2010

Википедия дан
2010-жыл‎»‎ барагынан багытталды)
Жылдар
2006 · 2007 · 2008 · 2009 2010 2011 · 2012 · 2013 · 2014
Онжылдык
1990-чу · 2000-чу2010-чу2020-чу · 2030-чу
Кылымдар
XX кылымXXI кылымXXII кылым
3- миң жылдык
XIX кылымXX кылымXXI кылымXXII кылымXXIII кылым
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
2010-чу 2010 2011 2012 2013 2014 2015 2016 2017 2018 2019
2020-чу 2020 2021 2022 2023 2024 2025 2026 2027 2028 2029
2030-чу 2030 2031 2032 2033 2034 2035 2036 2037 2038 2039
2040-чу 2040 2041 2042 2043 2044 2045 2046 2047 2048 2049
2050-чу 2050 2051 2052 2053 2054 2055 2056 2057 2058 2059
2060-чу 2060 2061 2062 2063 2064 2065 2066 2067 2068 2069
2070-чу 2070 2071 2072 2073 2074 2075 2076 2077 2078 2079
2080-чу 2080 2081 2082 2083 2084 2085 2086 2087 2088 2089
2090-чу 2090 2091 2092 2093 2094 2095 2096 2097 2098 2099
2100-чу 2100 2101 2102 2103 2104 2105 2106 2107 2108 2109
Хронологиялык жадыбал

2010 (эки миң онунчу) жылтолук эмес жыл, Григорий календары боюнча жума күнү башталат. Бул биздин замандын 2010, 3-миңжылдыктын 10, XXI кылымдын 10-жылы.

Негизги окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Январь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдөгү эң бийик имарат — Бурж Халифа

Февраль[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Март[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апрель[түзөтүү | булагын түзөтүү]

iPad планшеттик компьютеринин биринчи версиясы
Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги президенти Роза Отунбаева
  • 8-апрель — Биринчи жолу күндөн кубат алуучу учак сыноо ирээтинде учурулган.
  • 10-апрель — Орусияны Смоленск областында самолёт кулаган. Анда көптөгөн польшалык өкмөттүн өкүлдөрү, анын ичинде өлкөнүн президенти Лех Качиньский жубайы менен, Польшанын Генштабынын башчысы Франтишек Гонгор, Улуттук Банктын башчысы Славомир Скшипек ж.б. каза болушкан.
  • 14-апрельКытайда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө болгон. 2039 адам набыт болуп, 195 адам дайынсыз жоголгон. 12 315 киши жаракат алышса, 100 миңден ашууну үйү жок калган.
  • 15-апрель — качкын президент Курманбек Бакиев Казакстандын Тараз шаарына учуп келген.
  • 19-апрель — Афганистанда күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болгон. 11 адам каза болуп, 70 адам жаракат алган.
  • 21-апрель — К. Бакиев Минск шаарында пресс-конференция өткөрүп, өзүн дагы деле президент деп таанырын айткан.
  • 23-апрельБагдад шаарынын (Ирак) шииттик мусулмандар жашаган кварталда терактар сериясы болгон. Жыйынтыгында 67 адам набыт болсо, дагы жүздөгөн киши жарадар болушкан.
  • 25-апрельВенгрияда парламенттик шайлоонун экинчи туру өткөн.
  • 27-апрельТүштүк Кореялык альпинист айым О Ын Сон, Аннапурна тоосуна чыгып, дүйнөдөгү эң бийик делген 14 чокуну багындырган алгачкы аял болуп калды.

