Курманбек Бакиев

Википедия дан
Бакиев, Курманбек Салиевич‎»‎ барагынан багытталды)
Бакиев Курманбек Салиевич
Бакиев Курманбек Салиевич
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын 2-чи президенти
желек
желек
(м.а. 11-апрель 2005)
10-июль 2005 — 21-май 2010
Андан мурунку: Аскар Акаев
Андан кийинки: Роза Отунбаева
 
Дини: Ислам
Туулган жери: Масадан айылы,Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи
Атасы: Салы Бакиев
Жубайы: Татьяна Васильевна Петрова
Балдары: Марат,Максим (расмий никесинен) жана эки баласы (Уул жана Кыз) расмий эмес никесинен
Партиясы: Ак жол
Билими: Куйбышев политехникалык институту
Кесиби: Инженер-электрик

Бакиев Курманбек СалиевичКыргызстандык Саясатчы жана мамлекеттик ишмери, Кыргызстандын 2-чи президенти.

Өмүр баяны

Курманбек Сали уулу БакиевКыргыз Республикасынын экинчи президенти. Ал 2005-2010-жылдары президент болгон.

Бийликке 2005-жылдын 24-мартындагы (Жалган Куран айдын 24) «Элдик ыңкылаптын» («Жоогазын ыңкылабынын») жеңишинин аркасында келген. Революциянын алгачкы сааттарында президентик милдетти Ишенбай Кадырбеков аткарган, андан соң бул кызматты Бакиев аркалап калган. 2005-жылы июлда (Теке айы)президент болуп жалпы тикелей шайлоонун натыйжасында шайланган. 2002-жылы (айтылуу Аксы окуяларынын маалында) өкмөт башчы болгон. 2009-жылы 23-августунда (Баш оона айдын 23) Кыргыз Республикасынын Президент шайлоосунда 6 талапкерлерден (Темир Сариев, Алмазбек Атамбаев, Жеңишбек Назаралиев, Курманбек Бакиев, Уметалиева, Мотуев) арасынан 80 % ашык добуштары менен жеңүүчү Курманбек Бакиев чыккан.

Кыргыз президенти Курманбек Бакиев менен Орусия президенти Дмитрий Медведев. Бишкек, 2008-жыл.

2010-жылкы элдик ыңкылап

2010-жылдын 6-7-апрелиндеги элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп чыгып, натыйжада ал оболу 7-апрелде Бишкектеги Ак Үйдөн Ош шаары аркылуу туулуп-өскөн айылы Тейитке кеткен, андан соң ал 15-апрелде Казакстан аркылуу Беларуска кеткен. Ушул тапта ал Минскинин жанында жашайт. Биринчи аялы Татьяна Орусияда жана Европада байырлап жатат.

Максим Бакиев.

Коррупцияга белчесинен батты деп шектелген уулу Максим Бакиев ушул тапта Улуу Британияда жүрөт.

КРна тийген эмгектери

Президент Бакиевдин мамлекетке көп кырдуу саясатынын башатын түздү. Бир нече түрдөгү программаларга, практикалык иш-чараларга негиз болуп берди. Президент Бакиевдин мамлекеттик ишмердүүлүгүндө, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн соңку тарыхында, мазмуну жана масштабы жагынан эбегейсиз зор тарыхый окуя (ШКУ)Шанхай Кызматташтык уюмунун мүчөлөрүнүн жетинчи саммитинин Кыргызстанда өтүшү, мамлекет башчыларынын бул жыйынына Президент Бакиевдин төрагалык кылышы Кыргызстанга абдан чоң аброй алып келди. «Бишкек саммити», дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болду. Ал эми кабыл алынган эларалык тарыхый документ «Бишкек декларациясы» Кыргызстан үчүн чоң утуш алып келүүгө тийиш. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын жыйынтыктары эларалык дипломатиянын лексиконунда кеңири колдонула баштады.

Интернеттеги шилтемелер