Пил

Пилдер (лат. Elephantidae) – сүт эмүүчүлөрдүн пил тумшуктуулар түркүмүнүн тукуму.
Бийиктиги 4- 4,5 метр, салмагы 5 тоннага чейин жеткен ири айбанат. Денеси жылмаяк, моюну кыска, буттары түркүк сымал, жоон, күчтүү. Алдынкы буту 5, арткысы 5 же 4 манжалуу. Үстүнкү эрди менен мурду биригип өсүп, кыймылдуу, узун пил тумшугун түзөт. Анын учунда таноосу бар. Тумшугу жыт сезет жана нерселерди кармайт. Азуу тиштери 4 (үстүнкү жаагында 2, астынкыда 2). Тиштери акырындап жешилип түшөт, алар өмүр бою 6 жолу алмашат. Кылкыйма тиштери жок. Үстүнкү жаагында экинчи маңдай тиштери (бивни) өмүр бою өсүп тургандыктан, өтө узун чыгышы ыктымал. Териси калын, жүнү кыл сымал, кыска, сейрек кыл менен капталган. 70–80 жыл жашайт. 10–20 жашында 22–24 ай көтөрүп, салмагы 100 кг-дай бир бала тууйт. Өсүмдүк менен азыктанат. Азык издеп узак жол (суткасына 100 кмге чейин) басат. Ургаачылары балдары менен топтошуп, эркектери жалгыздан же топко чогулуп, бөлөк жашайт. Пилдердин 2 түркүмүнүн бирден түрү: африка жана индия Пилдери бар. Африка Пилдеринин 2 түрчөсү (саванна жана токой Пилдери) белгилүү. Алардын ареалы жана саны пил сөөгү үчүн кармалып, өтө азайып кеткен. Акыркы 100 жылдын ичинде 2 млн пилдер жок кылынган. Негизинен Заир, Танзания, Судан, Кения, Замбиянын улуттук бактарында жана резерваттарда багылат. Индия Пилдери Түштүк Чыгыш Азиянын токойлуу жерлеринде кезигет. Колго жакшы үйрөтүлөт. Жумушчу жаныбар катары пайдаланылат. ТКЭСтин Кызыл китебине 2 түрү тең катталган.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9