Мамонт

Википедия дан
Мамонт
Woolly mammoth (Mammuthus primigenius) - Mauricio Antón.jpg
Илимий классификация
Эл аралык илимий аталышы

Mammuthus Brookes, 1828

Wikispecies-logo.svg
Систематика
Уикитүрлөрдө
Commons-logo.svg
Сүрөт
сүрөт издөө
NCBI  37348
EOL  3014669

Мамонт (лат. Mammuthus primigenius) – пилдердин тукум курут болгон түрү. Евразия, Түндүк Америкада плейстоцендин 2-жарымынан белгилүү. Азыркы пилден чоң (бийиктиги 2,5–3,5 м), буттары, куйругу кыска, жүнү узун, кылкыйма тиштери өтө ийилген. Арктикалык шалбаалуу талаа жана тундранын ачык ландшафттарында жашаган. Бадал жана чөп менен азыктанган. Мамонт плейcтоцендин аягында, голоцендин башында климаттык жана ландшафттык шарттын өзгөрүшүнө байланыштуу тукум курут болгон. Түндүк Сибирдин жана Альясканын көп жылдык муз катмарынан жумшак ткандары, териси, жүнү менен сакталган мамонт табылган. 1977-жылы Магадан областында мамонттун баласынын мумия сөөгү табылып, анын карыны менен ичегисинде тамагынын калдыктары сакталган (ал 40 миң жылча мурда жашаган).

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]