Май[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1-майСомалидеги Абдалл Шидейе мечитинде терродук акт болуп, 2 жардыруу аткарылган. 39 киши каза болсо, 70 жаракат алышкан.
  • 1-майдан — 31-октябрга чейин — дүйнөлүк Expo 2010 көргөзмөсү (Шанхай, Кытай).
  • 2-май — Чилиде күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон.
  • 3-майТүндүк Кореянын башчысы Ким Чен Ирдин 2006-жылдан бери чет өлкөлүк сапары болгон Кытай мамлекетине келген.
  • 4-майПабло Пикассонун «Жылаңач, жашыл жалбырактар жана бюст» чыгармасы («Обнажённая, зелёные листья и бюст») 106,4 млн. долларга сатылып, көркөм сүрөт өнөрүндө рекорд койгон.
  • 6-май — Интернетте биринчи жолу латын тамгаларынан турбаган домендер ишке киргизиле баштаган.
  • 8-май — Египеттик миллиардер Мухаммед аль-Файед Harrods люкс классындагы универмагын Qatar Holding аталган катарлык фондго 1,5 млрд. долларга саткан.
  • 9-май — Мурунку СССР өлкөлөрүндө жана бир катар Европа мамлекеттеринде фашисттик Германиянын аскерлерин жеңген күн - Жеңиш күнүнүн 65-жылдыгы болуп өткөн.
  • 11-май — Британиянын жаңы премьер-министри болуп Дэвид Кэмерон дайындалган.
  • 12-мая
  • 14-майТаиланддагы массалык баш аламандык учурунда 10 киши каза тапса, 125 адамдан кем эмес жаракат алышкан.
  • 15-май — 16 жаштагы австралиялык Джессика Уотсон яхта менен жалгыз жер жүзүнө болгон саякатын аяктаган. Ал Жер жүзүн айланып чыккандардын ичинен эң жашы болуп калды.
  • 16-май — Японияда I-Fairy аттуу робот официалдуу түрдө биринчи жолу үйлөнүү-үлпөт тоюн өткөргөн.
  • 22-май:
  • Индиянын Мангалоре шаарында Boeing 737 учагы кыйрап, 158 адам каза болуп, 8 киши аман калышкан. Бирок бирөөсү алган жараатынан улам, ооруканага бараткан жерде жан берген.
  • Француздук Гвианада жайгашкан Куру космодромунда Arianespace аталышындагы европалык концерн өзүнүн Ариан-5 ракетасын учурган.
  • Астроном Николай Коперниктин калдыктарын Фромборктун (Польша) кафедралдык чиркөөсүнө кайра көмүшкөн.
  • Мадридде (Испания) УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы болуп, ал беделдүү турнирди миландык Интер клубу жеңген.
  • 25-май — Британияда биринчи жолу адамдын денесине орнотулган электрондук чипке вирус кирген.
  • 26-май — Apple компаниясы дүйнөдө эң ири IT-компания болуп, жакынкы каршылашы Microsoft компаниясын артта калтырган.
  • 27-май — Латын Америкасында эки ири вулкан атыла баштаган : Гватемаладагы Пакайя жана Эквадордогу Тунгурауа жанар тоолору.
  • 28-май:
  • Индияда поезд кулап кетип, 100 киши каза болгон.
  • Пакистандын Лахоре аймагындагы эки мечитти боевиктер басып алышып, 80ден ашык адам өлтүрүлгөн жана 100дөн ашык киши жаракат алышкан.
  • 29-майОсло шаарында (Норвегия) Еврокөрүнүү 2010 сынагынын финалы болуп, «Satellite» ыры менен Германиянын ырчысы Лена Майер-Ландрут уткан.
  • 30-майКолумбияда президенттикке шайлоолор болуп өткөн. Ат салышкандардын ичинен эң көп добушту Хуан Мануэль Сантос алып, жеңишке жетишкен.

