааты дагы бар.

Акыркы маалыматтарга караганда, салттуу африкалык диндерди жана христиан динин тутунгандардын салыштырмалуу үлүшү ар түрдүү. 2019-жылы жүргүзүлгөн изилдөө Түштүк Суданда католиктерге караганда протестанттар көп экенин көрсөткөн[44].

Түштүк Судандын экономикасы негизинен анын табигый ресурстарын экспорттоого негизделген. Нефть Түштүк Судандын негизги ресурсу жана өлкөнүн түштүгүндөгү мунай кендери анын экономикасын башкы булагы болуп саналат. Түштүк Судандын көз карандысыздыгынан кийин мунай кендеринен түшкөн киреше кандайча бөлүштүрүлө тургандыгы боюнча Суданда карама-каршылыктар бар.

Терек сыяктуу жыгач ресурстарын экспорттоо дагы маанилүү багыттарынын бири. Табигый ресурстарына темир рудасы, жез, хром рудасы, цинк, вольфрам, слюда, күмүш жана алтын кирет. Гидроэнергетика дагы маанилүү, анткени Нил дарыясынын түштүк Суданда көптөгөн куймалары бар. Түштүк Судандын экономикасында айыл чарбасы дагы чоң ролду ойнойт, негизги өнүмдөрү пахта, кант, буудай, жаңгак жана манго, папайя жана банан сыяктуу жемиштер.

Социалдык тармагы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Суданда Судан Католик университети, Жуба университети жана Жогорку Нил университети жайгашкан. Өлкө дүйнөдөгү эң төмөнкү АДӨИ ээ. Айрым эсептөөлөргө ылайык, калктын 80% окуй да, жаза да албайт. Түштүк Судандын Конституциясы акысыз башталгыч билим берүүгө милдеттендирет. Башталгыч билим 8 жылга созулат, андан кийин 3 жылдык орто билим, андан кийин 4 жылдык университетте кесиптик билим берүү каралган.

Саламаттыкты сактоо

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түштүк Судандагы саламаттыкты сактоо системасы начар өнүккөн, бул өлкөдөгү жалпы сабаттуулуктун төмөндүгү, ошондой эле начар инфраструктурасы менен бирге оорулар менен күрөшүүдө олуттуу тоскоолдутарды жаратат.

Түштүк Суданда безгек жана холера көп кездешет. Эл аралык жардамга карабастан, көптөгөн тургундар квалификациялуу медициналык жардам ала алышпайт. 2010-жылы кара ысытманын эпидемиясынын чыгышына себеп болгон[45].

Түштүк Суданда ВИЧ инфекциясын жуктуруу боюнча дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрүнүн бири катталган. Бирок, өлкө боюнча так жана тастыкталган маалыматтар жок[46]. БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2008-жылдагы атайын сессиясынын отчетторуна ылайык, өлкөнүн бойго жеткен тургундарынын 3,1% ВИЧ инфекциясын жуктурган. Бул сан чек аралаш Судан мамлекеттинен дээрлик эки эсе көп[46].

Түштүк Суданда бул өлкөнүн аймагынан башка эч жерде кездешпеген бир катар сейрек кездешүүчү оорулар катталган[47]. Мисалы, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө белгисиз мүнөздөгү сейрек кездешүүчү оору бар, ал баш ийкөө синдрому деп аталат. Бул салыштырмалуу кичинекей аймакка таралган жана негизинен 5 жаштан 15 жашка чейинки балдарга терс таасир тийгизет. 2011-жылга карата ооругандардын саны бир нече миң адамды түзөт. Учурда оорунун себептери да, аны дарылоонун жолдору да белгисиз бойдон калууда[48].

  1. Вести.ру. Дүйнөнүн эң жаш өлкөсү борбор шаарын алмаштырууну көздөөдө.
  2. Түштүк Судан мамлекети түзүлдү
  3. «РосБизнесКонсалтинг»: Южный Судан официально стал независимым государством.
  4. Республика Южный Судан стала 193-м государством - членом ООН.
  5. Britannica. Western Africa
  6. The Empires of the Western Sudan
  7. Колониальная экспансии в Африке началась в XVI в.
  8. Англо-египетские соглашения о Судане 1899 и 1953
  9. Генеральный секретарь ООН прибыл в Южный Судан
  10. Президент Судана пообещал югу помощь в создании государства
  11. Over 99 pct in Southern Sudan vote for secession
  12. Southern Sudan Nears a Decision on One Matter: Its New Name
  13. 13.0 13.1 BBC. South Sudan country profile
  14. South Sudan referendum: 99% vote for independence
  15. South Sudan becomes an independent nation
  16. UN welcomes South Sudan as 193rd Member State
  17. African Union Welcomes South Sudan as the 54th Member State of the Union
  18. The LRA and Sudan
  19. Google Maps officially recognises South Sudan as an independent country
  20. South Sudan army kills fighters in clashes
  21. AP Exclusive: Civilians dead in South Sudan battle
  22. The SPLM and the Rise of Autocracy in South Sudan
  23. New Estimate Sharply Raises Death Toll in South Sudan
  24. East African Community. Republic of South Sudan
  25. South Sudan again delays its 1st election, until late 2024
  26. After 6 years of war, will peace finally come to South Sudan?
  27. Famine Hits Parts Of South Sudan
  28. South Sudan declares famine in Unity State
  29. Famine declared in part of South Sudan by government and UN
  30. Famine declared in South Sudan; 4.9 million people need urgent help
  31. FAO trains village facilitators to fight Fall Armyworm in South Sudan
  32. Southern Sudan votes on independence
  33. Bahr el Jebel
  34. Terrestrial eco-regions of africa and Madagascar: A conservation assessment
  35. 35.0 35.1 Juba Climate by Month
  36. President Kiir Reinstates 10 States, 79 Counties and Fires all 32 State Governors in South Sudan
  37. UNFPA Southern SUDAN
  38. Sudan census committee say population is at 39 million
  39. Discontent over Sudan census. Текшерилген күнү 3 -март (жалган куран) 2012. Түп булактан архивделген күнү 13 -июль (теке) 2011.
  40. South Sudan parliament throw outs census results
  41. Sudan: One country or two?
  42. Pew Forum on Religion. Текшерилген күнү 27 -август (баш оона) 2024. Түп булактан архивделген күнү 21 -декабрь (бештин айы) 2012.
  43. В Судане 4 миллиона человек примут участие в референдуме о независимости
  44. 44.0 44.1 Religions of the World
  45. В Южном Судане зафиксировали вспышку смертельной черной лихорадки
  46. 46.0 46.1 HIV/AIDS: Update on Epidemiology, Prevention and Treatment - including Available South Sudan Literature
  47. Sudan A Hotbed Of Exotic Diseases
  48. African outbreak stumps experts

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]