Июнь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1-июньНикарагуа өкмөтү Израиль менен дипломатиялык байланыштарды үзгөн.
  • 2-июнь — Британиянын Камбрия графствосунда 52 жаштагы таксист элдерге ок атып, 12 кишини өлтүргөн жана 25 адамды жарадар кылган.
  • 5-июнь — НАСА адистеринин айтымында, америкалык автоматтык планета аралык Кассини станциясы Сатурн планетасынын спутниги болгон Титанда жашоо белгилерин тапкан.
  • 7-июнь — Apple компаниясын өзүнүн жаңы iPhone 4 продуктусун жарыкка чыгарган.
  • 10-июнь — Кыргызстандын түштүгүндөгү Ош окуялары башталган.
  • 11-июндан11 июлга чейин — 2010-жылкы футбол боюнча Дүйнө Чемпионаты Түштүк Африка Республикасында өткөн.
  • 13-июнь — Хаябуса аталышындагы япон космостук аппарат Итокава астероиддинин топурагынан Жерге алып келген.
  • 1517-июнь күндөрү — эл аралык Electronic Entertainment Expo көргөзмөсү (Лос-Анжелес, АКШ).
  • 19-июньПакистандын Түндүк Вазиристан аймагында америкалык учкучу жок учактын (беспилотник) айынан 13 адам каза тапкан.
  • 2123-июнь күндөрү — робот-андроиддер арасында биринчи Олимпиадалык оюндар 2010 (Харбин, Кытайтай).
  • 23-июнь:
    • Испаниянада ылдам жүрүүчү поезд темир жолдон өтүп бара жаткан адамдарды тебелеп кеткен, натыйжада 12 адам каза болгон.
    • АКШнын Мамлекеттик Департаменти чечен боевиктеринин лидери - Доку Умаровду эл аралык террористтердин тизмесине киргизген.
  • 30-июнь — кезексиз шайлоонун жыйынтыгы менен Германиянын жаңы президенти болуп Кристиан Вульф шайланган.

Июль[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1-июль:
  • Бажы союзунун ичинде атайын иштелип чыккан «Бажы кодекси» ишке киргизилген.
  • Бельгия Евро Биримдигинде төагалык кылган.
  • 2-июль — Кыргызстандын жаңы кабыл алган Конституциясы күчүнө кирген.
  • 3-июль — Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилиндеги президенти Роза Отунбаева Президенттик кызматка официалдуу турдө киришкен. Отунбаева бүтүндөн КМШ өлкөлөрүнүн ичинде биринчи айым президент болуп калды.
  • 4-июль — Польшада болуп өткөн кезексиз президенттик шайлоодо Бронислав Коморовский жеңип чыккан.
  • 8-июль — Швейцарияда күн кубатына иштөөчү батареялардан (күн батареясы) турган Solar Impulse учагы 24-сааттык тесттик режимде учуусун ийгиликтүү жыйынтыктаган.
  • 11-июль:
    • Түштүк Африка Республикасында (ТАР) футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат жыйынтыкталды. Испан курама командасы чемпион болду.
    • Толук күндүн тутулуусу болгон. Бул жаратылыш кубулушун Француздук Полинезияда, Пасха аралында, Тынч Океанынын акваториясында, жана дагы Чили, Аргентинанын түштүгүндө көрүүгө мүмкундүк түзүлгөн.
2010-жылдын 11-июль күнү болгон күндүн тутулушу
  • 14-июль — Кыргызстанда жаңы өкмөт түзүлгөн.
  • 15-июль — Аргентина Түштүк Америкада бир жыныстуу түгөйлөрдү үйлөндүрүүгө макулдугун берген биринчи өлкө болуп калды.
  • 22-июль — Гаагадагы БУУнун эл аралык соту косово Республикасынын Сербиядан эгемендүүлүк алганын мыйзамдуу деп чечкен. М
  • 25-июль — АКШ менен Түштүк Корея Япон деңизинде Түндүк Кореянын жооп кайтаруу коркунучуна карабай ири аскердик машыгууларын башташкан.
  • 26-июльWikileaks Афганистандагы 92.000 жашыруун аскердик операциялар жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарган.
  • 28-июльКаталониянын (Испания) парламенти коррида оюнун 2012-жылдын 1-январынан баштап тыюу салганын билдирген.
  • 29-июльМалави желегинин жаңы версиясы кабыл алынган.
  • 31-июль — Пакистандын тарыхындагы эң ири суу каптоодон каза болгондордун саны 1100 адамга жеткен.

Август[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 2-август — Кытайлык Geely холдинги Volvо швед автоконцернин сатып алуу тууралуу келишимдерди аягына чыгарган.
  • 4-августКарачи шаарында (Пакистан) оппозиция лидери Раза Хайдердин өлтүрүшүнөн кийин чыккан башаламандыктан 62 адам каза болсо, 200дөйу жаракат алган.
  • 6-7-август — планеталар парады.
  • 9-августРуанда мамлекетинде президенттик шайлоолор болуп өткөн. Жеңишке 93 % менен мурдагы президент, Поль Кагаме жеткен.
  • 10-август — Кыргызстандын мурунку премьер-министри Игорь Чудинов камакка алынган.
  • 11-август — Либертадорес кубогунун финалы. Мексикалык «Гвадалахара» өзүнүн талаасында бразилиялык «Интернасьоналга» 1:2 эсебинде жеңилип калган.
  • 14-августСингапурда биринчи Жайкы улан-кыздар арасында Олимпиадалык оюндар ачылган.
  • 15-август — Түштүк Кореянын президенти Ли Мён Бак Түндүк Корея (КЭДР) менен биригүү планын сунуштаган.
  • 19-август — АКШнын Куралдуу күчтөрү Ирактан эң акыркы аскердик бригаданын чыгып кеткендиги тууралуу маалымдаган.
  • 23-августМанила шаарында отставкадагы полиция кызматкери автобусту барымтага алган жана 7 адамды өлтүргөн. Штурм учурунда ал жок кылынган.
  • 24-август — Лас-Вегаста өткөн Дүйнө Сулуусу конкурсунда мексикалык Химена Наваррете уткан.
  • 25-август — Соломонн аралдарынын премьер-министри болуп Дэнни Филип дайындалган.
  • 26-август — АКШнын мурдагы президенти Джимми Картер Түндүк Кореяда соттолгон америкалыкты азаттыкка чыгарган.
  • 28-август — Мадагаскардын мурдагы президенти 2009-жылдын март айында болгон тынчтык митингинин катышуучуларына ок аткандыгы үчүн өмүр бою сүргүндүк жумушка сыртынан кескен.
  • 31-август — АКШнын президенти Барак Обама официалдуу түрдө Иракта көп жылдан бери жүргүзүлгөн аскердик операцияларын токтоткон.

Сентябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1-сентябрьАзербайжандын борбору болгон Баку шаарында рекорддук бийиктик - 162 метрге өлкөнүн туусу көтөрүлгөн. Желектин өлчөмү туурасы 35, узуну 70 метр келген, жалпы аянты 2450 кв.м. жана салмагы 350 кг. түзгөн.
  • 3-сентябрь — Япониянын өкмөтү Иранга каршы санкциялардын топтомун кабыл алышкан.
  • 6-сентябрь — Францияда 2,5 миллион адам катышкан бүткүл улуттук элдик котөрүлүш башталган. Бул көтөрүлүштүн себеби — өкмөтүн пенсиялык уракты узартканы болгон.
  • 9-сентябрь — Орусиянын Владикавказ шаарынын Борбордук базарында бомба жарылган. 18 адам каза болуп, 202 адам жарадар болушкан.
  • 10-сентябрь — Рейноза шаарынын (Мексика) түрмөсүнөн 85 адам качып кеткен.
  • 13-сентябрь — Испандык Рафаэль Надаль сербиялык теннисчи Новак Джоковичти АКШнын Ачык чемпионатынын финалында утуп алып, тарыхта «Чоң шлемдин» бардык төрт турнирин уткан жетинчи теннис оюнчусу болуп калды.
  • 18-сентябрь — Казакстан биринчи жолу Дэвис Кубогунун дүйнөлүк тобуна өттү.
  • 19-сентябрь — Тажикистандын чыгышында болгон өкмөттүк аскерлер колоннасына куралдуу чабуул болуп, 40тай жоокер каза болуп, 10 аскер кызматкери жаракат алышкан.
  • 24-сентябрь — АКШнын федералдык соту пакистандык окумуштуу Аафия Сиддиканы 86 жылга эркинен ажыратты.
  • 27-сентябрьКосовонун президенти Фатмир Сейдиу өз кызматынан кеткен.

Октябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1-октябрь — Украинанын Конституциялык соту 2004-жылы жүргүзүлгөн конституциялык реформаны мыйзамсыз деп таап, Украина кайра президенттик-парламенттик башкаруу формасын тандап алган.
  • 3-октябрь — Себастьян Лёб жетинчи жолу ралли боюнча Дүйнө чемпиону аталды.
  • 4-октябрьСтокгольмдо Нобель сыйлыгын жумалыгы башталган. Мында дүйнөлүк илим-билим, техника, медицина ж.б. тармактар боюнча эң мыкты ойлоп табуулар үчүн берилет.
  • 6-октябрьЭфиопия өкмөтү өлкөнүн эң алдыңкы оппозиция лидерлеринин бири, 2008-жылы өмүр бою эркинен ажыраган Биртукан Мидексуну бошотушкан.
  • 10-октябрь — Кыргызстанда парламенттик шайлоолор болуп өтүп, беш пайыздык барьерден 5 партия өткөн, бирок бирөөсү да көпчүлүктүн добушун алышкан эмес. Эң көп добуш алган — «Ата-Журт» партиясы болгон.

Ноябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Индонезиядагы Мерапи жанар тоосунун атылышы, 6-ноябрь, 2010-жыл

Декабрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Цюрихте өткөн салтанатта Орусиянын өкүлдөрү шайлоодон кийин

Илим[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: 2010-жыл илимде

Спорт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: 2010-жыл спортто

Жыл адамы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Time журналынын версиясы боюнча жыл адамы — Марк Цукерберг, АКШFacebook социалдык желесинин негиздөөчүсү.

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондой эле караңыз: 2010 жылы каза болгондордун тизмеси

Январь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Февраль[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Март[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Апрель[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Май[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июнь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Июль[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Август[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сентябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Октябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ноябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Декабрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нобель сыйлыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика боюнча — Андрей Гейм жана Константин Новосёлов, Манчестер университети, «Эки ченемдүү графен материалы менен жасалган зор эксперименттери үчүн» алышкан.
  • Физиология жана медицина боюнчабритандык физиолог Роберт Эдвардс «Экстракорпоралдык уруктандыруу технологиясын ачкандыгы жана аны өнүктүргөндүгү үчүн» алган.
  • Химия боюнча — Ричард Хек (АКШ), Эйити Нэгиси жана Акире Судзуки (экөө тең Япония) «Биздин жашообузду жеңилдете турган оор молекулаларды кураштыруу максатында көмүртек атомдорунун кошулуунун жаңы ыкмасын ачкандыгы үчүн» алышкан.
  • Адабият боюнча — Марио Варгас Льоса (Перу), «Бийлик структураларын ийне-жибине чейин изилдөө жана көтөрүлүшкө чыккан, күрөшкөн жана женилген адам тууралуу мыкты сүрөттөөсү үчүн» алган.
  • Тынчтык боюнчаКытай укук коргоочусу — Лю Сяобого «Кытайдагы негизги адам укуктары үчүн узакка созулган зордуксуз күрөшү үчүн» берилген.
  • Экономика боюнча — Питер Даймонд жана Дэйл Мортенсен (экөө тең АКШ), жана Кристофер Писсаридес (Кипр) «Издөө моделдери менен базар абалын изилдөөсү үчүн» алышкан.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]